Роза революциясы: 20 жылдан кийин Грузияда ага кандай баа беришет

Нина Ахметели, Би-Си-Си, Тбилиси

– Кайда баратасыз, президент мырза? – деп, журналисттер бийликтен кетүү чечимин жарыялаган Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзеден сурап жатышты. "Үйгө!" - деп, сөздү муундарга бөлүп, жылмайып жооп берди ал. Тбилисидеги миңдеген адамдардын дээрлик үч жума бою күнү-түнү нааразылык акциялары өтүп, Шеварднадзе оппозиция лидерлери менен болгон жолугушуудан чыккан эле.

Шеварднадзенин 2003-жылдын 23-ноябрындагы билдирүүсү постсоветтик мейкиндиктеги биринчи “түстүү революция” деп аталган “Роза ыңкылабынын” жеңишин билдирген.

Мындан 20 жыл мурда демонстранттар Тбилисинин борборунда шаттуу маанайда, бири-бирин кучактап, бийлеп жатышты.

Алар Эдуард Шеварднадзенин он бир жылдык бийлигинин аякташын жана ошол мезгилде коррупция, кылмыштуулук жана энергетикалык кризиске баткан Грузиянын тарыхында жаңы этаптын башталышын майрамдашкан.

Постсоветтик мейкиндиктеги биринчи тынчтык революция Грузияны рекорддук мөөнөттө өзгөрттү. Ыңкылаптан кийинки реформалар “грузин керемети” деп аталса, Грузия өлкөсү постсоветтик мейкиндикте ийгиликтин үлгүсү деп аталды.

Роза ыңкылабы Грузиядагы көптөгөн адамдар үчүн эгемен өлкөнүн тарыхындагы эң маанилүү окуялардын бири бойдон калууда.

Бирок бийлик алмашкандан кийинки өзгөрүүлөр жеңил өткөн жок. Убакыттын өтүшү менен 2003-жылдын ноябрындагы митингдерге чыккандардын көбү адам укуктарынын бузулушуна жана башкаруунун авторитардык стилине нааразы болушуп, ыңкылаптан кийинки бийликти сындагандардын катарына кошулган.

2012-жылы ыңкылаптан кийинки бийликтин ордун баскан азыркы бийлик үчүн – ал революция Грузиянын тарыхындагы оор тажрыйба. Учурдагы бийлик ал кайталынышы мүмкүн деген коркунучун бүгүнкү күнгө чейин айтып келет.

Куралдын ордуна розалар

“Советтер Союзу эбак куласа дагы, биз үчүн ал толугу менен кулаган жок эле. Биз анын кандайдыр бир түшүнүксүз калдыктарында жашап жаттык. Грузия эгемендүүлүккө ээ болуп, өзүнүн мамлекеттик желеги пайда болуп, милициянын ордуна полиция түзүлгөнү менен, иш жүзүндө мамлекеттик институттар абдан алсыз болуп, баары кыйрап калгандай сезилди. Грузияны ийгиликсиз мамлекет деп атап коюшкан эле – электр жарыгы жок, бюджет толбойт, полиция, комиссариат пара алат, ушул сыяктуу башка күнүмдүк көйгөйлөр көп болчу. Кандайдыр бир үмүтсүздүк, жашоо токтоп калгандай сезим пайда болду”, - деп, 2003 жылы Мамлекеттик театр жана кино университетинин студенти болгон, “Кмара” (“Жетишет!”) жаштар кыймылынын мурдагы активисти Лука Цуладзе Шеварднадзенин бийлигин эскерет.

Аталган кыймылдын активисттери Грузиянын ар кайсы аймактарында өкмөткө каршы өнөктүктөрдү жана акцияларды жүргүзүп, 2003-жылы ноябрда Шеварднадзенин кызматтан кетиши менен аяктаган митингдерге активдүү катышкан.

Грузия ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин мурдагы биринчи катчысы жана Советтер Союзунун акыркы тышкы иштер министри Эдуард Шеварднадзе 1992-жылы Грузияга кайтып келгенден кийин эки жолу Грузиянын президенти болуп шайланган. Экономикалык көйгөйлөрдүн жана кеңири жайылган коррупциянын фонунда Шеварднадзенин популярдуулугу төмөндөп бараткан. Ал негиздеген “Жарандар биримдиги” партиясы 2002-жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жеңилип, 2-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого бир нече саясий партиялар менен блокко кирген.

Шеварднадзеге каршы оппозицияга кошулган саясатчылардын үчилтиги - Михаил Саакашвили, Зураб Жвания жана Нино Буржанадзе баштаган массалык нааразылык акциялары добуш берүүнүн биринчи жыйынтыгы жарыялангандан көп өтпөй башталды.

Оппозиция бийликти шайлоону өкмөтчүл блоктун пайдасына бурмалады деп айыптаган.

Расмий маалыматтар добуштарды параллелдүү эсептөөлөрдөн жана экзит-поллдон айырмаланып турган. Ал эми КМШ миссиясынын байкоочуларын кошпогондо, эл аралык байкоочулар да одоно мыйзам бузууларды айтып чыгышты.

Бирок Шеварднадзе менен оппозициянын сүйлөшүүсү жыйынтык берген жок. Митингдерде президент кызматтан кетсин деген талаптар айтыла баштаган. Күнү-түнү өткөн көптөгөн нааразылык акцияларына карабастан, жаңы шайланган парламенттин биринчи жыйыны 22-ноябрга белгиленген эле. Эдуард Шеварднадзе үчүн ошол жыйын акыркы болуп калды.

Ал сөз сүйлөп жаткан учурда демонстранттар колдорунда роза гүлдөр менен жыйындар залына кирип келишти, алардын башында Михаил Саакашвили турган.

Шеварднадзе сөзүн бүтүрүүгө аракет кылды, бирок коопсуздук кызматкерлери аны шашылыш түрдө жыйындар залынан алып чыгып кетишти.

“Мен ошондо Шеварднадзе өз сөзүн бүтүрсө, бардык тийиштүү кагаздарга кол коюлуп, Роза революциясы токтойт деп ишенгем”, - деп эскерет Цуладзе.

“Мен парламентке бир аз кечирек киргем, анткени мен кеңсеге камеранын батарейкасын алганы кеткен элем. Дал ошол маалда мен Саакашвили отурумдар залында Шеварднадзенин кызматтан кетишин талап кылып жатканын телевизордон көрдүм. Парламентке чуркап барсам, адамдар дале залга агылып кирип жаткан экен. Ал жерде атышуулар болгону эсимде, бирок чоң кагылышуулар болгон эмес”, - дейт ал.

Шеварднадзе ошол эле күнү кечинде өзгөчө кырдаал киргизет, бирок эртеси күнү кечинде ал кызматтан кетүү чечимин жарыялап, аны кан төгүлүп кетүүсүн каалабаганы менен түшүндүрөт.

Парламент спикери жана Роза ыңкылабынын лидерлеринин бири Нино Буржанадзе президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалат. 2004-жылдын январында Михаил Саакашвили 96 пайыздан ашуун добушка ээ болуу менен өлкө президенти болуп шайланат.

Грузияда 2004-жылдын мартында кайра парламенттик шайлоо өткөрүлөт.

Экинчи аракет

Роза ыңкылабынын жыйырма жылдыгын анын лидери Михаил Саакашвили темир тор артында болбосо да, былтыр май айында соттолгон адам катары которулган клиникада белгилейт.

Алты жылга эркинен ажыратылган жана Грузияда бир нече кылмыш иши козголгон Саакашвили "Роза ыңкылабын" Грузиянын 1990-жылдардан берки постсоветтик саздан жана үмүтсүздүктөн чыгаруунун экинчи аракети деп айтып келет.

“Роза ыңкылабы мүмкүн болбогон нерселерди жасай алды. Ал Украинада эбегейсиз зор күчтөрдү ойготту, андан кийин Украинада эки жолу “Майдан” болду. Роза ыңкылабынан кийин Кыргызстанда революция болуп, ыңкылап араб жазына олуттуу таасирин тийгизди”, - деп Саакашвили клиникада жаткан жеринен анын кылмыш иштеринин бири каралып жаткан соттук видеобайланыш учурунда сүйлөдү.

Саакашвили ыңкылаптан кийинки башкаруусун Грузиянын тарыхындагы эң ийгиликтүү тогуз жыл катары баалайт, бирок, айтымында, анын өкмөтү башынан эле өлкөнүн ичиндеги эбегейсиз каршылыкка жана Орусиянын чагымчылдыгына туш болгон.

“Мындай экономикалык өсүшкө жетүү жана коррупцияга, кылмыштуулукка каршы өлкөнүн ичинде жана сыртында күрөш жургүзүү сөзсүз тирешүүлөр менен коштолмок. Биз коррупцияга жана криминалга каршы күрөшкөнбүз – коррупционерлер менен криминал бизге каршы күрөшкөн. Биз Орусиянын бейрасмий таасири менен күрөштүк – Орусия дагы күчүнүн болушунча бизге каршы күрөштү,” – деди ал.

Сурамжылоолор көрсөткөндөй, мурунку бийликтин башкаруусу карама-каршылыктуу баага татыганы менен, көпчүлүк Роза ыңкылабын дагы эле оң өзгөрүүлөр менен байланыштырууда.

Мисалы, 2019-жылдын июль айында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, 68% Роза ыңкылабын оң жылыштар менен байланыштырган, ал эми жооп бергендердин 21% башкача ойдо болгон.

“Роза ыңкылабына терс баа берип, ал тургай, ал оң жана терс натыйжаларды бирдей алып келди деп өтө бейкалыс гана адам айтат деп ойлойм, анткени революциянын бизге калтырган натыйжалары өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн курууда көзгө көрүнөрлүк иштерди калтырды” – дейт, Грузиянын коомдук иштер институтунун укук жана саясат мектебинин деканы Бакур Квашилава.

Буга ачык мисал катары ал коррупциянын деңгээли боюнча да, мыйзамдын үстөмдүгү же мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу сыяктуу башка параметрлер боюнча да эл аралык уюмдардын рейтингин келтирет.

“2003-жылы Грузия тизменин аягындагы мамлекеттердин катарында турган. Жада калса Орусия сыяктуу өлкө дагы демократиялуу, аз коррупциялашкан жана алда канча эффективдүү деп бааланган. 2007-жылга карата абал кескин өзгөрдү. Эң негизгиси, ал бүгүнкү күнгө чейин уланып жатат, бул көрсөткүчтөрдү олуттуу түрдө өзгөртө турган эч кандай артка кетүү болгон жок”, - дейт Квашилава.

Роза революциясынан кийинки либералдык реформалардын аркасында Грузия бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги боюнча рейтингде жогорку орунду ээлей баштады жана Дүйнөлүк банк менен Эл аралык каржы корпорациясынын рейтингдеринде алдыңкы реформаторлордун катарына кирди.

Коррупцияга каршы күрөш укук коргоо органдарынан тарта билим берүү системасына чейин ар кандай тармактарды камтыды. Жол инспекция кызматы толугу менен жоюлду. Анын ордуна жаңы кайгуул кызматы түзүлдү.

Жаңы бийлик кылмыштуулукка каршы чечкиндүү жана катаал түрдө күрөшө баштады, кылмыштуулукка аёсуз күрөш жарыялашты. Кылмыштуулук кескин кыскарды. Мурда Грузияда артыкчылыктарга жана бийликке ээ болгон кримавторитеттер же түрмөгө камалды же өлкөдөн качып кетишти.

Бирок, бийликтин ийгилигинин терс жагы да болгон. 2006-жылдын май айында эле укук коргоочулар Грузиянын “полиция мамлекетине” айланып баратканынын белгилери бар экенин айтып, өтө мыкаачылык менен жүргүзүлүп жаткан “атайын операциялар” жана маалымат эркиндигинин начарлашы тууралуу коңгуроо кагышкан.

Хьюман Райтс Уотч адам укуктарына ыраатсыз мамиле жасалып, айрым учурда Саакашвилинин өкмөтү реформаларды абдан шашып жасап жатат деп белгиледи.

Бийлик демократиялык жол-жоболорду киргизүү жана сактоо менен эмес, эл арасындагы ишенимдин жогорку деңгээлин пайдаланып, ийгиликке жетип, коррупция менен бюрократиялык схемаларды жок кылды, дейт Квашилева.

“Балким, мындай схемаларды демократиялык жол-жоболор менен жок кылуу өтө татаал жана көп убакытты талап кылган процесс болмок. Мисал катары, (карьерасын) демократиялык лидер катары аяктаган, демократ экенинен эч ким күмөн санабаган, бирок биринчи шайлоолордо эле утулуп, шайлоо жарышында негизги атаандаштардын катарына да кирбей калган Виктор Ющенкону алсак болот. Ал мындай оор реформаларды жасай алган жок”, - дейт ал.

Саакашвилинин командасы тандап алган жолдун жакшы жактары бар болчу, бирок чындыгында Грузияда өкмөт түзүлүп, ал өзүн эл алдында жоопкер деп эсептебей, улам каталарды кетирип жаткан, дейт эксперт.

“Акыр аягында сынды кабыл албай четке кагуу бул өкмөттүн жеңилишине жана азыркы бийликтин келишине себеп болду. Учурдагы бийлик дагы бүгүнкү күндө ошондай эле саясаттын айынан ушундай кесепеттерге дуушар болууда. Мен реформаларды эмес, бир партиялык башкаруу жана иш жүзүндө эч кандай жоопкерчилик механизми жок абалды айтып жатам. Бийликтин бардык бутактары бир борбордон башкарылса, өзүн жаңылоо, өзүн-өзү сындоо өтө кыйын, топтолуп калган каталарды оңдоо мүмкүн эмес”, - дейт ал.

2012-жылдын күзүндө, бийликте тогуз жыл тургандан кийин Саакашвилинин “Бириккен улуттук кыймыл” партиясы парламенттик шайлоодо утулуп калган.

Анын алдында түрмөлөрдө камактагыларды кыйноого алып, кордогон тасмалар массалык маалымат каражаттары аркылуу таратылып, анын артынан миңдеген адамдар көчөгө митингдерге чыгышкан.

Шайлоодо миллиардер Бидзина Иванишвили түзгөн “Грузин кыялы” коалициясы жеңип чыкты. Бул эгемен Грузиянын тарыхында шайлоонун натыйжасында бийлик алмашкан биринчи окуя болду. (DO)