Смартфондон баштап электромобилге чейин. Xiaomi Tesla менен жарышабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Электроника өндүрүү боюнча кытайлык гигант Xiaomi 28-мартта Пекинде Speed Ultra 7 (SU7) деген моделдин бет ачарын өткөрүп жатып, электромобиль рыногуна чыгаарын жар салды.
Xiaomi компаниясы телефондорду, ноутбуктарды жана башка электр товарларын өндүрөт. Компания смартфондорду сатуу боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Мурда автомобиль чыгарбаганына карабай, бул унааны азыртан эле Porsche унаасынын акыркы модели менен салыштырууда.
Компания учурдагы кардарлары SU7 электромобили дагы Xiaomi чыгарган башка продукцияларындай операциялык түзүм менен жабдылат деп кызыгуусу артып жатканын эсепке алып жатат.
Xiaomi компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Лэй Цзюнь SU7 электромобилинин бет ачаарында электромобиль чыгаруу боюнча кытайлык эң чоң оюнчулардын бири BYD компаниясына жана Tesla компаниясын негиздеген Илон Маскка чакырык таштап, өз аброюн "жарыш тактасына" койду.

Сүрөттүн булагы, NURPHOTO
Xiaomi башчысы миллиард доллар бонус алды. Каражатты эмнеге жумшайт?
Жаңы унаанын кадимки комплектациядагы варианты 215 900 юань ( 29 миң долларга жакын) турат.
Лэйдин сөзүнө караганда, анын компаниясынын бул жаңы унаасын Tesla чыгарган Model 3 менен салыштырууга болот. Америкалык жеңил унаа кайсы бир жагынан артыкчылыкка ээ.
"Model 3 айдап жүргөндөргө биз мыкты тандоону сунуш кыла алабыз деп ойлойм", - деди ал.
Кардарлардын тандоосуна бул унаанын тогуз өңдүүсү жана спорттук унааныкы сыяктуу добуш чыгарган симулятору орнотулганы же караокеси менен муздаткычы коюлган варианттары сунушталат.
Автомобилдер Бээжинде BAIC Group деп аталган мамлекттик ишканада чыгарылат. Бул ишкана жылына мындай унаадан эки жүз миңди чыгарууга кубаты жетет.
Жакынкы жылдары Xiaomi компаниясы электромобиль өндүрүшүнө 10 млрд доллар салууга ниеттенүүдө.

Сүрөттүн булагы, NURPHOTO
Кытай электромобиль боюнча дүйнөдөгү зор рынок
AFP Rystad Energy деп аталган изилдөө компаниясына шилтеме берип жазгандай, өткөн жылдын декабрында бүтүндөй дүйнө жүзүндө сатылган жалпы жаңы электромобилдердин 69% Кытайдын үлүшүнө туура келген. Аналитиктердин айтымында, бул жылы сатыла турган 17,5 млн унаанын 11.5 миллону же 65% Кытайга тиешелүү болот.
Кытай Европанын жана Түштүк-Чыгыш Азиянын рыногуна автомобилдерин болушунча сүрөп жатат. Өткөн жылы Жапонияны ашып өттү жана автомобиль экспорту боюнча дүйнөлүк алдыңкылардын бири болуп калды. Жакында эле Илон Маск дагы кытай авто өндүрүүчүлөрүн " дүйнөнүн атаандаштыкка эң жөндөмдүү компаниялары",- деп атады.
Илон Маскты ойго салган машинелер
"Чынын айтсам, эгерде соодага тоскоолдуктар коюлбаса анда алар башка автомобиль компанияларын иш жүзүндө жок кылып салат деп ойлойм",- деген эле январь айында Илон Маск.
Кытайда электромобиль чыгара турган 129 өндүрүүчү катталган. Бирок Bloomberg жазган маалыматтарга караганда, алардын жыйырмасы гана жергиликтүү базардан бир пайыздан ашык үлүштү ээлей алышты.
Кытайдын BYD компаниясы электромобиль өндүрүшү боюнча лидер (Tesla компаниясынын негизги атаандашы) болуп саналат жана рыноктун 33% ээлеген.
BYD аккумуляторлорду чыгаруу менен ишмердигин баштаган. Азыр да анын батареялары менен дүйнөлүк көптөгөн гиганттар анын ичинде Tesla менен BMW дагы пайдаланат.












