Президент Садыр Жапаров Пакистанга мамлекеттик сапар менен барат

Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Пакистан премьер-министри Шахбаз Шарифтин чакыруусу менен 3-4-декабрь күндөрү Пакистанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Бул Кыргызстандын президентинин Пакистанга 20 жылдан кийинки алгачкы жогорку деңгээлдеги сапары болмокчу. Кыргызстандын президентинин бул өлкөгө акыркы расмий сапары 2005-жылы болгон.

Сагынбек Абдумуталип билдиргендей, сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар мерчемделген.

Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, президент Асиф Али Зардари, Улуттук ассамблеянын (Парламенттин төмөнкү палатасы) спикери Сардар Аяз Садик жана сенаттын (Парламенттин жогорку палатасы) төрагасы Юсуф Реза Гелани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн.

Эки өлкө Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму жана Экономикалык кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык аянтчалардын алкагында кызматташып келет.

Эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 2023-жылы болжол менен 20 миллион АКШ долларын түзгөн.

Кыргызстан Пакистан менен соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирип келет.