Молдовадагы парламенттик шайлоодо Майя Сандунун партиясы жеңип чыкты

Молдовада жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо Европага ыктаган "Аракет жана тилектештик" партиясы жеңип чыкты. Добуштардын 99% эсептелип, анын жыйынтыгында Сандунун партиясын 50,5% шайлоочу колдогону анык болду.

Жеңүүчү "Аракет жана тилектештик" партиясы эми парламенттеги 101 мандаттын 54 мандатына ээ болушу мүмкүн. Бийликтин партиясы мурдагы чакырылышта 61 мандатка ээ болгон.

Орусиячыл "Патриоттук блок" оппозициялык партиясы шайлоодо экинчи келип, 24,25% добушту топтоду. Молдованын Боршайкому бул партияга парламенттен 27 мандат бериле турганын тактады. Бул блокко экс-президенттер Игорь Додон жана Владимир Воронин баштаган коммунисттер партиясы кошулган. Блокто экс-премьер министр Василий Тарлевдин "Молдованын келечеги" партиясы дагы бар.

Дагы бир батышчыл деп эсептелген "Альтернатива" партиясы сегиз мандатка ээ болду.

Бул үчилтик жеңүүчү партиядан тышкары шайлоонун жыйынтыгы боюнча, жаңы парламентке дагы эки партия кошулду. Алар Молдова менен Румынияны бириктирем деген урааны менен таанымал улутчул-консерватор Василий Костюктун "Үйдөгү демократия" жана популист Ренат Усатыйдын "Жаңы партиясы".

"Биз орустар менен дагы, "Аракет жана тилектештик" партиясы менен дагы баш кошпойбуз", - деди Усатый добуш берүүдөн кийин өткөн басма сөз жыйынында.

Шайлоолор партиялык тизме менен өтүп, партиялар үчүн босого чек 5%, блоктор үчүн 7% болду. Шайлоо өнөктүгү ызы-чуу менен коштолуп, бийлик менен оппозиция шайлоонун бурмаланышы тууралуу бирин-бири айыптады. Шайлоого бир нече күн калганда массалык баш аламандыкка шектелип ондогон адам кармалды.

Былтыртан башталган шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Орусияда качып жүргөн бизнесмен Илан Шордун дарегине айыптоолор айтылып, ишкер шайлоочулардын добушун сатып алуу менен он миңдеген адамды көзөмөлдөгөнү айтылды.

Илон Шордун ысымы Кыргызстан үчүн да маалым. 16-апрелде Молдованын IPN маалымат агенттиги кыргызстандык "Капитал банк" жана молдован тектүү ишкер Илан Шордун байланышы тууралуу маалымат жарыялаган. Аталган банк быйыл Британиянын санкциясына кабылган.

Президент Садыр Жапаров Молдовада 15 жылга соттолгон, коррупциялык иштерде аты аталган Илан Шорго байланыштуу маалыматтарга быйыл августта комментарий берген.

Жапаров Батыш Орусияга салган санкциялык товарлар Кыргызстан аркылуу өтүп жатканы тууралуу бир да факты жок экенин, тескерисинче Орусияга санкция киргизген мамлекеттер өздөрү бул өлкө менен миллиарддаган долларларга кызматташып жатканын айткан:

"Экинчиден, биздин өлкөгө Илан Шорбу, Илон Маскпы же башкасыбы келип бизнес кылабыз десе келе беришсин. Мындан трагедия кылыштын кереги жок. Биз көп тармактуу саясат жүргүзүп келебиз, баары менен кызматташууга даярбыз. Мындан ары да бул саясатыбыз өзгөрбөйт. Ким болбосун биздин өлкөгө келип, экономикалык салым кошобуз десе келе беришсин. Биздин эшигибиз баары үчүн ачык. Баары менен экономикалык жактан кызматташууга даярбыз. Саясий жагын болсо жети өлчөп бир кесебиз".