Бишкектеги мушташтын чоо-жайы, хронологиясы жана пикирлер

Ички иштер министрлиги 18-майга караган түнү Бишкекте болгон толкундоолор эмнеден улам келип чыкканы боюнча маалымат таратты. Дал ушул маалыматтан кийин чуунун тамыры кайда деген бүдөмүк соболдун бир топ жообу айкын боло түшкөнсүдү.

Бул маалымат чыкканга чейин окуянын чоо-жайы толугу менен түшүнүктүү болбой турган эле. Муну "эмне болуп жатат", "тагыраак маалымат бергилечи" деп байма-бай жазылган комментарийлерден да даана байкоого болот.

Болуп өткөн окуя боюнча Пакистандын премьер-министри Шебаз Шариф, Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар тынчсыздануусун билдирип Х (мурдагы Twitter) баракчаларына атайын пост жазды. Бир катар элчиликтер өз жарандарын сак болууга чакырган соң, маселе эл аралык алака, Кыргызстандын имиджи деген өңүттөн дагы карала турган болуп калды.

Курманжан Датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогулган жоон топтун жыйынынан үзүл-кесил, ар тарабынан тартылган видеолор, социалдык медиадагы түз эфирлер тарап жатты. Ал ортодо "бир киши каза болуптур деген маалымат бар" деген имиш желдей тарап, окуяга ого бетер боёк сүрткөндөй болду. Расмийлер муну четке какты.

Чогулгандар бирде тынчып, бирде кыйкырып, президент өзү келсин, атайын кызматтын башчысы келсин деген талаптарды да айтып турушту. Капыстан эле болуп кетти деген бул көрүнүш бир топ талылуу маселелерди козгоп, түркүн пикирлерди жаратты.

Жыйынтыктап келгенде, бир заматта дүрт эткен бул окуя расмий мекемелерге көп маселе боюнча коңгуроо каккандай болду. Миграция мыйзамы, ачык-айкындуулуук, келе тургандарга дагы, жергиликтүүлөргө дагы кенен түшүндүрмө берүү иши жана башка.

Интернет айдыңында болсо кызуу кандуулукка алдырбоого үндөп, керек болсо сөз болуп жаткан өлкөлөрдөн келген студенттерден Кыргызстан пайда гана таба турганын айтып, шашылыш бүтүм чыгарганга ашыкпайлы деген чакырыктар жарыяланды.

Негизи эле соңку мезгилде "кайда барба көбөйүп кетти, тоо-таштан бери аралап жүрүшөт, агын сууга тиш жууп, көлгө самынданып жуунуп жатышат" деген сыяктуу нааразы пикирлер айтылып келе жаткан.

Күч түзүмдөрү дагы жакында эле мыйзамсыз иштеп жүргөндөрдү аныктап, ишин токтотуп жатканын жарыялаган эле.

Бул окуя бери эле жагы жүз миңдеген кыргызстандык иш издеп ар кайсы өлкөдө баш калкалап, мигрант болуп жүргөн мезгилге туш келди. Ушундан улам дагы өзүбүздүн эле мекендештер бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөнүн унутпайлы деп жатышат.

Экинчи жагынан, мына-мына туристтик сезон кызыйт деп турган маалдагы чуу туристтердин тандоосуна кандай таасир берет болду экен деген беймаза суроону кабыргасынан койду.

Ошол эле учурда жергиликтүүлөр макул болбогон ишке, айлыкка чет өлкөлүктөр иштеп жатат, алардын күчүнө суроо талап пайда болду дегендин өзү экономиканын мыйзамы боюнча өнүгүүнүн бир белгиси дегендер бар.

ИИМ эмне дейт?

Чуулуу иштин күңгөй-тескейи талкуудан түшпөй жактан чакта Ички иштер министрлиги маалымат таратты. Анын мазмуну боюнча окуялардын хронологиясы төмөнкүдөй:

▪️ 13-майда түнкү саат экилер чамасында белгисиз адамдар Чыгыш-5 кичи районундагы кафенин жанынан чет элдик студенттерди тосуп алып, тамеки сурап, кол көтөрүшкөн;

▪️ Чет элдик студенттер Атай Огонбаев көчөсүндө жашаган жатаканага качып барышкан. Артынан кубалап баргандар жатаканагы кирип, чет элдик жарандарды уруп, буюм жана акчаларын тартып алышканы айтылат;

▪️ Алар эшиктерди тээп, кыздар жашаган бөлмөлөргө киргенде чет элдик жарандар келгендерди кетирүүгө аракет кылып, ортодо мушташ чыккан;

▪️ Мушташ жатакананын короосунда болгон, жатаканага бастырып баргандар бир шеригин таштап качып кетишкен;

▪️ Чет элдик студенттер тез жардам чакырып, таяк жеген жаран ооруканага жеткирилген. Ооруканага келгенде ал аты жөнүн башкача атап, окуянын жагдайлары боюнча маалымат бербей, арыз да жазган эмес. Ал медициналык жардам алгандан кийин ооруканадан кетип калган;

▪️ Жатакананын короосунда болгон мушташ видеокамерага жазылып калган;

▪️ Факты боюнча кылмыш иши козголуп, чет элдиктерге кол салган төрт адамдын экөө аныкталган. Алар менен мушташкан төрт чет өлкөлүк жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген;

▪️ Жатакананын короосунда болгон мушташтын видеосу 17-май күнү интернетке жүктөлүп, окуянын себептери айтылган эмес;

▪️ Бул көрүнүш нааразычылыктарды жаратып, жаштардын көчөгө чыгышына себеп болгон;

▪️ 18-майга караган түнү көчөгө чыккан 700гө жакын адам укук коргоо органдарынан 13-майдагы окуянын күнөөкөрлөрүнө чара көрүүнү талап кылышкан;

▪️ Түнкүсүн кызыктар болгон тараптар кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылып, жалган маалыматтарды таратышканы айтылат. ИИМ “каза болгондор бар” деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди;

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 18-майга караган түнү окуяларда 29 адам жаракат алган.

Жогорудагы маалыматтар Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы экендигин дагы бир жолу эске салабыз. Чет элдиктер менен мушташкан жарандар жаңжал эмнеден келип чыкканы боюнча өз версияларын айтып чыгышса Би-Би-Си алардын пикирине сөзсүз түрдө орун берет.

Атайын кызмат чагымдан алыс болууга чакырды

Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуяга байланыштуу маалымат берди.

Атайын кызматтын башчысынын кайрылуусундагы негизги учурлар:

▪️ Чет элдиктердин көбөйүп кетишине нааразы болуп 18 жаштан 25 жашка чейинки 700дөй бала топтолгон;

▪️ Ташиев чогулгандардын талаптары кайсы бир деңгээлде туура деп эсептейт. Мигранттардын көбөйүп кеткенине байланыштуу бийлик да апрель айынан бери тиешелүү чараларды көрүп, күнүнө 50гө чейин мыйзамсыз жүргөн мигрант аныкталып жаткан;

▪️ Кыргызстанда мыйзам бузгандардын көбү Пакистандын жана Бангладештин жарандары экени айтылат. Пакистандан келген 1,5 миңдей, Бангладештен келген миңдей адам өлкөсүнө кайтарылган. Өлкө аймагында дагы беш миңдей мыйзамсыз жүргөн мигрант бар;

▪️ Топтолгондордун арасындагы адамдардын мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч жаратуу аракеттери да каралат. Чыгымчылдар жоопко тартылат.

Миллиондон ашуун кыргызстандык чет жерде эмгек миграциясында жүрөт. Алардын эң басымдуу бөлүгү Орусияда. Соңку жылдары миграциянын агымы акырындап Европаны көздөй бет алганын адистер айтып келет.