Сауд Аравия: төө майрамында жалаң гана айымдар

Сауд Аравиясында төө майрамында жалаң гана аялдар үчүн өзүнчө сынак болду. Айымдар алып келген төөлөрдүн ичинен эң сулуулары, эң күлүктөрү тандалды.

Эр-Рияддын чет жакасында жыл сайын өтүүчү төө майрамына соңку бир нече күндө көп эл чогулду. Сауд Аравиясынын көчмөн маданиятынын ажырагыс символу болуп калган бул жаныбардын күлүктөрүн, сулууларын тандаган сынактар, мелдештер өткөрүлдү.

Аялдар мындай конкурстарга мурда деле катышып келген, бирок бул биринчи жолу жалаң гана аялдар үчүн өзүнчө конкурс болду.

Төөнүн оозу, моюну жана өркөчү сыяктуу негизги формалык мүнөздөмөсүнөн сырткары анын өңү-түсү боюнча да сынап көрүштү. Конкурска бүт бардык түстөгү төөлөр катыштырылды.

Адатта мындай төө майрамындагы король Абдул Азиздин атынан сайылган байгелер абдан чоң – байге фондусу 66 млн доллар, эң мыкты төөлөр миллион долларга чейин сатылат.

Мындай убакта чоң байге алыш үчүн айрымдар ар кандай амалкөйлүккө да барышат. Кээ бирөөлөр өзүнүн төөсүн сулуу көрсөтүш үчүн ботокс же башка косметикалык продцедура жасатып жиберишет экен. Бирок мындай шылуундукка тыюу салынат, ошондуктан бул жолку сынакта эреже бузганы үчүн 40 төө мелдештен чыгарылды.

Айымдар үчүн өзүнчө өткөн конкурста мындай шылуундар болгон жок. Конкурска катышкандар негизинен мурдатан төөнүн мыкты династиясын өстүрүп келаткан белгилүү айымдар. Алар чейрек миллион АКШ доллары суммасындагы байгени бөлүп алышты.

Байге алган аялдардын бирөө бул конкурсту сауд аялдарынын жана жалпы эле калкынын турмушундагы алдыга чоң кадам деп айтты. Анткени, аялдарга бүт бардык тармакта, анын ичинде төө спортунда дагы жол ачылып жатпайбы.

Мураскор канзаада Мохаммед бен Салман жана анын айлана-чөйрөсү саудилердин нукура каада-салтын өнүктүрүүгө көп көңүл бурууда. Ырас, кээ бир сынчылар мындай көрүнүштү аял реформаторлор менен активисттерди камап түрмөгө салган жаңы авторитаризмди “жылмалаган” аракет, чүмбөт деп аташууда.

Король Абдул-Азиздин төө фестивалы алтынчы жолу өттү. Жергиликтүү ЖМКнын маалыматына караганда, дүйнөнүн көп өлкөсүнөн 33 миң төө катышты, анын ичинде Россиядан, АКШдан, Франциядан баргандар да бар.

Майрам 1-декабрда эле башталган, ал адатта кырк күнгө созулат. Аны көргөнү дүйнөдөн 100 миң турист чогулганы айтылууда. (КС)