Газа: ооруканалар туруштук бере албай калды, жарадарлар жана каза болгондор өтө көп

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
Эскертүү: макалада кишинин зээнин кейиткен маалыматтар камтылган!
Газадагы Аль-Акса шейиттери ооруканасында каза болгондордун сөөгүн орогонго баштыктар жетишпей жатат. Набыт болгондордун сөөгү оорукананын короосунда үйүлүп, алардын жанында дубалар окулуп, кайгыга баткан туугандары ыйлап отурушат.
Оорукананын өзүндө дарыгерлер баса алган бейтаптарды таңууга шашып, анан дароо оор жарадарларды сактап калууга бүт күчүн жумшашууда. Бирок дары-дармектер жана башка медициналык каражаттар тездик менен түгөнүп баратат.
Адам жык толгон ооруканага барган Би-Би-Синин Араб кызматынын кабарчысы дарыгерлер бир жарадар адамдан экинчисине чуркап, жардам берүүгө шашылганына күбө болгон.
“Биз бул жерде таң эртеден бери иштеп жатабыз, оорукананын короосу маркумдардын сөөктөрүнө толуп калды, муздаткычтар дагы, өлүккана дагы толгон, сөөк орогон баштыктар да жетишпей жатат, каза болгондор абдан көп. Сөөктөр колу-буту жулунган, таанылгыс абалда келип жатат”, - деди оорукананын кызматкерлеринин бири, анын айтымында, алар киши чыдагыс абалда калышты.
"Биз буга чейин деле көптү көргөнбүз, бирок эч качан мындайды көрө элек болчубуз" деди ал.

Газадагы бардык башка ооруканаларда ушундай эле көрүнүш.
Газа шаарындагы Аль-Кудс ооруканасынын дарыгеринин Би-Би-Сиге жиберген билдирүүсүнө караганда, дарыгерлер менен медайымдар 500дөн ашуун бейтапты карап жаткан оорукананын жанындагы имараттарга бомбалар тийген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Коопсуздук максатында атын атагысы келбеген дарыгер бейтаптар жана ооруканада баш калкалаган жарандар "үрөйү учкан абалда" экенин айтты.
Ал, көптөгөн жарадарлар операция үчүн бир нече күн күтүүгө аргасыз болуп, дарыгерлер биринчи кезекте кимге жардам көрсөтүүнү тандоого туура келип жатат деп, мындай кырдаалды "катастрофалык" деди.
Ошондой эле медициналык кызматкерлер жетишсиз. Кээ бирлери каза болду, айрымдары ооруканага жете албай жатышат. Калган дарыгерлер жана медайымдар Газанын тургундары менен баш калкалоочу жайларда кошо жашап жатышат: 1200гө жакын адам аба соккуларынан ооруканада баш калкалоодо.
“Биздин ооруканада абалы ар кандай оордукта болгон 120га жакын адам бар, жасалма дем алдыруучу апаратта он бейтап жана дагы кыркка жакын өнөкөт оорулуулар жатат. Мындан тышкары, бул жерде 1200гө жакын убактылуу жер которгондор бар, мынчалык көп адамды башка жерге жеткирүү кыйын, ошондуктан биз эвакуация кылбайбыз деп чечтик”- деди ошол эле дарыгер.
Израиль армиясы Газанын түндүгүндө жашагандар коопсуздук үчүн тилкенин түштүгүнө көчүшү керектигин бир нече жолу билдирген.
Жүз миңдеген тургундар бул билдирүүгө баш ийишти, бирок дагы миңдеген адамдар түндүктө, үйлөрүндө калууну чечишкен.
ХАМАС тобу көзөмөлдөгөн Газадагы саламаттыкты сактоо бийликтери жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү аба соккуларынан ондогон жайкын тургун набыт болгонун билдирди.
Израиль армиясы (ЦАХАЛ) акыркы жыйырма төрт сааттын ичинде 320 бутага, анын ичинде ХАМАС жана анын өнөктөшү “Палестинанын Ислам Жихады” тобунун туннелдери менен постторуна сокку урганын билдирди.
Маалымат үчүн: ("Ислам жихады" Кыргыз Республикасынын аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний бирикмелердин тизмесине кирет.)
Андан Газадагы ооруканалардын абалы жеңилдеп калган жок: азырынча Газага үч гана чакан гуманитардык жардам кербени кире алды, ал эми согушка чейин Газага күн сайын 500дөй жүк ташуучу унаа жүгү менен кирип турган.
Автоколонналар тамак-аш менен дары-дармектерди жеткире алганы менен, кагылышуу башталгандан бери Газага күйүүчү май келе элек, ал оорукананын генераторлорун иштетүү үчүн абдан маанилүү.

БУУнун Балдар фонду ЮНИСЕФ жекшемби күнү инкубаторлордогу 120 наристенин, анын ичинде ара төрөлгөн жетимиш ымыркайдын өмүрү дизель генераторлоруна туташтырылган вентиляторлорго көз каранды экенин эскертти. Израиль Газага электр энергиясын берүүнү токтоткон.
Өз кезегинде Израиль армиясынын жетекчилиги ХАМАС күйүүчү майды өзү үчүн үнөмдөп, аны карапайым калк менен бөлүшпөй жатат деп ырастоодо.
Ошол эле учурда көптөгөн ооруканаларда күйүүчү май түгөнүп баратат жана “Палестиндерге медициналык жардам” кайрымдуулук уюмунун директору Фик Шалтуттун айтымында, эгер генераторлор токтоп калса вентилятор менен дем алып жаткан балдар каза болуп калышат.












