You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Климат: Эң чоң жылуу агым жоголуп, Европада аба ырайы толук өзгөрөбү?
Жаңы илимий изилдөө океандагы жылуу агымдардын Гольфстрим системасы 2025-жылы кыйрашы мүмкүн деп эскертти.
Атлантика агымдарын кыймылдаткан жана батыш Европанын аба ырайын жөнгө салган системанын иштен чыгышы температуранын төмөндөшүнө жана климаттагы катастрофалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Бирок алдыңкы илимпоздордун бир тобу бул изилдөө тууралуу шек санашып, аны илимий жактан далилденген эмес деп белгилешүүдө.
Алардын айтымында, аталган системанын бул кылымда жок болуп калышы али күмөн.
Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын эң акыркы эсептөөсү Атлантикалык меридионалдык оодарылып чыгуучу циркуляция (Amoc) деп аталган система изилдөөдө айтылгандай жакын арада кыйрабайт деген тыянакка келген.
Изилдөөнүн автору, Копенгаген университетинин профессору Питер Дитлевсен Би-Би-Си News’ке берген маегинде башка илимпоздор Amoc кыйрашы мүмкүн деп эскерткенин айтты.
"Биз бул агымды 2004-жылы өлчөп баштагандан бери ал алсырап баратат деген кооптонуулар бар", - деди ал.
Amoc - бул жылуу сууну түндүк уюлга карай сүрүп барып, аны муздатып тереңге түшүргөн татаал агымдардын жыйындысы.
Бирок глобалдык жылуулануунун айынан дүйнөдө температура жогорулаган сайын, Гренландиянын эрип жаткан муз калканынан жана башка булактардан Amoc’ко тузсуз суу куюлууда.
Эгер ал кыйраса, Европадагы температураны 10 же 15 градуска чейин төмөндөтүп, АКШнын чыгышында деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келиши мүмкүн. Бул миллиарддаган адамдар айыл чарбасы үчүн колдонгон жамгырды да үзгүлтүккө учуратмак.
Акыркы жолу Amoc 115 000 - 12 000 жыл мурун муз доорунда токтоп, кайра кыймылга кирген.
Nature Communications журналында жарыяланган жаңы изилдөө деңиз бетинин температурасы тууралуу 1870 – жылдан берки маалыматтарды колдонуп убакыттын өтүшү менен болгон Amoc агымдарынын күчүндөгү өзгөрүүлөрдү текшерген.
Изилдөө Amoc 2025-жылдан 2095-жылга чейинки аралыкта кыйрашы мүмкүн деп эсептейт.
Бул илимий анализ парник газдарынын эмиссиясынын эч өзгөрүүсүз өсүп жатканына негизделген. Эгерде эмиссия азайа баштаса, дүйнөдө температураны Amoc’тун ыктымалдуу кыйрашына алып келүүчү чектен төмөн кармоого көбүрөөк убакыт болмок.
Океандар тууралуу түрдүү изилдөөлөр, байкоолор жүргүзүлүп келет. Алардын бири дүйнөлүк океандын түсү өзгөрүп жаткандыгын аныктаган. АКШ жана Британиянын окумуштуулар тобу соңку жыйырма жылда спутник аркылуу тартылган сүрөттөрдү изилдеп, Дүйнөлүк океандын бетинин 56% аянты (бул жер шаарындагы жалпы кургак аянттан чоң дегенди түшүндүрөт) мурдагы түсүн жоготуп, жашыл тартып бара жаткандыгын аныкташкан. Изилдөөдө 2002-жылдан тарта 2022-жылга чейинки маалыматтар пайдаланылган. Мындай өзгөрүү башка аймактарга караганда экватордун тропикалык мейкиндигенде даана байкалган (DO)