Кыргызстандын мектептеринде телефон эрежеси кирет

мектеп телефон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда биринчи жолу мектепте смартфондорду колдонуу эрежелери кирген жатат. Тийиштүү мыйзам долбоору парламенттин комитеттеринде карала баштады. Окуучулардын смарфтондорго көз карандылыгы алардын психикалык, физикалык саламаттыгына кандай зыян кылат деген кооптонуулар дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да күчөп турган убак.

Окуу жылы аяктап, окуучулар каникулга тарады. Бирок мектептеги окуу жана тарбия иштеринин түйшүгү токтогон жок. Алдыда жаңы окуу жылына даярдык көрүш керек.

Ал ортодо өкмөт биринчи жолу мектептерде смартфондордун колдонуу эрежесин киргизмекчи болууда. Анткени мобилдик телефондор окуучуларды бир жагынан окуудан алаксытып жатса, интернетке көзөмөлсүз кирүүнүн башка дагы зыяны бар деп эксперттер эскертип жатат. Ошондуктан бул тема көптөн бери активдүү талкуунун чордонунда.

“Мен өзүм №3 эксперименталдык мектепти бүткөм. Кыргызстанда билимдин баалуулугун тушүнө алса, үйдөн тарбиясы каралса, анда балдар билет кайсыл жерде телефонду иштетүүнү. Тилекке каршы, балдар сабак учурунда деле улам телефон карап, алагды боло берет. Ушундан улам учурунда аткарылчу иштерди жасашыбыз керек. Жылдар бою тарбиялана турган көндүм бул, тилекке каршы аны чоңдор өзү билбейт. Көңүл ачуучу видео көрүп, балдар да чоңдорду туурайт. Мыйзам чыкса бул арга жоктон иш болуп жатат окшойт”,-дейт Бишкектеги англис тил мугалими Гүлсара Мадаминова.

Депутаттар карап баштаган мыйзам долбоорунда коопсуз билим берүү чɵйрɵсүн түзүүгө, санариптик сабатуулукка орчундуу көңүл бурулган.

“Мыйзам долбоору мобилдүү түзүлүштɵрдүн тенденция, академиялык ишке жɵндɵмдүүлүктүн тɵмɵндɵшү жана кибербуллинг чɵйрɵсүндɵгү тобокелдиктер сыяктуу кесепеттеринен балдарды жана ɵспүрүмдɵрдү коргоо, ошонун ɵзү менен билим алууга жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу максатында иштелип чыкты жана демилгеленүүдɵ”,-деп айтты тийиштүү тармактык комитеттин жыйынында ЖКнын төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев.

Кыргызстандын мектептеринде смартфондорду колдонуунун бирдиктүү эрежеси жок. Кээ бир мектептерде чектөөлөр бар болсо, башкаларында окуучулар каалаганын кылат.

Смартфонду тынбай караган балдардын көз карандылыгы алардын психикалык, физикалык ден соолугуна кыйла эле зыян болот дешет. Бирок эрежелер дагы көп талкуунун элегинен өткөн турат. Анын үстүнө президент бул тартипти иштеп чыгууда алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап көрүүгө чакырган болчу.

Америка мектептерде телефонго текши тыюу салууда

телефонго АКШдагы мектепте тыюу салынууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул күчөп жаткан тенденциянын көрүнүшү. АКШда барган сайын балдардын смартфондорго көз карандылыгын кантип токтотуу жөнүндө баш катырган штаттар менен мектептер көбөйүүдө.

Орто мектептин мугалими Нэнси Стрэйт балдардын алдында смартфон менен атаандашуу кыйын экенин түшүнүп турат.

Бирок эне катары ал мындай гаджеттер өзгөчө кырдаалда керек экенин билет.

«Негизинен ата-энелер чалат»,-дейт ал. Анын айтымында класста телефонду пайдаланууга уруксат бербесе дагы көп окуучулар бул эрежеге карабайт.

Стрэйт сабак берген Лос-Анжелестеги мектеп округу - көлөмү боюнча өлкөдөгү экинчи - ушул аптада смартфонду колдонууга тыюу салган акыркы субъект болуп калды.

АКШдагы эл эң жыш жайшаган Нью-Йорк менен Калифорния штаттары бул маселе боюнча жаңы жалпы мамлекеттик саясатты карап баштады.

Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом класстарда смартфонду пайдаланууга тыюу салууга чакырып, мыйзамчылар менен бул саясаттын үстүндө иштей турганын билдирди. Нью-Йоркто губернатор Кэти Хоукул дагы ушундай мыйзам керек деп жатат.

Ушул жазда Индиананын губернатору класстарда сабак убагында мобилдүү телефонду колдонууга тыюу салган мыйзамга кол койгон.

Бул азыр эле болуп жаткан иш эмес, мектептерде смартфондорду колдонуу тартибин күчөтүү тууралуу талаш-талкуулар көптөн бери болуп келатат. Коом ичинде пандемиядан кийин балдардын психикалык саламаттыгы боюнча кабатыр маанай күчөдү.

АКШнын көпчүлүк мектептеринде телефон байланышы боюнча туруктуу саясат бар. АКШнын Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча мектептердин 76% 2021-2022-окуу жылында смартфондорду окуудан башка максатка колдонууга тыюу салышкан.

Эми соңку аракеттер бул процесстин андан ары өнүгүп жатканын көрсөтөт.

Лос-Анжелес мектебинин алтынчы классынын мугалими Рафаэла Ходжес, балдар телефон менен сүйлөшкөн учурдагы драмалык маанайды байкаган.

«Алар өзүн начар сезгенде телефонду колго алышат», — дейт ал Би-Би-Сиге.

Бул ошондой эле өлкөдөгү эки ири партияны бирдей бушайман кылган проблема: штаттардагы республикачылдар жана демократтар көзөмөлдөгөн мыйзамчылар дагы бул маселеде бир багытта иштеп жаткан чагы.

Өткөн жылы Флорида мектеп округдарынан класстарда телефонду колдонууга тыюу салууну талап кылып, мыйзам кабыл алган жана мектептеги Wi-Fi аркылуу социалдык тармактарга кирүүгө бөгөт койгон.

Мыйзам боюнча мектептер социалдык тармактардын социалдык, эмоционалдык жана физикалык таасирин эске алып окутууга тийиш.

Штаттардагы өзүнчө округдар, анын ичинде Мэн менен Виржиния телефондорду колдонууга катаң чараларды киргизүүдө. Канаданын Онтарио же Альберта сыяктуу провинцияларында да ушундай эреже бар.

Бүтпөгөн талаш-талкуулар

Мектептерде телефондорду колдонуудан чыккан кооптуу маанай көптөн бери болуп келататат. Бирок талаш-талкуу көп болгон менен, мунасасы аз болду.

1980-жылдардын башынан тартып эле АКШда телефондорду класстарда колдонууга тыюу салуу аракеттери болгон.

Эң алгачкы сынчылар телефондор окуучуларды сабактан алаксытат жана баңгизат саткандар менен байланыштырат деп каршы болушкан.

1989-жылы Колорадодо «Колумбайн» мектебинде атышуу болуп, 13 адам өлгөн окуя кээ бир ата-энелерди телефонду өзгөчө кырдаалда балдар менен маанилүү байланыштын маанилүү каражаты катары кароого аргасыз кылды. Калифорния сыяктуу штаттар эрежелерди жумшартып, 2002-жылы телефонду колдонууга тыюуну алып салышты.

Кийин мектепте балдар телефонго алаксыганы күчөп, кибер коркутууларга кабылып, тапшырмаларды көчүрүүгө көп колдоно баштаганда талаш-талкуулар кайра жанданды.

Социалдык тармактар жана окуучулардын писхикалык саламаттыгы

Эксперттер окуучулардын социалдык тармактарды колдонгондо психикасы бузулат деп кооптоно баштаганда талкуунун жаңы толкуну көтөрүлдү.

Дүйшөмбүдө Американын саламаттык сактоо тармагынын эң жогорку кызмат адамдарынын бири социалдык тармактарда тамеки жазылгандай эскертүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

Башкы хирург Вивек Мурти социалдык тармактар балдарда стресс менен депрессиянын симптомдорунун пайда болушун күчөтөт деп жатат, бирок бул темага арналган изилдөөлөр ар кандай.

«Балдар окууга гана көңүл бурбай, бир эле учурда телефондорунан баш көтөрбөй, досторуна кат жазып же социалдык тармактардагы билдирүүлөргө жооп берип, жаңылыктардын лентасын барактаган кырдаал түзүлдү»,-дейт Мурти.

«Ушунун айынан окууда эле кыйынчылыктар болбостон, мектепте мамиле күтүү да кыйын болуп баратат».

Социалдык тармактарда күнүгө үч сааттан ашык отурган өспүрүмдөр психикалык саламаттык көйгөйлөрүнө көп кабылаарын 2019-жылы жүргүзүлгөн изилдөө көрсөткөн.