Түштүк Корея президентинин аскердик абал киргизүү аракети оңунан чыкпай калды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Түштүк Корея президенти Юн Сок Ёлдун өлкөсүнө аскердик абал киргизүү аракети алты сааттан кийин оңунан чыкпай калды. Парламент аскердик абалды жокко чыгарууга добуш берип, президент чегинди.
"Улуттук жыйын өзгөчө абалды жокко чыгарууну талап кылды жана биз аскердик абал киргизүү операциясына тартылган аскерлерди кайрадан чакыртып алдык. Биз Улуттук жыйындын талабын кабыл алабыз жана аскердик абалды жокко чыгарып, министрлер кабинетинин жыйынын чакырдык", - деди президент Юн Сок Ёл.
Мындан кийин министрлер кабинети жыйынга чогулуп, аскердик абалды жокко чыгарууга добуш беришти. Бул тууралуу Yonhap билдирди. Аскерлер өз аскер бөлүктөрүнө кайрылып барды.
4-декабрдын таңында президенттин аппараты толугу менен кызматын тапшырып беришти. Жергиликтүү убакыт боюнча 10:00 президент жаңы кайрылуу менен чыга элек.
Парламентте көпчүлүктү түзгөн Демократиялык партиядан чыккан президенттин атаандаштары эгер ал өзү кызматын тапшырбай турган болсо, анда импичмент жарыялоо процедурасын баштай турушканын билдирди.
3-декабрдын кечинде көрсөтүлгөн теле кайрылуусунда президент Түндүк Кореядан чыккан "коммунисттик күчтөрдөн" жана коркунучтардан конституциялык түзүлүштү коргоп калуу үчүн аскердик абал киргизүүнү зарыл чара деп атаган.
Президенттин сөзүнө караганда, коркунуч Түндүк Корея тараптан дагы, ошол эле учурда "мамлекетке каршы жергиликтүү элементтерден" да келип жатат. Президент ал коркунучтарды түп-тамырынан жок кылуу керектигин айтты. Юн Сок Ёл Түндүк Корея тараптан эмне коркунуч келип жатканын так айткан жок, бирок техникалык жактан алып караганда эки мамлекет тең согуш абалында турат.
YTN телеканалынын сайтында президенттин кайрылуусунун тексти жарыяланды. Ал кайрылуусунда өкмөттүн эң маанилүү жетекчилерине импичмент жарыялоо аракети менен мамлекеттин ишин тушап жатышат деп оппозицияны айыптады. Юн Сок Ёлдун сөзүнө караганда, жаңы өкмөт иштей баштагандан тарта (шайлоо ушул жылдын жазында өткөрүлгөн) Улуттук жыйын жыйырма эки мамлекеттик кызматкерди импичмент менен коркуткан. Мындай абалга кабылгандардын арасында прокурорлор, ички иштер министри жана коргоо министри да бар.
"Бул ачыктан ачык эле Корея эркин республикасындагы конституциялык түзүлүштү солкулдата турган мамлекетке каршы акт жана конституция менен түзүлгөн легитимдүү мамлекеттик институттарды бузуп, жарандык согушту тутандыра турган иш",- деп билдирди Юн Сок Ёл. Анын айткандарына караганда, мындай окуя дүйнөнүн кайсы гана мамлекетинде болбосун, анын ичинде Түштүк Кореяда дагы болуп көрбөгөндөй иш.

Сүрөттүн булагы, Reuters
"Биздин Улуттук жыйын кылмыштуу топтордун чээни болуп калды жана алар мамлекеттин соттук-административдик тутумун тушап салууга аракет кылып жатат, демократиянын либералдуу системасын мыйзам чыгаруучу диктатура аркылуу оодарып салгылары келип жатат",- деди ал улутка карата кайрылуусунда.
Башкаруучу партия дагы, оппозиция дагы аскердик абал киргизүүгө макул болушкан жок. Парламентте көпчүлүктү түзгөн демократиялык партиянын лидери Ли Же Мён бул конституцияга каршы келе турганын айтты. Президенттин "Элдин күчү" деп аталган партиясынын төрагасы Хан Дон Хун аны мыйзамсыз деп атап, аны бөгөттөөгө убада берди.

Сүрөттүн булагы, EPA
Аскердик абалды сактоого жооптуу генерал Пак Ан Сундун жарлыгында парламенттин, жергиликтүү кеңештердин, саясий партиялардын жана ассоциациялардын иши токтотулуп, митингдерге, демонстрацияларга жана көтөрүлүштөргө тыюу салуу каралган.
Жарлыкка ылайык, маалымат каражаттары аскердик командачылыктын көзөмөлүнө өтүп, андан улам "фейк маалыматтарды таратууга, коомдук пикирди манипуляциялоого жана пропагандага" тыюу салынмак. Жарлыкты бузгандар кармалып, ордери жок эле тинтүүгө алынып жана жазалоого тартылмак. Мунун баары жарлыкта белгиленген.
Түштүк Кореяда соңку ирет аскердик абал 1979-жылы ошол кездеги диктатор Пак Чон Хи өлтүрүлгөндөн кийин киргизилген.
Парламенттин жанында эмне болуп жатат?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Түштүк Кореянын президенти аскердик абал киргизүүнү жарыялагандан кийин Улуттук жыйындын имаратына эл чогула баштады. Имараттын кире беришине полиция тизилип калды. Анын үстүндө болсо аскердик учактар пайда болду.
Демократиялык партиянын лидери бардык мүчөлөрүн парламентке чогулууга чакырды. Бул тууралуу партиянын депутаты Хон Ки Вон дагы Би-Би-Сиге билдирди.
Хон билдиргендей, парламент төрагасы Вон Сик Улуттук жыйындын имаратына келгенден кийин ал аскердик абалды жокко чыгаруу боюнча маселени добушка коёт.
Ошол эле учурда түштүккореялык Yonhap агенттиги парламент имаратынын жанына чогулгандар көбөйүп жатканын, бирок имараттын ичине Улуттук жыйындын мүчөлөрүн, башка кызматкерлерди жана журналисттерди гана киргизишкенин түз эфирде көрсөттү.
Жыйынтыгында 300 депутаттын (жыйындар залына кире алгандар) ичинен 190 депутат аскердик абалды жокко чыгарууга добуш беришти.
Улуттук жыйындын имаратына кирүүгө умтулган аскер адамдары (маалымат каражаттары алардын айрымдары кирип кеткени тууралуу жазышты) добуш берүүнүн жыйынтыгынан кийин ал жактан чыгып кете башташканы маалым болду.
Би-Би-Синин Сеулдагы кабарчысы Жейк Квон кабарлагандай, парламент имаратынын жанында нааразылык акциясына чогулгандар "Аскердик абал кигизилбесин!", "Диктаторду кетиребиз!" жана "Каалганы ачкыла!" деп кыйкырып турушту.
Саясий кризистин себеби
Түштүк Кореяда быйылкы жазда өткөн парламенттик шайлоодо Улуттук жыйындагы 300 орундун 192син "Демократиялык партия" жеңип алган. Президенттин "Элдин күчү" партиясынын чоң жеңилүүсүнөн кийин аталган партиянын лидери Хан Дон Хун жана премьер-министр Хан Док Су кызматтан кетишкен.
Маалымат каражаттары жазында өткөн шайлоодогу добуш берүүнү дагы үч жыл бийликте кала турган президент Юн Сок Ёлго ишеним көрсөтүү жөнүндө орто жолдогу референдум катары кароого болорун жазышкан.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында "Демократиялык партия" Юндун администрациясын татыксыз деп айыптап, "Кореянын инновациялык партиясынын" башчысы жана мурунку Коргоо министри Чо Гук президентти адегенде "аксак өрдөккө айлантып, андан кийин мындан да жаман кыла турганын" убада кылган. Президент өз кезегинде демилгелерин ишке ашырууга мүмкүндүк бербей жатат деп парламентти айыптап келет.
Би-Би-Синин Сеулдагы кабарчысы Жейк Квон президент өзүнө керектүү мыйзамдарды кабыл ала албаганын, анын ордуна оппозиция тарабынан кабыл алынган кандай гана мыйзам болбосун вето коюп келгенин эске салды.
Мисалы ушул аптада "Демократиялык партия" өкмөт жана президенттин партиясы тарабынан сунуш кылынган бюджетти кыскартты. Бирок Юн Сок Ёл ага вето коё албайт.
Президенттин жубайы Ким Гон Хи 2023-жылы Dior брендинин кымбат сумкасы менен эл алдына чыккандан кийин талаш-тартыштын чордонунда калган. Ал сумка белекке берилген болушу мүмкүн. Кореянын мыйзамдары боюнча саясатчылардын жана алардын жубайларынын кымбат белек алуусуна тыюу салынат. Юн жубайы үчүн кечирим суроого аргасыз болгон.












