Ванкуверде кара бороон жолдорду кыйратты

Канадада суу ташкын

Канаданын Ванкувер аймагында катуу бороон болуп, чоң жолдор менен темир жолдорду иштен чыгарды. Расмийлер бул бир кылымда бир катталуучу катаал аба ырайы болгонун айтып жатышат.

Батыш жээктеги шаарды туташтырып турган эки чоң жол суу ташкындан зыян тартып жабылды.

Чоң жолдогу жер көчкүдө бир аял мерт болгон. Куткаруучулардын айтымында, бери эле дегенде эки киши дайынсыз болууда.

Дүйшөмбү күнү башталган кара бороондон улам миңдеген адамдар үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болушту.

Канаданын королдук атчан полициясынын маалыматы боюнча, Ванкуверден болжолдуу 250 км алыстагы Лиллоет жергесине жакын аймактан аялдын сөөгү табылган.

Жер көчкү канча транспорттук каражатты басып калганы боюнча азырынча так маалымат жок.

Машина айдап бараткан Кети Ренни CBC News телеканалына Лиллоеттин түштүк жагында токтоп турган транспортторду жер көчкү басып калганын көргөнүн айткан.

“Машиналарыбызга кайтып баратканыбызда алдыбызда турган адамдар кыйкырып, чуркап жатышты”, - дейт ал. “Алардын жүзүн көрсөңөр, цунами келаткандай эле. Жашоомдогу эң коркунучтуу көрүнүш болуп калды”.

“Артымды карасам, тоонун бир бөлүгү түшүп келатыптыр. Бардык машиналарды кыйратты. Кым-куут түшүп жатып калды”.

Провинциядагы транспорт министри Роб Флемиң маалымат жыйынында бул “кылымдагы эң жаман аба ырайы” болгонун билдирди.

Аймактагы жаан-чачындын бир айдагы орточо көлөмү 24 сааттын ичинде эле “атмосфералык дарыя” болуп ага баштаганда Британ Колумбиясындагы миңдеген тургундар эвакуацияланды.

Ванкуверден түндүк-чыгышта 200 километрдей аралыктагы Мерритт жергесинин бардык 7 миң тургунуна дүйшөмбү күнү үйлөрүн таштап кетүү буйругу берилген.

Ал жакта шейшемби күнү кар жаап, шаардагы муз каптаган суу ташкында машиналар агып жүргөнүн көрүүгө болот.

Тоолуу Агассис жергесинде жол жабылып камалып калган 300дөй кишини куткаруу үчүн тик учак экипажы дагы жөнөтүлгөн.

Дүйшөмбү күнкү жаан жана шамал шейшемби күнү түштөн кийин токтоп, бирок бир нече жамааттар оор абалда калышкан.

Транс-Канада чоң жолунун бөлүгү, Ванкуверди өлкөнүн башка аймактары менен туташтырган жолдор, суу астында калды.

Ванкуверди провинциянын ички жолдору менен туташтырып турган Кокихалла чоң жолунун бир бөлүгүн да суу каптап кеткен.

Премьер-министр Жастин Трюдо кырдаалга көз салып жатканын Оттавада кабарчыларга билдирди.

“Кандай гана жолдор менен же формада болбосун ал жакка жардам бергени барабыз”, - деди Трюдо.

Ванкуверден чыгып кете турган жердеги негизги жол АКШга кирип, кийин Канадага кайтуу болчу. Бирок, АКШдан Канадага кайра кирүү үчүн коронавируска тест тапшырып, терс жыйынтык көрсөтүү талап кылынат. Ошондой эле, чектеш жайгашкан АКШнын Вашингтон штатындагы жолдор дагы бороондон зыян тарткан.

Канададагы эң ири Ванкувер порту суу ташкынга жана жер көчкүгө байланыштуу бардык темир жол каттамдарын токтотууга мажбур болгон. Ал азык-түлүктү, күйүүчү майды жана башка товарларды жеткирүүнү үзгүлтүккө учураткан.

Бул порт аркылуу күн сайын баасы болжолдуу $440 млн турган карго жөнөтүлүп турарын Рейтер маалымат агенттиги жазат. Аймактагы отун түтүктөрү дагы алдын алуу чараларынан улам жабылган.

Жай мезгилинде Британ Колумбиясында күн катуу ысып, 500дөн ашуун адам каза болгон эле. Андан тышкары, токойлор өрттөнүп, бүтүндөй шаарчаны кыйраткан болчу.

Ушул айдын башында Британ Колумбиясында куюн байкалган. Мындай кубулуш бул аймакта соңку 50 жылда байкала элек болчу. (EA)