Түндүк Корея Түштүк Кореянын аралын көздөй артиллерия менен аткылады
Иветт Тан, Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, SOUTH KOREA MINISTRY OF DEFENCE
Түндүк Корея өзүнүн батыш жээгинен түштүктөгү Йонпхёнг аралын көздөй 200дөн ашык артиллериялык снаряд атты, деп билдирди Сеулдун армиясы.
Түштүк Корея өз алдынча аткылоо машыгууларын өткөрүүдөн мурда арал тургундарына баш калкалоочу жайларга барууну буйруду.
Сеул бул аткылоолорду айыптап, "чагымчыл аракет" деп атады.
2010-жылы Түндүк Кореянын артиллериясы Йонпхёнг аралын бир нече жолу аткылап, төрт киши каза болгон.
Жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 11:00гө чейин атылган артиллериялык дүрмөттөр Түштүк Кореянын аймагына жеткен эмес, алардын баары эки өлкөнүн ортосундагы буфердик зонага түшкөн.
Түштүк Кореянын биргелешкен штаб башчылары окуянын “элге жана аскерлерге эч кандай зыян келтирбегенин” айтты, бирок бул аракет “Корея жарым аралындагы тынчтыкка коркунуч келтирип, чыңалууну күчөтөт” деп кошумчалады.
Бул аткылоо Пхеньян жарым аралда “кайсыл убакта болбосун тутанып кетиши” мүмкүн болгон согушка даярдануу үчүн өзүнүн аскердик арсеналын куруп жатканы тууралуу эскерткенден кийин болду.
Жакын жердеги эки аралдын, Баенньеонг жана Дэчонгдун бийликтери дагы карапайым калкка баш калкалоочу жай издөөгө чакырышты.
Түштүк Кореянын Коргоо министри Шин Вон-сик жума күнкү билдирүүсүндө: “Түндүк Корея бүгүн эртең менен ок атышпоо аймагында артиллериялык аткылоо машыгууларын кайра баштаганы Корей жарым аралындагы тынчтыкка коркунуч келтирген жана чыңалууну күчөткөн провокация болуп саналат.”
“Биздин аскерлер душман дагы бир провокацияга барбашы үчун аны толук жок кылууга даяр болушу керек жана ал аракетти күч менен колдоп туруу керек”, - деди ал.

Сүрөттүн булагы, SOUTH KOREA MINISTRY OF DEFENCE
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Коргоо министрлиги Түштүк Кореянын машыгуулары учурунда Түндүк тараптан эч кандай кыймыл байкалбаганын билдирди.
Соңку окуя Түндүк Кореянын Түштүк Корея менен чыңалууну басаңдатууга багытталып түзүлгөн аскердик келишимин толугу менен токтоткон учурга туш келди
Коргоо министрлиги Түштүк Кореянын машыгуулары учурунда Түндүк тараптан эч кандай кыймыл байкалбаганын билдирди.
Соңку окуя Түндүк Корея Түштүк Корея менен мамилени жакшыртууга багытталган аскердик келишимди толук токтоткондон бир нече ай өткөндөн кийин болду.
Пхеньян ноябрда космоско чалгын спутнигин ийгиликтүү учурганын ырастагандан кийин келишим бузула баштаган. Бул Түштүк Кореянын келишимди жарым-жартылай токтотуусуна алып келген. Сеул чек араны бойлой байкоо салуучу учууларды кайра жандантарын билдирген.
Андан соң Пхеньян “бардык багытта, анын ичинде кургактыкта, деңизде жана абада аскердик кагылыштарды болтурбоо үчүн көрүлгөн чараларды жокко чыгарарын” жана чек ара аймагында “оор куралдуу күчтөрдү жана жаңы үлгүдөгү аскердик техникаларды” жайгаштырарын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бирок Түндүк Корея эки жыл мурун келишимди бир нече жолу бузуп, Түштүк тарапты көздөй деңизге ракета жана артиллериялык ок аткан. Түндүк Корея акыркы жолу 2022-жылдын декабрында деңизди карай артиллериялык снаряддарды атып, ошол жылы бул сыяктуу тогуз окуя катталган.
Андыктан, айрым аналитиктер Пхеньяндын келишимден расмий түрдө чыгуусунан көп деле өзгөрүү болбошу мүмкүн деп эсептешет.
"Түндүк Корея биринчи кезекте келишимдин шарттарын сактабагандыктан, чакан кагылышуулардын ыктымалдуулугу ар дайым болгон", - деди Кореянын коргонууну анализдөө институтунун кызматкери Жо Би Юн.
Аскердик база жана 2000дей кишиден турган кичинекей калктуу конуш жайгашкан Йонпхёнг аралы Сары деңиздеги талаштуу чек арадан 3 км жана Түндүк Кореянын жээгинен 12 км алыстыкта жайгашкан.
Бул аймак көп жылдар бою эки Кореянын ортосундагы деңиз күчтөрүнүн кагылышууларынын очогу болуп келди.
2010-жылы - Түндүк Корея аралды көздөй ондогон артиллериялык снаряддарды аткандан кийин эки аскер кызматкери жана эки жай тургун набыт болгон. (DO)












