Apple менен Hyundai биргеликте электр унаа чыгарабы?

Hyundai concept vehicle

Сүрөттүн булагы, Hyundai

Түштүккореялык унаа өндүргөн Hyundai компаниясы америкалык гигант саналган Apple менен бирге айдоочусуз электр унаа чыгаруу багытында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жар салды. Бул кабардан кийин Hyundai компаниясынын баалуу кагаздары 20 пайызга өстү.

Эки компания тең сүйлөшүүлөр башталгыч стадиясында экенин ырастады. Өткөн айда Apple айдоочусуз элек унаалар технологиясынын үстүнөн иштеп жатканын билдирген. Америкалык компания 2024-жылы унаа даяр болорун айткан эле.

Соңку жылдары электр унааларга басым жасаган компаниялардын саны өсүп, атаандаштык курч болууда. Tesla сыяктуу компаниянын баасы өсүп, анын ээси Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамга айланды. Буга чейин дүйнөдөгү эң бай адам катары Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос аталып келген. Ал ортодо Норвегия сыяктуу мамлекеттерде электр унаалардын соодасы бензин же дизель менен жүргөн унаалардан ашып кетти.

The electric-powered Audi Q4 E-tron SUV

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соңку жылдары электр унааларга басым жасаган компаниялардын саны өсүүдө

Адистер болсо Apple компаниясынын электр унаасы беш жылдан кийин гана даяр болорун айтышууда. Буга коронавирус пандемиясы дагы себеп болгон.

Hyundai болсо бир нече жылдан бери жаңы технологияга, өзгөчө электр унаалар, айдоочусуз унаалар жана уча алган унаалардын үстүнөн иштеп келет. Өткөн айда түштүккореялык ишкана робот технологиясына басып жасаган Boston Dynamics компаниясынын акцияларынын контролдук пакетин 1,1 миллиард долларга сатып алды.

Андан тышкары Hyundai айдоочусуз унааларга тетиктерди чыгарган Aptiv компаниясы менен 4 миллиард долларга жаңы компания түздү. Hyundai менен Aptiv 2 миллиард доллардан каражат бөлүүгө макул болду жана ирландиялык компания 700 инженерин жана интелектуалдык менчик саналган изилдөөсүн жаңы компанияга өткөрүп берет.

Apple 2014-жылдан бери электр унааны чыгарууну талкуулап келет. Америкалык компания аны "Титан долбоору" деп атаган. Бирок смартфон менен компьютер өндүргөн Apple унаа чыгаруу үчүн кайсыл бир компания менен биригет деген дагы сөз болгон.