Маркум Жибек Урустемованын бийликтен жардам сураган уулуна көмөк көрсөтүлө турган болду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен бүгүн, 27-декабрда УКМКнын башкы кеңсесинде маркум Жибек Урустемованын уулу менен жолугушуу болду.

УКМКнын маалыматына караганда, Жибек Урустемованын балдарына тийиштүү колдоо көрсөтүлөт. Тактап айтканда, турак жай менен камсыздоого, учурдагы ипотекалык насыясын төлөп берүүгө жана маркумдун үч баласынын тең окуу акысын каржылоого, мындан тышкары, маркумдун улуу уулун ишке орноштурууга жардам көрсөтүлөрү айтылды.

Бир күн мурда күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Жибек Урустемованын улуу баласы бийликке кайрылып, үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүүнү сураган.

Ал Тредс социалдык тармагына апасы өмүр бою жөнөкөй мугалим болуп иштеп, ак эмгеги менен үй-бүлөсүн багып келгенин, ипотекага батир алышканын, анын карызы болжол менен эки миллион сомго жакын экенин, студент үчүн бул чоң каражат болуп эсептелерин жазган.

Ал экинчи жана үчүнчү класста окуган бөбөктөрү да бар экенин белгилеген.

"Учурда мен жогорку окуу жайда окуйм. Бирок түзүлгөн жагдайларга байланыштуу окуумду убактылуу токтотуп, иштөөгө мажбур болуп жатам. Бизди энебизден ажыраткан адам анын гана эмес, балдарынын да келечегин талкалады. Ушуга байланыштуу сиздерден биздин оор турмуштук жагдайыбызды эске алып, жардам көрсөтүүңүздөрдү өтүнөм. Биз мамлекеттин колдоосуна муктажбыз", - деп жазган Бекжан.

Буга чейин кылмышка шектүүнүн туугандары ипотекалык карызды төлөп, үйдү маркумдун балдарына өткөрүп бере турганын билдиришкен.

Ал арада социалдык тармактардын колдонуучулары атайын эсеп ачып, Жибектин балдарына колдоо көрсөтүүнү демилгелеп жатышат.

Күн мурун Жибек Урустемованын өлүмү боюнча кылмыш ишин иликтөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) өткөрүлүп берилген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 27-декабрда Ысык-Көлдөгү жолугушууда Жибек Урустемованын өлүмүнө байланышкан окуя боюнча комментарий берди.

"3 баланын энесинин өлүмү укук коргоо органдарынын, коопсуздук кызматынын, прокуратура кызматкерлеринин шалаакылыгынын негизинде болду. Анткени каза болгон келиндин колунда коргоо ордери болгон. Бирок, орган кызматкерлери тарабынан эч кандай чаралар көрүлгөн эмес. Андыктан, бул кылмышты катуу тергейбиз жана укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин сөзсүз карайбыз. Мындан ары кайсылдыр бир райондо, айылда, шаарда ушундай фактылар орун алса, ошол жердин ЖӨБОнун жетекчилиги, милиция кызматкерлери, УКМК кызматкерлери, прокуратура баарыңар жооп бересиңер жана жоопко тартыласыңар! Кабинетте олтура бербестен, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп, кыдырып чыккыла. Аялдарга жана балдарга болгон зомбулук фактыларын аныктап, алып чыккыла!" - деп белгиледи Ташиев.

Ички иштер министрлигинин Жибек Урустемованын өлүмү боюнча берген алгачкы маалыматы коомчулукта талаш-тартыш жараткан. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев Урустемова менен анын күйөөсү үйгө жакшынакай эле киришкенин, окуяга ичимдик себеп болгонун айткан. "Социалдык тармактарда бул билдирүү "кылмышкерди актоо" катары кабыл алынып, Бишкек ШИИББдин жетекчисинин дарегине катуу сын-пикирлер жааган.

Ошондой эле ИИМдин маалыматында келиндин коргоо ордери болгондугу, буга чейин да зомбулук көргөнү тууралуу маалыматтар айтылганм эмес.

2025-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз экономикалык университетинин 47 жаштагы окутуучусу Жибек Урустемова ажырашып жаткан күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлдү. Каргашалуу окуя маркумдун туулган күнүндө, апасынын көзүнчө болгон. Шектүү — 48 жаштагы мурдагы милиция кызматкери, алты жыл мурун пенсияга чыккан Б.Т. аттуу жаран. Ал маркумду травматикалык тапанча менен чыкыйга атып, өмүрүн кыйган. Шектүү окуя болгон үйдөн камакка алынды.

Маркумдун жакындарынын айтымында, Жибек күйөөсү тарабынан көп жылдар бою системалуу түрдө зомбулук көрүп келген. Эки ай мурун катуу токмок жегенден кийин милицияга арыз жазып, коргоо ордерин алган. Окуя болгон күнү сотто ажырашуу маселеси каралып, Жибек күйөөсү менен жарашуудан так кесе баш тарткан. Бирок сот жараяны февраль айына жылдырылган. Шектүү ошол эле күнү аялды үйүнө алып барып, тапанча менен аткан.

Маркумдун сиңдиси окуя болор алдында "102" кызматына бир нече жолу чалып, эжесинин өмүрүнө коркунуч келип жатканын, күйөөсүндө курал бар экенин айтып жардам сураган. Жакындарынын пикиринде, эгер милиция кызматкерлери чакырууга эртерээк келишсе, өлүмдүн алдын алууга мүмкүн болмок деген ойдо. Шаардык милиция чакыруу саат 21:00дө түшүп, ыкчам топ 21:45те барганын билдирген.

Жибек Урустемованын артында үч баласы калды (эң кичүүлөрү 2-3-класстын окуучулары). Улуу баласынын айтымында, апасы ипотека төлөп, үй-бүлөнү жалгыз багып келген. Ал адвокат болууну жана Жапонияга барып сакуранын гүлдөгөнүн көрүүнү кыялданып жүргөн.

Кыргызстанда 2025-жылдын 9 айында эле 16 миңден ашык зомбулук учуру катталган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 31%га көп. Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө катары рейтингдерде калууда.

25-декабрда ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев Биринчи радионун эфиринде быйыл үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам ажал тапканын билдирди.