Карабакта ок атышуу токтоду. Таанылбаган республика эми эмне болот?

Ольга Просвирова жана Магеррам Зейналов

Би-Би-Си

Россиянын бейпилдик күчтөрү Карабактын тургундарын чек арадагы айылдардан эвакуациялап жатат

Сүрөттүн булагы, Россия Коргоо министрлиги

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Россиянын бейпилдик күчтөрү Карабактын тургундарын чек арадагы айылдардан эвакуациялап жатат

Жаңы Карабак согушу бир суткадан көбүрөөк созулду. Таанылбаган республика куралын таштоого жана куралдуу бөлүктөрүн таркатууга макул болду.

Бул окуялар эртели-кеч болмок

Азербайжан бул күндү көптөн бери күтүп, аны ар тараптан жакындатып келди.

2020-жылдагы Экинчи Карабак согушу Азербайжандын жеңиши менен аяктады – өлкө Тоолуу Карабактын өзүндөгү жана ага чектеш аймактардагы тилкелердин бир бөлүгүн кайтарып алды.

Ошол кезде согушту токтотуу үчүн Орусиянын ортомчулугу менен Армения менен Азербайжандын башчылары биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Ок атышпоо режими кандай сакталып жатканын көзөмөлдөп туруу үчүн орус бейпилдик күчтөрү Карабакка кирди.

Ал режим начар сакталып жатты. Жериндеги атышуулар жана инциденттер тууралуу маалыматтар улам көбөйүп, өзгөчө акыркы айларда такай кайталанып жатты.

Азербайжан ал кезде согушта жеңишке жеткени менен, ал жеңиш толук болбой калган болчу. Армения менен тынчтык келишимине эч качан кол коюлган эмес, анткени эки өлкө Карабактын этникалык армяндардан турган жүз миңден ашуун тургундарынын тагдыры боюнча такыр бир пикирге келе албай жатышкан.

Азербайжанды мындай кечиктирүүлөр канааттандырган жок. Дээрлик бир жыл мурун ал активдүү аракеттерге өткөн. Баку үчүн кырдаал ыңгайлуу көрүндү. Орусия Украинага каршы согуш менен алек, ошондуктан анын армян-азербайжан чатагына кийлигишүүгө күчү да, убактысы да жок.

Өткөн жылдын декабрынан бери азербайжандар таанылбаган республиканын борбору Степанакертти (Ханкенди) Армения менен байланыштырган жалгыз жолду жаап салышкан.

Карабактын армяндары аны “өмүр жолу” деп аташкан: Ал жол аркылуу тамак-аш, дары-дармек жеткирилип, адамдар дарыланууга барып келип турушкан. Каттамдын үзүлүшү менен Армениядан келген бардык жүктөр токтоп, Карабак гуманитардык кризиске кептелди.

Азербайжан транспорттук көзөмөлдү толугу менен ага берүүнү талап кылып, башка каттамдарды сунуштаган, бирок армяндар принципиалдуу түрдө баш тартып келишти.

Акыркы жумаларда көптөгөн үй-бүлөлөр чала тамактанып жатышкан.

Аткылоодон кийинки Ханкендидеги турак үйдүн короосу

Сүрөттүн булагы, SARGSYAN/EPA-EFE/REX/SHUTTERSTOC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аткылоодон кийинки Ханкендидеги турак үйдүн короосу

Азербайжан мыйзамсыз куралдуу топтор деп атаган, ал эми армяндар коргонуу армиясы деп эсептеген Карабактын бир нече миң аскери эски советтик техниканын калдыктары жана жеңил аткыч куралдар менен куралданып, ок-дарысы аз болгон.

Операциянын алгачкы сааттарында Азербайжан армиясы Армениянын абадан коргонуу системаларын жок кылып, аба мейкиндигин көзөмөлгө алды.

Иш жүзүндө Азербайжан ачык ультиматум койду. Ага ылайык мамлекеттик органдар таркатылып, Карабак армиясы куралын таштап, армян аскерлери Карабактан чыгып кетиши керек болчу. Армения Карабакта аскери жок экенин билдирди.

Карабак жетекчилигинин Бакунун шарттарына тез эле макул болгондугу капитуляцияны гана билдирет жана жергиликтүү армян күчтөрүнүн каршылык көрсөтө албастыгын айгинелеп турат.

Карабактын армяндарына эмне болот?

Степанакерттин аэропортундагы Аскерандан эвакуция болгон адамдар

Сүрөттүн булагы, T.ME/REARTSAKH

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Степанакерттин аэропортундагы Аскерандан эвакуция болгон адамдар
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

21-сентябрда Азербайжандын Евлах шаарында Карабак менен Азербайжандын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү баштады. Бирок муну сүйлөшүүлөр деп атоого болбойт: бир тарапта күч жана аракеттердин толук эркиндиги бар, экинчисинде эч кандай артыкчылык жок.

Мындай шартта Баку жөн гана өз шарттарын айтып, ультиматумдарды коё алат.

Андан тышкары Тоолуу Карабактын тургундарында массалык куугунтук жана камакка алуулар башталат деген кооптонуулар бар.

Баку Карабактын армяндары Азербайжандын жарандары менен бирдей укуктарга ээ болот деп такай убада берип келет. Бул билдирүүлөр армяндарды ынандыра алган жок. Айрыкча Карабактагы аскердик операциялар тууралуу терс билдирүүлөрдү жазган азербайжандар Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен “маектешүүгө чакырылган” деген маалыматтар чыккандан кийин андай убадалар шылдыңдоо сыяктуу угулат.

Бул окуяларга бир мүнөткө көзүбүздү жумуп койгон күндө деле, Азербайжанда адам укуктарынын абалы чындыгында эле начар. Буга мектептерде да армяндарга каршы жек көрүүчүлүктү үгүттөө кошулат.

"Азербайжанда расмий түрдө армянофобиялык маанай сакталып турат. Азырынча ал маанайды өзгөртүү үчүн эч кандай механизмдер жок. Бул багытта эч нерсе жасалган эмес жана учурда чыр-чатактын алдын алуу мүмкүн эмес деп ойлойм. Бардык жумушчулар бир тууган деген расмий миф болгонуна карабастан, Советтер Союзу да учурунда бул маселени жөнгө сала алган эмес. Бирок тарых көрсөткөндөй, мындай расмий маалымат да элдин эс тутумуна таасир этпейт. Балким, эми кандайдыр бир (мамлекеттик) программалар пайда болор, бирок мен чыныгы элдешүүнүн келечегин көрбөй турам” – дейт социолог Бахруз Самедов.

Дагы бир көйгөй - тизмелер.

Азербайжан кылмыш жасады деп шектенген карабактык армяндардын аты-жөнү жазылган тизмелер тууралуу Карабакта көптөн бери талкуулап келишет.

Кызыл Крест уюму Арменияга дарыланууга алып бараткан Карабактын 68 жаштагы тургуну Вагиф Хачатрянды июль айында азербайжандык чек арачылар кармаганда ошол тизмелер тууралуу кептер тастыкталган .

Хачатрян Азербайжан ага 1991-жылы Азербайжан кыштагына кол салуу деген кылмыш менен издөө салганын билген эмес.

Хачатряндын кармалганын уккан азербайжандык бир нече укук коргоочулар Бакуда “согуш кылмышкерлери” деген жабык тизмелер бар экенин билдиришкен. Андан кийин азербайжандык укук коргоочу Ахмед Аббасбейли “Кавказский узел” (Орусияда чет элдик агент катары таанылган) сайтына андай тизмелердин бар экенине ишенээрин айтты - ал өзү кызыккан ысымдар ушундай тизмелерде барбы же жокпу деген суроосуна жоопторду ала алган.

Орусиянын бейпилдик күчтөрү Карабактагы жолду көзөмөлдөп турушат

Сүрөттүн булагы, Россия Коргоо министрлиги

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын бейпилдик күчтөрү Карабактагы жолду көзөмөлдөп турушат

“Мындай шарттарда армяндардын коргоонууга мүмкүнчүлүгү жок”, - дейт Армениянын мурдагы акыйкатчысы Арман Татоян, ал азыр өзүнүн Татоян атындагы Мыйзам жана адилеттүүлүк фондун жетектейт. “Азербайжан системасы бул адамдар үчүн таптакыр натыйжасыз. Мен (Азербайжан Карабак армяндарын) электен өткөрөт деп ишенем. Азербайжан антпей туруп элди Тоолуу Карабактан кантип чыгарып жибермек эле”.

Татоян эгерде ыктымалдуу саясий компонентти (“Армяндарсыз Тоолуу Карабак”) эске албасак, карапайым тургундар Арменияга эвакуацияланып, ал жактан коргоо жана колдоо тапкысы келет деп эсептейт.

“Менин оюмча, кээ бир адамдар - жалпы сандын болжол менен он пайызы - ошол жерде жашап кала берүүгө дароо макул болушат. Мисалы, улгайган адамдар бар да, алар: “Бул жер менин үйүм, мен баарына кайыл болуп мында калам” деп ойлошот. Ал эми калгандары Арменияга кетсе жакшыраак болот. Бирок Азербайжан андай коридор ачып берүүгө макул болбойт деп ойлойм”.

“Евлах принциптерине ылайык” эмнелер аткарылат?

Азербайжан карабактык армяндардарды интеграция кылуу боюнча планы бар экенин билдирген, бирок ал пландын эч бир пункту ачык айтылган эмес.

“Баары баштапкы позициялардан көз каранды. Ал позициялар бүгүн өзгөрүп кетти, демек планга дагы түзөтүүлөр киргизилет. Эртең (тараптардын) биринчи жолугушуусу өтөт. Кандайдыр бир “Евлах принциптери” иштелип чыгат (Карабак боюнча сүйлөшүүлөрдүн бир бөлүгү болгон “Мадриддик принциптерге” окшош - Би-Би-Си). Биз ошол жерден билебиз,” - дейт саясий серепчи Шахин Рзаев.

Эксперт дал ошол үйлөрүн таштап кетүүдөн баш тарткан кары-картаңдарды Азербайжан “интеграциянын жемиши” катары көрсөтөт деп эсептейт. Калгандарына азербайжан губернаторунун жетекчилиги астында жашоо ыңгайсыз болот.

“Менин оюмча, ал жер Сербиянын Кражинасы сыяктуу болот: борбордон дайындалган губернатор. (Азербайжанда) Конституциялык реформа өтөт, муниципалитеттерге көбүрөөк укуктар берилет деген кептер жүрүүдө. Мүмкүн Карабак экономикалык аймагы жаңжалдан кийинки аймак катары каралып, мисалы, салыктан бошотуу же маданий, ал тургай административдик жактан автономия алуу сыяктуу кандайдыр бир жеңилдиктерге ээ болушу мүмкүн. Ошентсе жакшы болмок. Бирок азырынча баары бүдөмүк жана түшүнүксүз. Ал эми жергиликтүү көпчүлүк өз тагдырын тобокелге салбай, жөн эле кетип калышат деп ойлойм”, - дейт Шахин Рзаев.

Бул аралыкта Азербайжандын бардык ведомстволоруна армяндарды реинтеграциялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылды.

Бул сунуштардын биринчи деталдары эртең пайда болушу керек. Саясат таануучу Зардушт Ализаденин белгилешинче, Карабак жолугушууда Степанакертте эл аралык укук коргоо уюмдарынын – Human Rights Watch жана Amnesty International уюмунун кеңселерин ачууну талап кылышы мүмкүн.

Талдоочу Арман Татоян маселени кененирээк көрөт: “Эл аралык оюнчулардын жоопкерчилиги болушу керек, эл аралык ортомчулук болушу керек. Армения азыр бул жаатта эч нерсе кылбай жатат, ошондуктан эл аралык коомчулуксуз Карабак Азербайжан жана Түркия менен жалгыз калат".

Баку каалаганынын баарына жеттиби?

Азербайжан Тоолуу Карабак маселеси боюнча өз максатына жакындап калганы менен, анын дагы бир максаты бар, ага азырынча жете албай турат.

Ал — Зангезур коридору. Бул коридор президент Ильхам Алиевдин ою боюнча Азербайжанды Армениянын Сюник аймагы аркылуу өзүнүн эксклавы – Нахичеван Автономдук Республикасы менен байланыштырууга тийиш.

Алиев Зангезур коридору “чындап эле ишке кирет” деп айтканды жакшы көрчү. Бирок Ереван Азербайжандын батыш аймактарынан Нахичеванга Армения аркылуу транспорт коридорун салуу идеясына дайыма каршы болуп келген.

Экинчи Карабах согушун токтоткон ошол эле биргелешкен билдирүүдө транспорттук маршрутту түзүү жөнүндө да сөз айтылган. Бирок документте эч кандай маалымат көрсөтүлгөн эмес.

Би-Би-Си

Илхам Алиевдин коридор куруу ниетин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да колдоп келет. Ушундай коридор ачууну түрк лидери Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушуунун шарты катары койгон. Шейшемби күнү эле Түркия “Армениядан Зангезур коридорун ачып берүүсүн күтүп жатканын” эскертти.

Армениянын расмий өкүлдөрү үч тараптуу келишимде эч кандай коридор каралбаганын ачык айтышты.

Еревандын позициясынан алганда, “коридор” деген сөз Армениянын бул “коридор” өтүшү керек болгон аймагынын бир бөлүгүнө болгон Азербайжандын дооматын мыйзамдаштырат.

“Зангезур коридору ачылбайт. Бажы, чек ара посттору болот. Армениянын аймагында да посттор болот – бири кирерде, экинчиси чыгууда. Башкысы, бул Нахичеванга эң кыска жол,” – дейт саясий серепчи Шахин Рзаев.

Келишимдерге ылайык, чек аранын бул бөлүгүндөгү кырдаалды Орусия жөнгө салышы керек – бул нерсе бардык эксперттерди тынчсыздандырууда. (ДО)