“Кан тамырды кысып уктатуу зыян". Окуучулардын оюнунан от чыкпасын
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Социалдык тармактарга кооптуу видео тарады. Анда Бишкектеги дүлөйлөр жана дудуктар үчүн адистештирилген мектеп-интернатынын окуучулары бири-бирин муунтуп уктатып, ойноп жаткандарын көрүүгө болот.
Видеодо курдаштарынын бири мектеп окуучусун оозун, экинчиси мурдун басып, дагы бири эки күрөө тамырын колу менен кыса кармаганы даана көрүнгөн.
Бир канча көз ирмемден кийин бала жерге кулап түштү. Классташтары анын бети-башына чапкылап өзүнө келтирген соң балдар кайрадан күлүп ойноп киришти. "Уктап ойгонгон" бала теңселген бойдон кеткени тартылган.
Ассоль Молдокматова видеону өзүнүн Facebook баракчасына жарыялап, бирок башкалар туурабасын деген ой менен көп өтпөй өчүрүп салганын жазды.
Ал мектепте тарбияланып жаткан балдардын биринин ата-энесине шилтеме берип, ыгы жок мындай “оюндар” мектепте күн сайын болуп келгенин кошумчалады.
“Бишкектеги дүлөйлөр жана дудуктар үчүн адистештирилген мектеп-интернатынын дубалынын артында эмне болуп жатканына өкмөттүн, Билим берүү министрлигинин көңүлүн бургум келет. Балдар арасында мындай ырайымсыз оюндар күн сайын болот. Алар муунтушуп, мурдун басып, чапкылашат экен. Бул видеодо ар башка күндөгү окуялар көрүнүп турат. Бирок саналуу гана балдардын үстүнөн шакаба чегишет. Алардын биринин эпилепсиясы дагы бар экен”,- деди ал.
Молдокматова окуу жайдын тарбиячылары каякты карап отурат? деген суроону узатып, окуя боюнча комиссия түзүлүп, дыкат иликтениши керек деди.
Ошондой эле ал жобого ылайык, атайын мектеп-интернатта 64 мугалим иштеши керек болсо, учурда 10 гана адис иштеп жатканын жазды.
“Арзыбаган акчага эч кимдин иштегиси келбейт экен. Кечкисин ар бир бөлмөнү тарбиячылар көзөмөлдөп турушу керек болсо кадр жетишсиздигинен ушундай кемчиликтер болуп жатыптыр”,- деди ал.
Териштирүү иштери жүрүп жатат

Сүрөттүн булагы, facebook
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда окуя сентябрдын башында эле болгон. Бирок видео социалдык тармактарга жакынкы күндөрү чыгып кеткен.
Учурда балдар жана алардын ата-энеси менен жолугушуу болгонун Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Би-Би-Сиге айтып берди.
“Кудайга шүгүр, балдар жакшы. Комиссия түзүлдү, алар ишти териштирип жатат. Бирок мектептин директоруна жана тарбиячыларга чара колдонулат”,- деди министрдин орун басары.
Айтымында, жыйынга дүлөйлөр жана дудуктар коомунун өкүлдөрү дагы келген. Алар мындай көрүнүш мурун дагы болуп келгенин айтышкан.
“Алар биз окуп жүргөндө дагы ошондой нерселер болчу деп айтышты. Биз балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көзөмөлдөп жатабыз”,- деди ал.
Министрдин орун басары аталган мектепте, кадр жетишсиздиги жана маянаны төмөндүгү боюнча маселе бар деди.
Айтымында, ал жактагы тарбиячылар он төрт миңдин тегерегинде маяна алат.
“Тарбиячылардын саны, алар кандай шартта иштеп жатат, маянасы кандай ошол комиссиянын ишинин жыйынтыгында баа берилет. Бул маселени дагы талкуулайбыз. Буга чейин тамак-ашка бөлүнгөн каражат көтөрүлгөн. Эми тарбиячылардын айлыгын жогорулатуу жагын карайт окшойбуз”,- деди Муратбек Касымалиев.
Дарыгер эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дарыгерлердин айтымында, муунтканда адамдын уйку артериясы кысыла түшөт.
Анын кесепетинен кан жүгүрбөй калат дагы гипоксия же жөнөкөй тил менен айтканда адамдын организминде кан жүгүрбөй, кычкылтек жетпей калып өзүн жоготуп коет.
“Адамды коё берип, чапкылап жибергенде кан айлануу кайра калыбына келе түшөт. Бул абалды уктап калуу эмес, өзүн жоготуу деп айтуу туура болот. Себеби жогоруда айткандай эле уйку артериясы кысылганда адам гипоксия болуп калат”,- деди №3 балдар ооруканасынын жетекчисинин орун басары Данияр Шайбеков.
Уйку артериясы – башты, моюнду, кан менен камсыздай турган эң негизги күрө тамырлардын бири.
Адамда эки негизги уйку артериясы бар. Алар моюндун эки тарабында жайгашып, ар бири ички жана тышкы тамырларга бөлүнөт.
Тышкы уйку артериясы бетти, баштын терисин жана моюнду кан менен камсыз кылат. Ички уйку артериясы болсо мээге кан жеткирип турат.
“Ойноп болсо дагы уйку артериясын кысуунун кесепети өтө оор болот. Эгер көбүрөөк кысып койсо адам ошол бойдон өзүнө келбей калышы да толук мүмкүн.
Мээге бардык азык кан аркылуу кетет, кычкылтек жетпей калса майып болуп калышы ыктымал. Андан мээге доо кетип, соо адамдар дагы сүйлөбөй калышы мүмкүн”,- деп эскертти дарыгер.
Кыргызстанда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу отуз төрт мектеп-интернат бар, алардын ичинен он төртү адистештирилген атайын интернат.












