Корей мектептерин азапка чырмаган фейк порно жаңжалы
Джин Маккензи, Би-Би-Си кабарчысы, Сеул
Лихён Чой, Би-Би-Си продюсери, Сеул

Өткөн ишембиде Хиджиндин телефонуна Телеграмдан бир кат келди. «Сиздин сүрөттөр жана жеке маалыматтар көчүрүп алынды. Келиңиз талкуулайлы».
Студент кыз чатка кирип кабарды окуйун дегенде ал бир нече жыл мурда мектепте окуп жүргөндө түшкөн сүрөтүн көрдү. Анын артынан ошол эле сүрөтү кайра келди, бирок бурмаланып, денесин жылаңачтап коюптур.
Хиджин анын чыныгы аты эмес, биз ошентип атап койдук. Ал күтүүсүз катка жооп берген жок, бирок сүрөттөр келе берди. Бирөөндө анын жүзү жыныстык акт жасап аткан адамга чапташып калган. Бул deepfake технологиясы менен жасалганы көрүнүп турат.
Адамдын реалдуу жүзүн башка жылаңач денеге чаптап койгон дипфейктер барган сайын жасалма интеллектинин жардамы менен көп жасалууда.
«Мен аябай кыйналдым, мынчалык өзүмдү жалгыз сезген эмесмин», — деди Хиджин Би-Би-Сиге.
Бирок ал жалгыз эмес эле. Андан эки күн мурда түштүк кореялык журналист Ко Нарин өзүнүн карьерасындагы эң чоң сенсацияны жарыялады. Жакында эле полиция эки университетте дипфейк порно учурларын изилдеп жатканы кабарланган. Ко мындай учурлар көп экенине көзү жетти.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал социалдык медиадан маалымат казып изилдеп, Телеграмдан алеки заматта жасалма интеллектинин жардамы менен жасалма порно сүрөттөрдү жасап таратып жаткан ондогон чат-топторду тапты.
«Ар бир мүнөттө адамдар тааныш кыздарынын сүрөттөрүн жүктөп, аларды дипфейкке айландырып жатышат»,-деди бизге Ко.
Анын айтымында, бул топтордун көздөгөнү жалаң эле университеттердин студенттери эмес. Керек болсо жогорку жана орто мектептин окуучуларына чейин аңчылык кылгандар бар.
Ко айымдын Hankyoreh гезитине чыккан макаласы бүт Түштүк Кореяны түп көтөрдү. Дүйшөмбүдө полиция Франциянын бийлигин туурап, Телеграмга каршы иликтөө иштерин баштай турганын жарыялады.
Франция Телеграммдын орусиялык кожоюнун кармап, аны тиркеме менен байланышкан бир катар кылмыштарга айыптаган эле. Өкмөт бул ишке катышы барларга жазаны күчөтүүнү убада кылды, ал эми президент жаштарды жакшы билим алууга үндөдү.
Би-Би-Си Телеграмга комментарий сурап кайрылды, бирок жооп ала элек. Популярдуу тиркеме мурда Би-Би-Сиге өзүнүн сайтында мыйзамсыз иштерди, анын ичинде балдарга карата жыныстык зомбулук учурларын да иликтеп жатканын кабарлаган болчу.
Расмий маалымат боюнча бүт дүйнө боюнча август айында эле 45 000 топко чара көрүлдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
«Системдүү жана уюшкан процесс»
Би-Би-Си ушундай порно сүрөттөрдү тараткан чаттардын бирин карап көрдү. Алардын биринде катышуучуларга адамдын аты, жаш курагы жана жашаган жерин көрсөтүп төрттөн көп сүрөт киргизүү керектиги айтылат.
«Мен бул процесстин канчалык системдүү жана уюшкандыкта жүрүп жатканын көрүп таң калдым», — деди Ко. «Эң кейиштүүсү, бул жашы жете мектеп окуучуларынын тобу, анын 2000 ашык катышуучусу бар».
Ко айымдын макаласы жарыялангандан кийин аял укуктары үчүн күрөшкөн активисттер дагы Телеграмды изилдеп, жаңылыктарга кулак сала башташты.
Ошол аптанын аягында 500 мектеп менен университет бутада турганы аныкталды. Канча адам жабыр тартканын факт жүзүндө аныктоо иши алдыда турат, бирок порно сайттардын торуна чалынган кыздардын көбүнүн жашы 16га толо элек. Бул Түштүк Кореяда макулдук жашы деп аталат. Бул кылмышты жасап жаткандардын басымдуу бөлүгү дагы өспүрүмдөрдүн өздөрү.
Хиджин кризистин масштабын билгенден кийин ого бетер тынчы кетти. Ал өзүнүн бурмаланган жылаңач сүрөттөрүн дипфейкте канча адам көрдү деп кабатыр болду. Адегенде ал өзүн күнөөлөдү. «Мен социалдык тармакка сүрөттөрдүмдү жүктөп койгондон ушундай болду, Мен эми сак болушу керек».
Бул кабар тарагандан бери бүт өлкөдө ондогон кыз-келиндер менен өспүрүмдөр социалдык сайттардагы сүрөттөрүн алып салышты же өздөрүнүн аккаунттарын таптакыр өчүрүп коюшту.
«Биз жүрүш-турушубузду жана социалдык тармакты колдонууну тыюулар менен чектөөгө аргасыз болуп жатканыбызга ачуубуз келип жатат”,-деди студент А Ын. Анын курбуларынын арасында дагы социалдык тармактагы кылмыштуу торго түшүп, жабыркап жаткандар бар.
Анын айтымында, ошондой кыйынчылыкка кептелген студенттердин бирине полиция кабатыр болбой эле кой деп айткан экен. Анткени биринчиден кылмышкерди кармоо оңой болбойт, экинчиден аны таза эле «кылмыш» деп айтууга болбойт, анткени болгону сүрөттөр гана бузулуп бурмаланган деген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул жаңжалдын чордонунда – Telegram тиркемеси турат. Башка веб сайттарга бийликтер оңой эле кирип, андагы зыяндуу контентти алып салууну талап кыла алат. Telegram болсо шифр менен бекем катылган кат алышчу жеке менчиктеги тиркеме.
Колдонуучулар көбүнчө анонимдүү, андагы бөлмөлөр “жашыруун” режимине которулуп кетиши мүмкүн, ал эми андагы контентти из калтырбай ыкчам алып салса болот. Ошон үчүн уюшкан кылмышкерлер бул платформада каалагандай чардап атышат.
Акыры өткөн аптада полиция чечкиндүү киришип, кылмыштардын баарын иликтеп, күнөөлүүлөр жоопко тартылат деп билдирди.
Дүйшөмбүдө Сеулдун полиция башкармалыгы балдардын порно сүрөттөрүнүн таркап жайылышында Telegram тиркемесинин ролун иликтей турганын жарыя кылды.
Францияда өткөн аптада кармалган тиркеменин негиздөөчүсү Павел Дуровго тиркеменин ишине байланыштуу бир катар айыптар коюлганы белгилүү, анын бири балдар порнографиясын таратуу жөнүндө болду.
Түштүк Кореянын аялдардын укуктары үчүн күрөшкөн активисттери Telegram тиркемесиндеги жыныстык зомбулук аябай күчөп кеткени жана көзөмөлсүз иштеп жатканы үчүн бийликти айыпташууда. Анын үстүнө Корея мындай кризисти башынан өткөргөн.
2019-жылы порно хакерлер Telegram тиркемесин пайдаланып, аялдар менен балдарды өздөрүнүн жылаңач түшкөн сүрөттөрүн бөлүшүүгө мажбурлаган болчу.
Анда полиция Telegramга кайрылып иликтөөгө жардам сураган, бирок бардык жети өтүнүч тең каралбай калды.
Кылмыштуу хакерлердин ана башын кармап, 40 жыл түрмөгө камашты, бирок тиркемеге каршы эч кандай чара көрүлгөн эмес, цензура болбосун деп чочулашты.
«Алар негизги адамдарга өкүм чыгарышты, бирок кризис кырдаалдын түпкү себептерин түк коюшкандыктан, баштагыдан да күчөп кетти”, - дейт Ко.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Өзгөчө кырдаал"
Пак Джихён жаш студент-журналист болуп туруп, 2019-жылы секс-браконьерлердин Nth тармагын ашкере кылган. Ошондон бери ал санарип жыныстык кылмыштардын курмандыктарынын саясий коргоочусуна айланды. Ал дипфейк жаңжалы чыккандан бери, окуучулар менен ата-энелер ага ыйлап тынбай чалып жатышканын айтты.
«Алар социалдык тармактагы жарыяланган тизмеден өздөрүнүн мектебин көрүп алып, абдан жаман болуп жатышат”.
Пак айым өкмөткө карата айтылган чакырыктарды баштап чыгып, тиркемени көзөмөлгө алуу же ага таптакыр тыюу салуу керек деп жатат.
«Эгер бул технологиялык компаниялар укук коргоо органдары менен кызматташпаса, анда мамлекет өзүнүн жарандарын коргош үчүн буларды тизгиндеши керек”,-деди ал.
Бул жаңжал чыга электе эле, жыныстык зомбулуктан жабыр тарткандарды коргоо боюнча түштүк кореялык борбор өспүрүм кыздардын фейк порнографиясы кескин түрдө өсүп кеткенин билдирген болчу.
2023-жылы алар 86 адамга укуктук жардам беришкен. Ушул жылдын сегиз айында эле бул сан 238ге өсүп жетти.
Борбордун жетекчилеринин бири Пак Сон Хе соңку аптада чалып жардам сураган адамдар көп болуп жаткандыктан, анын кызматкерлери күн-түн дебей иштеп жатышканын айттыю
«Биз үчүн бул толук масштабдагы өзгөчө кырдаал, согуштагыдай учур»,-дейт ал.
«Дипфейктин эң жаңы технологиялардын жардамы менен азыр бурмаланып жасалган материалдары аябай көп, бул барган сайын көбөйө берет деп кооптонуудабыз».
Аталган борбор укуктук жардам көрсөткөндөн сырткары, зыяндуу контентти иликтеп, онлайн-платформалар менен иштеп, аны тазалоону талап кылып турат. Пак айым алардын талабы боюнча Telegram туура эмес контентти алган учурлар болгонун айтууда.
«Демек, бул мүмкүн болбой турган иш эмес».
Аялдар укуктарын коргогон уюмдар жасалма интеллектинин жаңы технологиялары ээнбаштыкты күчөтүп жатканын түшүнүп турат, бирок Түштүк Кореяда муну Интернеттеги аялдарга жек көрүүчүлүктүн соңку формасы деп аташууда.
Башында аялдар тармакта тилдеп кордогондордун заар толкунуна кабылды. Андан кийин кыз-келиндерди коомдук туалеттерден жана кийинип чечинген жайлардан аңдып тыңчылык камерага тартуунун эпидемиясы каптаган.
«Мунун негизги себеби — структуралык сексизм, ал эми аны чечүүнүн жолу— гендердик теңчилик», — деп айтылат 84 аялдар тобу кол койгон билдирүүдө.
Бул структуралык сексизмди моюнга албай, гендердик теңчилик боюнча министрликти жоюп жаткан өлкөнүн президенти Юе Сок Ёлге тикелей айтылган сын. (КС)











