Жереми Боуэн: ХАМАС эң олуттуу чабуул менен Израилдин айласын кетирди

Сүрөттүн булагы, REUTERS
Автор Жереми Боуен, Би-Би-Синин эл аралык редактору
Ишемби күнү эртең менен башталган Хамас согушкерлеринин масштабдуу координацияланган чабуулунан кийин Израил менен Газада миңдей адам өлгөнү ырасталды.
Израильдин Газадагы аба соккулары 123 миң палестиналыкты жер которууга мажбур кылды. 74 миңге жакын адам мектептерде баш калкалап жатканын Бириккен Улуттар Уюму билдирди.
ХАМАСтын Газадан баштаган эң дымактуу операциясы Израилдин шаштысын алды.
Окуялар болуп көрбөгөндөй масштабда өнүгүп жатат. Хамас Газа менен Израилди бөлүп турган зым кашааны бир нече жерден бузуп кирди. Бул акыркы элүү жылдагы Израил кабылган эң ири трансчекаралык чабуул болду.
Чабуул 1973-жылы Жакынкы Чыгышта ири согушту баштаган Египет менен Сириянын күтүүсүз кол салуусунун 50 жылдыгынан бир күн өткөндө башталды. Хамастын жетекчилиги үчүн бул дата өтө маанилүү.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху анын өлкөсү согуш абалында экенин жана душмандары оор кун төлөөрүн билдирди.
Каза болгон израилдиктердин, жайкын тургундардын жана аскерлердин видеолору жана сүрөттөрү бардык социалдык тармактарга тарап кетти.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Хамастын куралчан адамдары Газадагы аскерлерди жана жайкын тургундарды туткунга алып бараткан видеолор израилдиктердин кыжырын келтирди.
Бир нече сааттын ичинде Израил Газага аба соккулары менен жооп берип, көптөгөн палестиналыктарды өлтүрдү. Израил генералдары кургактагы операцияны улантууда.
Израилдиктердин барымтада калышы бул чабуул мурдагы чабуулдардан да татаал болорун билдирет.
Бир нече айдан бери палестиналык куралдуу топтор менен Израилдин ортосунда чоң өрт тутануу коркунучу күчөп жатканы айкын болуп турду. Ал оттун кантип жана кайдан чыгышы Хамастын куралдуу канатынан башкалар үчүн белгисиз болду.
Израилдиктер менен палестиндер Израил 1967-жылдан бери басып турган Иерусалим менен Иордания чек арасынын ортосундагы Батыш жээкке басым жасашты, ал жерде жыл бою дээрлик тынымсыз кагылышуулар жана зордук-зомбулуктар болуп келди.
Айрыкча Батыш жээктеги Женин жана Наблус шаарларынан тышкары аракет жургузгөн куралдуу палестиндер израилдик аскерлерге жана көчүп келген жөөттөргө кол салышты.
Израилдин армиясы ондогон рейддерди өткөрдү. Көчүп келип отурукташкан куралдуу жөөттөр палестин кыштактарына катуу кысым кылып, мыйзамды өз колдоруна алышты.
Израилдин оңчул өкмөтүнүн ичиндеги ашынган диний улутчулдар оккупацияланган аймактар толугу менен жөөттөрдүн жери деп кайталап жатышты.
ХАМАС Газадан башталган мындай татаал жана координацияланган операцияны ойлонуштуруп, кылдат пландаштырат деп эч ким күткөн эмес.

Сүрөттүн булагы, REUTERS
Израилде анын чалгындоо кызматтары эмне болуп жатканын аңдабай калганы үчүн айыптоолор башталды. Израилдиктер тыңчылардын, агенттердин жана жогорку технологиялык көзөмөлдүн кеңири тармагы өз ишин аткарат деп күтүшөт.
Акыр-аягы, диний майрам менен коштолгон дем алыш күндөрүндө израилдиктер эс алып же сыйынып жаткан маалда башталган Хамастын операциясы Израилдин чалгындоо кызматынын шаштысын кетирди.
Хамас бул аракетин Иерусалимдеги мечиттерге карата коркутуулардан улам жасаганын билдирди. Акыркы жумада Сауд Аравиядагы Мекке жана Мединадан кийинки мусулмандар үчүн үчүнчү ыйык жер болгон Аль-Акса мечитинин ичинде кээ бир жөөттөр сыйынышкан.
Ал жер жөөттөр үчун да кадырлуу, анткени анда Библиядагы жөөттөрдүн ибадатканасы болгон. Жөөттөр Ибадаткана тоосу деп атаган жерде динчил жөөттөрдүн сыйынуусу анчалык деле көп угулбашы мүмкүн, бирок палестиналыктар аны чагымчылдык деп эсептегендиктен Израил тарабынан ал жерде сыйынууга тыюу салынган.
Ошентсе да, Иерусалимдин стандарттары боюнча, ар дайым улуттук жана диний кагылышуулардын чордону болгон ал жерде өзгөчө чыңалуу болгон эмес.
Хамастын операциясынын татаалдыгы анын бир нече ай бою пландалганын көрсөтүп турат. Андыктан муну Иерусалимдеги акыркы жумадагы окуяларга шашылыш жооп болду деп айтууга болбойт.
Хамас менен Израилдин кайрадан согушуп жатышынын себептери бир топ тереңде. Эл аралык маалымат каражаттарынын баш макалаларына чыкпай калган күндө да Израилдиктер менен палестиналыктардын ортосундагы кагылышуу кызуу уланып келген.
Ошого карабастан, ушуга чейин аларды расмий түрдө эки өлкө кылып, Израил менен катар көз карандысыз Палестинаны түптөө аркылуу тынчтыкка жетсе болот деген өлкөлөр ошол кагылышууларга көнүл бурбай коюшту. 1990-жылдардагы Ослодогу тынчтык сүйлөшүүлөрүндө бир аз убакытка булар эки бөлөк мамлекет болот деген чыныгы үмүт болгон. Азыр ал куру ураанга айланды.
Палестина-Израиль чатагы президент Жо Байдендин Вашингтондогу администрациясынын приоритети болгон эмес. АКШ Сауд Арабиясы Израил менен жакындашса Эр-Риядка коопсуздук кепилдигин сунуш кылууга аракет кылып жатат.
Американын тынчтык жараянын кайра баштоо аракети он жыл мурда, президент Барак Обаманын администрациясынын тушунда ишке ашпай калган.
Бул оорчулуктун өзөгүндө Жер Ортолук деңизи менен Иордан дарыясынын ортосундагы жерди көзөмөлдөө үчүн арабдар менен еврейлердин ортосундагы кылымга созулган, бүтпөс жана чечилбеген кагылышуу жатат. Бул тездик менен курчуп бараткан окуялар чыр-чатакты жөн эле жөнгө салуу мүмкүн эместигин дагы бир жолу далилдейт. Анын түтөгөн бойдон кала бериши зордук-зомбулуктун жана кан төгүүнүн уланышына шарт түзөт.










