You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Саммит жана шайлоо: Бишкекте мектептер 1-декабрга чейин онлайн окууга өтөт
Бишкек шаарындагы бардык мектептер 25-ноябрдан тарта 1-декабрга чейин онлайн окуу режимине өтөт. Калаа мэриясы мындай чечим Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) саммитине жана 30-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого даярдык көрүү максатында кабыл алынганын кабарлады. Маалыматка караганда, шаардагы мектептер 2-декабрдан тарта кадимки тартипте иштеп баштайт.
Бул арада 25-27-ноябрь күндөрдү ""Ош базар" жана "Сары-Өзөн" базары да иштебей турганы белгилүү болду.
Бул арада өлкөнүн Ички иштер министрлиги 25-27-ноябрда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө да жол кыймылына чектөө кире турганын кабарлады.
Министрдик транспорттун агымын азайтуу максатында мектептер менен жогорку окуу жайлар убактылуу онлайн окутууга өткөрүлө турганын бышыктады.
ИИМ жарандарды мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоого, зарыл болбосо оор жүк ташуучу унаалар менен жолго чыкпай турууга жана жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.
Убактылуу чектөөлөр Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын өткөндүгүнө байланыштуу киргизилип жатканын белгиледи.
Министрлик чектөө кортежтер өтүп жаткан маалда гана күчүндө болорун кошумчалады.
ЖККУнун саммитине Орусиянын президенти Владимир Путин келе турганы айтылган.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезектеги саммити 27-ноябрда өтөт.
1992-жылы негизделген ЖККУнун курамына Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Армения 2024-жылы уюмдан чыгып кеткен.