Дароо эле үйдөгү бычактарды катам... Зомбулуктун азабын жеген Нурпери

Иллюстративдик сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иллюстративдик сүрөт

Дүйнө жүзүндө ар бир 11 мүнөт сайын бирден аял зомбулуктун курмандыгы болот. Мындан башка дагы эркектер тарабынан психологиялык жактан жабыр тарткан аялдардын саны көп. Бирок, бардык учурда кызыл камчы эркектин кордугун көргөн аялдардын денесинде жана жүрөгүндө өмүр бою кетпеген так калат.

Борбор Азиядан Кыргызстанды эле алсак өлкөдө соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар тыйылбай келет.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2022-жылы 102 кызматына үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 4172 билдирүү түшкөн. Анын ичинен үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган 3354 аялга коргоо ордерлери берилген.

Өлкөдө зомбулук көргөн аялдар адатта коомчулукка ачык айтып чыгуудан карманышат. Анткени алардын көпчүлүгү үй-бүлөсү, жолдошу же жакын туугандары тарабынан психологиялык кысымга кабылаарын айтып, кооптонушат. Алардын баштан өткөргөн тагдырын угуп отурсаң зээниң кейийт. Мына ушундай 15 жылдан бери үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болуп, жашап келе жаткан Нурпери (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) Би-Би-Сиге баштан өткөргөн окуясын толук айтып берди.

Нурпери учурда 38 жашта. Ал мындан 19 жыл мурун Нарында орто мектепти бүтүрүп, эл катары жогорку билимге ээ болуу үчүн Бишкек шаарына келген. Бирок белгилүү себептерден улам, ал жылы окууга тапшыра алган эмес. Арадан убакыт өтүп азыркы жолдошу менен таанышып, ортодо жылуу мамиле пайда болуп, бир үй-бүлө курганга жетишишет.

Иллюстративдик сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Көрсө ал бала кезинен баштап эле наркотик колдончу экен да".

“Башында баары сонун эле. Бирок жолдошумдун бир башкача сапаттары бар болчу. Мен ага көп маани берчү эмесмин, анткени көп түшүнө бербейт элем. Бирок, ал убакта мага көп кол көтөрчү эмес. Кийин бара-бара мени көп ура баштады. Мунун себебин кийин билдим, көрсө ал жаш кезинен эле баңгизат колдонуп жүрчү экен. Баңгизат колдонгондо мүнөзү өзгөрүлүп калат. Башында үйдө мен эле иштегендиктен акча эле сурай берчү. Башында менден 500 сом, 300 сом, 400 сом сурачу. “Эмнеге?” - деп сурасам, ар кандай шылтоолорду айтчу, “магазинге карызмын, муну алам, тигини алам” деп кутулуп кетчү. Кийин сураган акчанын суммасы дагы көбөйдү. Бербесем анда мен балээге калам. Алынын жетишинче урат, сабайт. Мурун 500 сомго чейин акча сураса, азыр 700 сомдон өйдө алат. Ал акчаны алып эле, Кипа деген досунун үйүн көздөй жөнөйт. Көрсө ал киши баңгизат сатат экен. Аны азыр Ак-Босогодогу элдин баары билет”, – деп айтып берип жатты ал.

Нурпери “жолдошум баңгизатты таштап, жакшы жашоого умтулат” деген үмүт менен жашап келген. Ал азыр бул турмушун назик гүл сыяктуу элестетип, үй-бүлөлүк турмушу жылдан-жылга соолуп баратканын айтат.

“Көрсө ал бала кезинен баштап эле баңгизат колдончу экен да. Жолдошум досунун үйүнө көп барат. Ал бала баңгизат саткандыктан анын айрым “кардарлары” менин жолдошума чейин чалышат. Телефонуна чалганда кээде жанында болуп калам, жашыруун сүйлөшөт. “Бар бекен? Эмне экен? Чалайын, билейин” деп калат. Кээ бирөө келет, алыс жактан деле келишет. Чогулушат, көрүп билем да. Кипа деле тааныбаган адамдарга баңгизат сатпай, досторуна, ишенчиликтүү адамдарына сатат да. Акыркы күндөрү жолдошум ачык эле чыгып, айтып берди. Ушул Кипаны айтат да “ушул Кипа менин жашоомду курутту, мага залакасы тийди” деп. Эми ал бала биздин үй-бүлөнү гана бузбай, айланадагы жаш үй-бүлөлөрдүн жашоосун кошо курутуп жатат”, – деп кейиди Нурпери.

Ал баңгизаттын айынан акыркы беш жылдан бери жолдошу менен жашоого мүмкүн болбой калганын белгиледи. Бирок Нурпери жолдошу менен ажырашып кетүүдөн дагы коркот, анткени ал ага ар дайым зомбулук эле көрсөтпөстөн психологиялык жактан дагы кысым көрсөтөт.

Баңгизат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Төрт балам менен ажырашканга туура келет окшойт. Мен чыдабай калдым. Бирок ал мага “үй-бүлөңдү жана сени бир күнү болбосо бир күнү өлтүрөм” деп коркутат. Ошол баңгизатты чегип алып, ар кандай сөздөрдү сүйлөйт, кээде мас абалында келет”, – дейт ал.

Нурперини жолдошу балдарынын көзүнчө үйдөн кубалаган күндөрү дагы болгон. Ал муну ыйлап эскерди.

“Мен өзүм үйдөн иштейм, эки жакка такыр чыкпайм. Жолдошум эч жакка чыгарбайт. Кээде түндө келип, ар кандай шылтоо менен ызы-чуу чыгарып, ар кимге жабыштырып сабайт. Жаман көрүп, үйдөн кубалаган күндөрү көп болот. Анда эле баңгизат колдонуп келген экен деп билем. Дароо эле үйдөгү бычактарды катам. Балдарды көзгө илбей эле сабап кирет. Коркконумдан качканга аракет кылам. Үйдөн качып эле көзүнө көрүнбөйм, өзүнө келгичекти. Кичүү кызым боюмда бардан баштап, өтө катуу сабап баштады. Же биротоло кетип кала албайм. Айла жок гана жашап жүрөм. Ушунун баары эле ошол баңгизаттан болуп жатат. Бир жолкусунда “акча бер” деп сурады. Мен деле дароо билдим. Акча жок деп бербесем. Мени аябай сабады. “Эмнеге?” - деп сурасам, ачык айтпайт. Бирок мен билип турам аны каякка коротоорун. Кээде айланадагы балдар чогулуп, анан бир алып чегишет. Акыркы күндөрү мындай окуя күндө эле кайталанып калды. Анын зомбулугунан денемде тактар көп”, – деди ал.

Нурпери башынан өткөрүп жаткан кордукту айтып берип жатып, көзүнөн жаш тегеренип, биздин суроолорубузга кандайдыр бир коркуу сезим менен жооп берип жатты.

"Кичүү кызым боюмда бардан баштап, өтө катуу сабап баштады. Же биротоло кетип кала албайм. Айла жок гана жашап жүрөм".

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кичүү кызым боюмда бардан баштап, өтө катуу сабап баштады. Же биротоло кетип кала албайм. Айла жок гана жашап жүрөм".

Ал азыр үйүнө көп буюм-тайым албайт. Анткени жолдошу баңгизат колдонуп келгенде көзүнө эмне көрүнсө бүт сындырат.

“Баңгизат колдонгондо психоз болуп калат. Өзүнөн-өзү жини келип, уруш чыгаргысы келип калат. Ага жакпаган сөздү сүйлөп алсаң өлдүң. Үйдө ызы-чуу чыгарат, колуна эмне тийсе бүт талкалайт, сындырат. Жанында бала турабы аны карабай чаап ийет. Балдардан бери коркутат. Аны чегип келгенден кийин көзү-башы кызыл болуп, учуп жүргөндөй көрүнөт да”, – деди ал.

Бул окуяны айтып берип жаткан каарманыбыз, буга чейин бул сырын эч кимге ачык айткан эмес. Ал тургай милицияга дагы арыз жазуудан корккон. Анткени укук коргоо органдарына ишенбесин айтат.

“Негизи укук коргоо органдары бизде жакшы иштебейт. Буга чейин баңгизат саткан баланын үстүнөн кошуналарым бир нече жолу арыз жазышкан. Бирок эч кандай жазага тартылган эмес. Ал эми мен жолдошумдан кордук көрүп жатканымды айтып, милицияга арыз жазсам аны деле карабайт да. Ошол баңгизат сатып жаткан баланы камай албагандан кийин анан кантип ишенүүгө болот? Мен мисалы, арыз жазсам бир күнү болбосо бир күнү келип, “эмнеге менин үстүмдөн арыз жаздың?” деп өлтүрүп койсо ким кепилдик берет? Баңгизатты менин жолдошумдан башка айланадагы кошуна балдар дагы колдонот. Булардын баары эле жаш үй-бүлөлөр. Аялдары күйөөлөрүнөн коркушат, эч кимиси ачык айтышпайт”, – деп сөзүн жыйынтыктады Нурпери.

Адатта зомбулуктан көбунчө аял кишилер көп жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Дилде Шатанова, эркин журналист.