Израил Газадагы медиктерди өлтүргөнүн мойнуна алды

Израил армиясы 23-мартта өз аскерлери ката кетирип, анын айынан Газанын түштүгүндөгү тез жардам кызматынын он беш кызматкерин өлтүргөнүн мойнуна алды. Израилдик аскер күчтөрү өлтүрүлгөн айрым кишилер ХАМАС менен байланышы болгон деп ишендирүүдө, бирок азырынча буга эч кандай далил келтире элек. ЦАХАЛ аткылоо учурунда каза тапкандардын биринде дагы курал болбогонун айтууда.
Газанын Рафах районунда Кызыл чырым уюмунун палестиналык бөлүмүнүн (PRCS) унаалары, БУУнун жана Газадагы жарандык коргонуу тобунун унаалары аткылоого кабылган эле.
Израил адегенде бул унаалардын колоннасы караңгыда жарыгын жандырбай, атайын белги бере урган маяктарын күйгүзбөй эле "күмөндүү" айдап, аскерлерге жакындап келгенин айткан. Бул унаалардын жүрүшү армия менен алдын ала макулдашылган эмес.
Бирок каза тапкан парамедиктердин бири телефонуна үлгүрүп тартып калган видеодо машиналардын жарыгы кадимкидей жанып, жарадар болгондорго жардам берүү үчүн чакыруу түшкөн тарапка бара жатканы тартылган. Бул видео адегенде New York Times басылмасына жарыяланган. Анда таң куланөөк салып калган маалда машиналар жолго токтогону, андан соң аткылоо башталганы көрсөтүлгөн.
Видеонун узактыгы беш мүнөттөн ашат. Анда Рефат Радван аттуу парамедик сыйынып жатканы, андан соң ал жерге израилдик аскердин жакындап келгени үнүнөн билинет.
Израилдин Коргонуу армиясынын (ЦАХАЛ) расмий өкүлү 5-апрель кечинде журналисттерге тараткан билдирүүсүндө, аскерлер адегенде бул унааларды аткылаган учурда унаадагылардын арасында ХАМАСтын үч мүчөсү болгонун айтты.
Тез жардам унаалары ХАМАСка таандык унаага жакын токтогон учурда израилдик аскер күчтөрү муну коркунуч катары баалап, медиктердин арасында ким бирөө куралданып жүрөт деген далил жоктугуна карабай аткылоону башташкан.
Кийинчерээк Израил унаалардын атайын жарыктары өчүрүлгөн деген билдирүүсү так маалымат болбогонун мойнуна алып, биринчи билдирүү аскерлердин берген маалыматына негизделгенин жүйөө келтирди. Видеодо болсо унаалардын тиешелүү жарыктарынын баары талаптагыдай жандырылып, медиктер болсо жарыкты чагылдыра турган атайын кийимдерди кийип жүргөндүгү көрсөтүлгөн.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
ЦАХАЛдын расмий өкүлүнүн сөзүнө караганда, аскерлер каза тапкандарды жапайы жырткычтар тытмалап кетпесин деп кумга көмүшкөн. Унаалар болсо жолду тазалоо үчүн аткылоо болгондун эртеси ордунан жылдырылган.
Курман болгондордун сөөктөрү бир аптадан кийин гана табылды. Себеби БУУ баш болгон эл аралык уюмдар кандуу окуя болгон жерди аныктоо үчүн ошол районго коопсуз жол ачууну уюштура алышкан эмес.
Гуманитардык миссия көмүлгөн сөөктөрдү тапкан учурда Рефат Радвандын телефонун кошо таап чыгышкан. Телефондо болсо кандуу окуянын видеосу сакталып калган.
ЦАХАЛ кеминде алты медиктин ХАМАС менен байланышы болгон деген ойду таңуулап жатат. Бирок азыркыга чейин бул боюнча эч кандай далилдерди келтире элек. Израил ошол эле учурда аткылоо болгон мезгилде каза тапкандардын биринин дагы курал-жарагы болбогонун дагы мойнуна алды.
ЦАХАЛдын өкүлү айрымдар айтып жаткандай, медиктерди байлап, анан өлтүрүшкөн деген маалыматты четке кагууга.
Ошол окуядан жалгыз аман калган парамедик окуя болгон учурда машиналардын жарыгы күйүп турганын өткөн аптада Би-Би-Сиге айтып берди. Ал дагы кесиптештеринин арасынан ким бирөө ХАМАСка тиешеси болгон деген маалыматты четке какты.
ЦАХАЛ "кырдаал кандайча болгонун жана ошол жердеги иш-аракеттерге баа берүү үчүн" болуп өткөн окуя боюнча "тыкыр иликтөө" жүргүзүлө тургандыгын убада кылды.
Кызыл жарым Ай баштаган көптөгөн эл аралык уюм көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылышууда.
Жарашуу келишими арабөк абалда калды
Израил менен ХАМАСтын ортосундагы жарашуунун биринчи этабы 19-январда күчүнө кирген жана 42 күнгө ылайыкталып, 1-мартта соңуна чыккан. Ошол мөөнөт аяктаганга чейин жарашуунун экинчи этабы боюнча макулдашуу даяр болуп калат деп күтүлгөн, бирок андай болгон жок.
АКШ менен Израил жарашуунун биринчи этабын апрелдин ортосуна чейин узартуу керек деп талап кылышты, ХАМАС болсо мурда макулдашылган мөөнөттү карманууну талап кылды жана ЦАХАЛды Газа тилкесинен толугу менен чыгарып кетүү боюнча милдеттенмелерин толук аткарбай жатат деп Израилди айыптады.
19-мартта болсо Израил кургактагы операциясын кайрадан жандандырып, Газа секторунун борбордук жана түштүк тарабында аскердик аракеттерин баштады. Алар АКШнын жаңы сунушун четке кагып жатат деп ХАМАСты айыптаган. АКШ ок атышууну токтотууну жана кармалып турган 59 туткунду толугу менен бошотууну талап кылган эле.
Израил 29-март күнү АКШ менен биргелешип ортомчулары аркылуу ХАМАСка жарашуу боюнча сунушун берген. Бул иште Египет менен Катар ортомчулук кылып жатат.
Reuters агенттиги өткөн аптада ортомчулар аркылуу берилген сунуштун документтери менен таанышып чыкты. Анда 17-январдагы ок атышууну токтотуу боюнча келишимди дагы 50 күнгө узартуу боюнча жазылган.
Документке ылайык, ок атышууну токтотуунун экинчи этабы боюнча сүйлөшүүлөр 50 күндүк мөөнөт аяктаганча даяр болушу керек.
Сунуш ньюжерсилик Эдан Александрды, Израил армиясынын 21 жаштагы жоокерин ок атышууну токтотуу жарыялангандан кийинки биринчи күнү бошотууну камтыган.
Трамптын "акыркы" эскертүүсү
Март айынын башында АКШ президенти Дональд Трамп ХАМАС тобуна кайрылып, Газа секторунда кармалып турган туткундардын баарын тез арада бошоткула жана ошондой эле анклавдын аймагынан чыгып кеткиле деп талап койгон эле. Ак үй ошол эле учурда туткундарды бошотуу боюнча ХАМАС менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын ырастаган.
"Бардык туткундарды азыр бошоткула, кийин эмес жана силер колдуу болуп өлгөн кишилердин баарынын сөөктөрүн кайтарып бергиле. Муну аткарбай турган болсоңор, анда ишиңер бүттү дей бергиле. […] Мен айтканды аткармайын ХАМАСтын бир дагы мүчөсү коопсуз жүрө албайт, ошондуктан мен айтканды жасагыла", - деп жазган ал өзүнүн Truth Social баракчасына.
"Бул силерге деген соңку эскертүүм! Жетекчилик [ХАМАС], Газадан чыгып кеткенге азыр эң эле ынгайлуу учур, азырынча шансыңар бар. Ошондой эле Газанын калкына дагы кайрылам: силерди укмуштуудай келечек күтүп турат, бирок бул иш силер туткундарды бошоткон шартта гана жүзөгө ашат. Эгер силер муну аткарбай турган болсоңор, анда өлүм күтөт",- деп кошумчалаган эле Трамп.
Трамп ХАМАСты биринчи эле жолу коркутуп жаткан жери жок. Февралдын башында ХАМАС туткундарды бошотууну токтотуп коё тургандыгын айтып чыкканда, Трамп да аларга жооп кайтарып, "эгерде андай кыла турган болсоңор, силерди чыныгы тозок күтөт" деп билдирген.
ХАМАС коркутуп-үркүтүүдөн эч кандай пайда чыкпайт, ал кырдаалды ого бетер оорлотот деп жооп кайтарган болчу.












