Акактаткан автобус, чыланып терге жолдобуз
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Күн катуу ысый баштагандан тартып коомдук транспортко, айрыкча жаңы сатып алынган автобустарга байланыштуу калаа бийлигине нааразычылык күчөдү. Аны интернет желесинен дагы байкоого болот.
Айрымдар автобустагы термометрди сүрөткө же видеого тартып, транспорттун ичи мончодой эле ысып, тыштагы температура мында эле калды деп жатышыт.
Мындай сын калаа башчысы коомдук транспорттун чыныгы абалын өз көзүңөр менен көрүп, көпчүлүк катары жон териңер менен сезгиле деп өз кызматкерлерин аптасына эки күн унаа айдатпай жаткан учурга туш келди.
"Мен өзүм резиденциядагы жыйындарга барып калганда автобус менен жүрөм. Коомдук транспортто айдоочулардын эрежени сактабаганын же терс мамилелерин көрүп келем. Аларга сын-пикир, сунуштамаларыбызды жазып, оңдоп келатабыз. Эң негизги максатым шаар жетекчилигиндегилер чыныгы абалды бир жумада эки жолу өз көзү менен көрүп, сезип, муктаждыгы жаралышы керек. Качан өзүлөрү тээп келип, велосипед коё турган жер таппай калганда, жол таппай калганда чечкенге шашат. Жөнөкөй жарандар келип айтат, аны адистер бир ай карайт, жетекчиси дагы бир ай карайт. Анан анысын дагы бирөөсүнө берет, ошону менен жок болот. Эгер өзү кошо күндө келсе, бул маселенин актуалдуу экенин жон териси менен сезип, анан коомчулуктун да маселеси чечилет. Биздин ушул иш-аракетти мамлекеттик мекемелерге да сунуштап жатам. Министрлер кабинетинин кароосуна киргизип жатабыз",- деди Би-Би-Сиге мэр Айбек Жунушалиев.
Экинчи жагынан, автобуста думугуп калмай болдук деген сын шаарда тролейбустар толугу менен кызматын токтотот деген сөз тарап жаткан маалга тушташ келди. Айрымдар тролейбус чуркай турган линиялар кызылдай эле жез болчу, күн санап баасы асман чапчып бара жаткан бул түстүү металл кайда кетет, эмне болот, тескерисинче тролейбустун көбөйтүш керек эле го деп жатат.
Коомчулукка маршрутка деп таанылган кичи автобустардын дагы саны кескин кыскарган маал.
Автобустардын кондиционери жок

Маселе Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде дагы көтөрүлдү.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Түркия мамлекетинен келчү жаңы автобустарга каражат бөлүү тууралуу документ каралып жатканда депутат Таалайбек Сарыбашов былтыр Кытайдан канча автобус сатып алынганын сурады. Ошондой эле аларда кондиционердин бар-жогуна кызыкты.
Мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаевдин айтымында, 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 1000 автобус сатып алуу боюнча макулдашылган.
Былтыр алардын 500 даанасы келген, быйыл 390у алынып, дагы 110 транспорт жолдо экенин маалымдады жана алардын баарында кондиционер жок экенин айтты.
“Өзүңөргө кондиционери жок унаа алат белеңер? Эмне үчүн бул жагдай эске алынган эмес?”,- деп сындады депутат.
Уланбек Бейшенбаев автобустарды кондиционер менен сатып алганда баасы дагы 10 миң долларга чейин кымбат болмок деп түшүндүрдү.
Депутат канча техника алынса дагы алгач сапаты жана эл үчүн ыңгайлуулугу эске алынышы керек болчу деди.
“Кондиционери жок 1000 автобус алып алып, ысыкта эл “бышып” жатпайбы. Бүгүн күндүн ысыгы 40 градус болуп жатат. Өзүңөр ошол автобустар менен жүрүп жатасыңарбы? Жон эле ала бербей элди ойлош керек да. Өтө чоң жаңылыштык кетиргенсиңер. Эми баарына кондиционер коюп чыгышыңар керек”,- деди Сарыбашов.
Парламенттин жалпы жыйынында маселени дагы бир депутат Аида Исатбек кызы айтып чыкты.
Депутат коомдук транспортто өзүн жоготкондордун саны көп болуп жатканын, маселеге байланыштуу ага кайрылган тургундар дагы көп экенин билдирди.
Ал кийинки алына турган автобустарда кондиционер сөзсүз болушу керек деген пикирди айтты.
“Ошол сатылып алынган автобустардын техникалык тапшырмасын аткарган адамдарды, мэрия кызматкерлерин күндүн ысыгында автобуска отургузуп көрөлү. Элдин кыйналып жатканын сиздер дагы көрүңүздөр”,- деди ал.
Мэрия эмне дейт?
Бишкек шаарынын мэриясы мындан төрт жыл мурунку абалды эске салып, салыштырмалуу коомдук транспорт көйгөйү кыйла жакшырганын айтат.
“Шаардын ичи толо кичи автобус эле. Сырттан киргенин эске албаганда Бишкектин өзүндө 1800 кичи автобус жүрчү. Азыр каттамда алардын эки жүздөйү гана калды. Алардын абалын, ичи кандай болгонун өзүңүздөр жакшы билесиздер. Бут коёрго орун жок, санитардык нормага жооп берчү эмес, эски эле. Дал ошол көйгөйдөн арылуу үчүн азыркы автобустарды алып келип, жагдайдан чыгабыз деп реформа башталган. Сатып алынган автобустар алардай эмес, айырма абдан чоң. Ошого карабай сындар айтылып жатат. Биз негиздүү сынды кабыл алабыз”,- деди Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Назгүл Жамгырчиева.
Жамгырчиева автобустардын кондиционерсиз алынганын дагы бир себеби катары үнөмдөө аракетин жүйө келтирди. Ал кандай болгон күндө дагы алардын абалы мурдагы кичи автобустарга караганда кыйла жакшы экенин айтып, кондиционердин техникалык өңүтү тууралуу да сөз кылды.
“Унааңызда бара жатып деле терезелер ачык турса же улам-улам эшик ачылып жабыла турган болсо кондиционер иштетпейсиз да. Кондиционер толук кандуу иштеши үчүн эшик, терезе деген жабылыш керек. Автобус ар бир 500 метр сайын токтоп жатса, терезе ачык болсо бул жагы кандай болот? Эгер экспресс катары узак аралыкка эшик-терезесин жаап алып айдай турган болсо анда кондиционер зарыл болсо керек. Ушул эле автобустар кышында жып-жылуу. Мурунку кичи автобустардай буттан шамал урбайт”,- деди ал.
Мэриянын маалыматына караганда, учурда шаар ичиндеги каттамдарды оптималдаштыруу иштери жүрүп жатат. Азыркы учурда 1200 кичи автобус шаардын борбордук көчөлөрүнөн чыгарылды. Коомдук транспортторду көбөйтүү максатында республикалык бюджеттен 1000 автобус алынды, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу 114 автобус, Германиянын гранты аркылуу 17 автобус алынды, Азия өнүктүрүү банкы 120 электробус келиши күтүлүүдө.
Мэр эмне дейт да, эл эмне дейт?
Миң уккандан бир көргөн артык деп атайын автобуска түштүм. Канча автобуска түшпөйүн дароо эле термометрине көз кадалат. Мен көргөн учурда температурасы 40 градустан кем эмес көрсөтүп жатты.
Түшкү убак болгондуктанбы айтор жүргүнчүлөрдүн ашыкча тыгылганын деле байкаган жокмун. Бирок транспорттун ичи үп болуп, акактап терин сүргөн жүргүнчүлөрдү көрүп жаттым.

Саадат, Бишкек шаарын тургуну:
“Автобустар жакшы көп эле каттап жатат. Бирок кичи автобустарды алып койгондон кийин мурункудан айырмасы жок эле болуп калды. Көпчүлүк учурда тыгын, эл батпайт. Эл эң аз отурду деген учурду көрүп жатасыздар. Болбосо эртең менен же кечинде аябай эле тыгын. Жайкы каникул аяктап мектеп башталганда кандай болот билбейм. Көрүп турасыңдар термометр 40 градусту көрсөтүп жатат”.

Бишкек шаарын тургуну:
“Автобустар келип аябай жакшы болуп калды. Кичи автобустар сыяктуу тыгылбай ээн түшүп, чыгып жатабыз. Төлөмдөрү дагы карта менен болуп аябай ыңгайлуу. Бат-баттан каттайт. Кыскасы мага жагып жатат. Кичи автобустардын ичи мындан дагы ысык болчу. Эми кондиционери болсо жакшы болмок, бирок азыр деле жаман эмес”.

Кылычбек, Бишкек шаарын тургуну:
“Кичи автобустарга караганда жакшы. Кенен, тыгылбайсың. Бирок ысыкта желдеткичи болсо андан дагы жакшы болмок”.

Надежда Смаликова, пенсионер
“Акчаны төлөп жатабыз, бирок шарт биз күткөндөй шумдук деле болуп кеткен жок. Кичи автобустарды шаар ичинен алып салышты. Менимче алардын ичинде желдеткичи болгондуктан салкыныраак болчу. Автобус деле жаман эмес, жүргүнчү көп батат. Бирок ысык болуп жатпайбы. Жакшы шарт түзүштүбү же артык кылабыз деп тыртык кылыштыбы, эч нерсе айта албайм”.

Бегимай, Бишкек шаарынын тургуну:
“Ысыгы ысык эле болуп жатат. Айрыкча балдар, кары-картаңдар үчүн кыйын болууда. Эмне кылмак элек, айла жок. Коомдук транспортко түшүүгө мажбурбуз. Мен түшкөн автобустардын термометри 40тан жогору көрсөтүп жатат. Аба жок, үп”.

Марат Үсөнов, Бишкек шаарынын тургуну:
“Азыркыдай температурада кондиционер сөзсүз болушу керек. Бирок шарт мурдагыга караганда жакшы болуп калды. Тейлөөнүн сапаты жогорулады. Ичине кирип келгенде жагымдуу”.

Казакбай, Бишкек шаарынын тургуну:
“Мен ден-соолугума байланыштуу үйдөн деле чыкпайм. Автобуска деле көп түшпөйм. Бүгүн түштүм, албетте ысык. Бирок мурдагыга караганда шарт жакшы”.
Гүлшат Нуркалиева, Бишкек шаарынын тургуну:
“Мен азыр 10-автобус менен келдим, дем жок. Ысыкта автобустарда кондиционер болсо жакшы болмок. Терезелерин ачып коюшкан, бирок жел кирбейт. Айрыкча улгайган адамдар үчүн кыйын болчудан. Күн мындан дагы ысый турган болсо кандай болот”.

Саадат Жээнбекова, Эне-Сай конушунун тургуну:
“Коомдук транспортто эл көп, желдеткичи жок. Күн ысык, бала-бакырасы менен жүргөндөр, улгайгандар үчүн кыйын эле болууда. Мен бул жерге чейин 34 автобус менен келдим. Ичи 37 градусту көрсөтүп жатты. Шаар ичинде кичи автобустар дээрлик жүрбөй калды. Ошол себептен дагы автобустарда эле көп. Биз дагы транспорт көйгөйү боюнча учурда мэрияга бара жаттык эле. Биз жашаган Эне-Сай конушунан 240 жана 104-кичи автобустар жүрчү. Учурда алар шаарга кирбей калды. Алардын ордуна жүрөт деген автобустар дале жок. Алгач автобустарды киргизип туруп анан кичи автобустарды каттамдан чыгарыш керек болчу да. Биз ушул маселе менен чуркап жүрөбүз”.
Дарыгерлерден кеңеш
Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Барисовдун маалыматына караганда Бишкекте ысык уруп тез жардам чакырган учурлар өтө сейрек, жокко эсе.
Бирок кан басымы жогору, айрыкча жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандар ысыкты көтөрө албай кыйналышы ыктымал.
“Жашы өтүп калгандар, балдар жана кош бойлуу аялдар дагы бул катмарга кирет. Күндүн ысышы менен чакыруулардын саны дагы өстү десек болот. Бирок Бишкек боюнча тез жардам бригадалары абдан жетишсиз. Эгер 120 бригада керек болсо, бизде 40 гана бригада бар. Ошол жагдайды эске алганда жайы-кышы дебей ишибиз өтө көп”,- деди ал.
Дарыгер кишиге ысык өтүп кеткенде алгач алсырап, баш ооруп, көңүлү айлана турганын айтты. Эгер кимдир бирөө ысыктан эсин жоготуп кое турган болсо тез жардам келгенче көлөкө жерге жаткырып, сүлгүнү суулап чекесине басуу керек деп кеңеш берди.
Доктур коомчулукту ысыкта зарыл иши болбосо көчөгө чыкпай турууга чакырды. Суюктукту жетиштүү ичип, эл көп топтолгон жерлерге барбай, айрыкча коомдук транспортко түшпөй туруу керек деди. Кийген кийимге дагы маани берип, баш кийимди чечпөө сунушун айтты.
Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу акыркы жылдары ысык Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзү боюнча күч алды. Жыл сайын орточо температура жогорулап, мөңгүлөрдүн эрүүсү тездеп, суунун көлөмү дагы азайууда.
Дүйнө жүзү боюнча климаттын өзгөрүүсү ар кандай кесепеттерди алып келүүдө, эң жаманы адам өлүмү менен дагы коштолууда.
Соңку алты күндө эле Пакистанда ысыктан көз жумгандардын саны 500дөн ашты.
Индияда дагы мээ кайнаткан ысыктан улам ондогон адамдар каза болуп, ооруканага кайрылгандардын саны өстү.
Сауд Аравиясына болгон ажылык сапар дагы ысыкка байланыштуу өлүм-житимдер менен коштолду.












