Рубио Украина менен сүйлөшүүлөрдө олуттуу прогресс болгонун билдирди. Женевадагы жолугушууда эмне талкууланды?

Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысы Андрей Ермак жана АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Женевада.

Сүрөттүн булагы, Fabrice COFFRINI/AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысы Андрей Ермак жана АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Женевада.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу боюнча АКШ сунуштаган план тууралуу сүйлөшүүлөрдө «олуттуу прогресске» жетишилгенин билдирди. «Жаңыланган жана толукталган тынчтыктын негизги документи» пайда болду. Сүйлөшүүлөр ушул аптада уланат. Рубио алар АКШ президенти Дональд Трамп белгилеген бейшемби күнкү мөөнөткө чейин аяктабай калышы мүмкүн экенин айтты.

CNN телеканалы АКШнын Мамлекеттик департаментинин жогорку даражалуу өкүлүнө шилтеме берип, Рубио Украина үчүн тынчтык планына арналган жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан кийин Женевадан Вашингтонго кайтып жатканын билдирди. «Дагы деле аткарыла турган иштер бар», – деди ал украиналык жана европалык сүйлөшүү жүргүзгөн өкүлдөр менен жолуккандан кийин.

Мамлекеттик катчы техникалык деңгээлдеги талкуулар уланарын айтып, «биз максатка абдан кыска мөөнөттө, жакында жетебиз» деген оптимизмди билдирди.

CNN белгилегендей, башка америкалык расмий адамдардын Женевадан кеткен-кетпегени белгисиз, бирок Рубио мурдараак америкалык тарапта «бул иштин үстүндө туруктуу иштеген жана ага толугу менен катышкан ар кандай деңгээлдеги адистер бар» деп айткан.

Жекшемби күнү Женевадагы сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин Рубио сүйлөшүүлөрдө чоң прогресс болгонун жарыялап: «Биз олуттуу прогресске жетиштик жана адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка карай жылып жатабыз», — деди. Анын айтымында, бул сүйлөшүүлөр Трамп бийликке кайтып келгенден берки АКШнын Украина менен жүргүзгөн бардык сүйлөшүүлөрүнөн мыктысы болгон.

Украина президентинин Аппаратынын башчысы Андрей Ермак Телеграмда мындай деп жазды: «Тастыктагым келет: биз урматтуу америкалык делегация менен өтө жемиштүү биринчи жолугушуу өткөрдүк. Абдан жакшы прогресске жетиштик жана адилеттүү жана узакка созулган тынчтыкка карай алдыга жылып жатабыз».

Украинанын лидерлери АКШ менен тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда, Орусиянын Украинага ракеталык жана дрондук чабуулдары уланууда.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинанын лидерлери АКШ менен тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда, Орусиянын Украинага ракеталык жана дрондук чабуулдары уланууда.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен АКШ жана Украина өкүлдөрү «жаңыланган жана толукталган тынчтыктын негизги документин» даярдашканы айтылган.

Reuters комментарийлегендей, бул концепция Трамп администрациясы тарабынан иштелип чыккан, бирок Киев жана анын союздаштары Москва үчүн өтө пайдалуу деп эсептеген пландын модификациясы болуп көрүнөт деп айтышкан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Биргелешкен билдирүүдө тынчтык планынын 28 пунктуна, анын ичинде аймактык жеңилдиктерге жана Украина армиясы үчүн чектөөлөргө байланыштуу эч кандай конкреттүү маалымат жок.

Билдирүүдө Украина делегациясы согушту токтотууга багытталган «тынымсыз аракеттери» үчүн Трампка ыраазычылык билдирди. Тараптар европалык өнөктөштөр менен байланышты сактоо менен, «жакынкы күндөрдө» «жалпы сунуштардын үстүндө ишти» улантууну макулдашты.

Reuters жазгандай, Ак үй дагы өзүнчө билдирүү жасап, тынчтык планынын жаңыланган версиясы Украина үчүн коопсуздук кепилдиктерин күчөтүүнү камтыганын маалымдады.

Анда айтылгандай, украин тарап учурдагы тынчтык планынын долбооруна «кошумча жана тактоо» киргизилгенден кийин, ал өзүнүн «улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын» чагылдырат деп эсептейт.

Ак үйдө Украинаны тынчсыздандырган негизги маселелер «кылдат каралып чыкканын», «бүгүнкү күн алдыга жасалган олуттуу кадам болгонун» билдиришти. Киев бул тууралуу комментарий берген жок.

«Украина делегациясы жолугушуу учурунда анын бардык негизги маселелери — коопсуздук кепилдиктери, узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүү, инфраструктураны коргоо, кемелердин эркин жүрүүсү жана саясий эгемендүүлүк маселелери кылдат каралып чыкканын тастыктады», — деп айтылат билдирүүдө.

Рубио журналисттерге НАТОнун ролу сыяктуу бир катар маселелерди дагы иштеп чыгуу керектигин, бирок ошол эле учурда анын командасы президент Трамп сүрөгөн 28 пункттан турган тынчтык планына байланыштуу чечилбеген маселелердин тизмесин кыскартканын айтты.

АКШнын мамлекеттик катчысы бейшембиге чейин келишимге жетишүүгө үмүттөнөрүн билдирди, бирок бул көбүрөөк убакытты талап кылышы мүмкүн деген оюн кошумчалады. Трамп буга чейин бейшембини акыркы мөөнөт деп атаган.

«Акыркы мөөнөт — биз муну мүмкүн болушунча тезирээк бүтүрүүнү каалайбыз», — деген Рубионун сөзүн жазды Washington Post гезити. — Биз анын бейшемби болушун каалайт элек. Бүгүнкү күндүн негизгиси — биз олуттуу прогресске жетиштик». «Бул тирүү, дем алып турган документ. Ал сунуштар келип түшкөн сайын өзгөрүп турат», — деди мамлекеттик катчы.

Анын белгилешинче, америкалык жана украиналык командалар тынчтык планын пункт боюнча иштеп чыгып, оңдоп-түзөөлөрдү киргизип, «пикиp келишпестиктерди жоюп, Киевди да, Вашингтонду да канааттандыра турган нерсеге жакындап жатышат». «Дагы деле иштешибиз керек болгон бир-эки маселе бар, — деген Рубионун сөзүн келтирди New York Times гезити. — Калган ачык маселелер чечилгис эмес, бизге болгону бүгүнкүдөн көбүрөөк убакыт керек».

Кошумча сүйлөшүүлөр ушул аптага пландаштырылган, бирок чоо-жайы азырынча жарыялана элек.

Reuters өз булактарына шилтеме берип, америкалык жана украиналык расмий адамдар Зеленскийдин ушул аптада эле АКШга келип, Трамп менен тынчтык планын талкуулоо мүмкүнчүлүгүн карап жатканын белгилейт. Агенттиктин маектештеринин биринин айтымында, лидерлер тынчтык планынын аймактык маселе сыяктуу эң сезимтал маселелерин талкуулашы күтүлүүдө. Бирок ал украин президентинин АКШга келе турган күнү тастыктала электигин билдирген.

Украиналык жана америкалык расмий адамдар жекшемби күнү сүйлөшүүлөрдө олуттуу прогресс болгонун айтышканына карабастан, Трамп Украинаны сындап, анын жетекчилигин ыраазы болбоду деп айыптады. Бул тууралуу New York Times жазды.

«Украинанын "жетекчилиги" биздин аракеттерибиз үчүн эч кандай ыраазычылык билдирген жок, ал эми Европа Орусиядан мунай сатып алууну улантууда», — деп жазган АКШ президенти өзүнүн Truth Social социалдык тармагында.

Анткен менен Украина президенти АКШ бийлигине дээрлик күн сайын ыраазычылык билдирип келе жатканы белгилүү.

CNN белгилегендей, Трамптын постунан кийин Рубио чыңалуу жоголгондугун жана АКШ президенти Женевадагы сүйлөшүүлөрдө жетишилген прогресске ыраазы экенин билдирди.

Украина жана анын европалык союздаштары Трамп администрациясынын тынчтык планына жана анын келип чыгышына байланыштуу тынчсыздануусун билдиришкен.

Орусиянын президенти жума күнү план тынчтык жолу менен жөнгө салуунун негизи болушу мүмкүн экенин айтты, бирок сунуштардын маңызы боюнча комментарий берген жок. Зеленский жума күнү өлкө ар-намысын жоготуу же негизги эл аралык өнөктөшүн, башкача айтканда, АКШны жоготуу коркунучу турган татаал тандоо алдында турганын айтты.

Рубио пландын акыркы варианты долбоор Орусияга жөнөтүлгөнгө чейин Украина жана АКШ президенттери тарабынан макулдашылышы керек деди.

Reuters агенттиги жана Telegraph гезити жекшемби күнү кечинде Киевдин европалык союздаштарынын, башында Улуу Британия, Франция жана Германия турган альтернативдик планы менен тааныша алганын билдиришти. Би-би-си бул документти көргөн жок, ал эми Рубио бул тууралуу эч нерсе билбей турганын айтты.

Атап айтканда, Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, альтернативдик план тынчтык мезгилинде Украина армиясынын санын 800 миң аскер кызматкери менен чектөөнү карайт, ал эми америкалык планда 600 миң жөнүндө сөз болгон.

Жарыяланган америкалык план Украина армиясынын кыскартылышынан жана НАТОго кирүүдөн баш тартуудан тышкары, азыркы учурда алар көзөмөлдөгөн Донецк облусунун бөлүгүнөн украиналык аскерлердин чыгарылышын, ошондой эле Херсон жана Запорожье облустарындагы фронттун линиясын тоңдурууну карайт. Эки аймак тең жарым-жартылай Орусия тарабынан оккупацияланган. Мунун ордуна Киев «ишенимдүү коопсуздук кепилдиктерин» алышы керек.

Европа лидерлери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Европа лидерлери