Бишкектеги 15 сомдук “мончо”

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Бишкекте мончонун түрү көп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекте мончонун түрү көп

Борбор калаада боор ооруткан толгон-токой көйгөй бар. Бири күйсө бири өчүп дегендей бирин чечсе экинчиси калып келет. Бирок, бир нече жылдан бери, өзгөчө соңку учурда коомдук унаа баш оорууга айлангандай. Эми ошону азил-чыны аралаш жазайын. Жыйырма мүнөт ашыгы менен эсептеп чыккан күндө да жетчү жерге жарым саат кечиккенимде бул ой толгоо өзүнөн-өзү жазылды. 

Сөздү акыйып күткөндөн баштайлы. Бирок, жазган менен эмне өзгөрмөк эле, түшкөнүмдөн эле улайынчы. Каалгасын ичиндегилер жаба албай 2-3 мертебе убара тарткандан кийин сырттан бирөө “колуңду тарт” деп туруп, карс эттире жаап берди. Маршрут ыйынып жыла бергенде эле Темир акенин “белгисиз маршруту” башталды...

Оордубуздан он беш метр козголуп эле унаалардын “жыйынына” кабылдык. Маселелери көп окшойт, кан жолдо же ары кетпей же бери кетпей ай асман чапчыган Мерседес, СССРди эске салган троллейбус, таблетканы тагып алгансыган матиз баш болуп түркүн-түстүү унаалар “курултай” куруп, жолдо туруп алды. Ичте биз тыгылып, жолдо унаалар сыгылып тура бердик, тура бердик. Ошентип “пробка” дегенде түтүн жутуп, абаны ыштап далайга акыйдык. Сырттагы чыйрыктырган суукту сен көр, мен көр. Акырындап жылый баштагансыдык, анан мончонун жыты келе баштады...

Кезинде бул сүрөт интернетке тарап, кызуу талкуу жүргөн. Коомдук унаа көйгөйү аймактарда да бар. Сүрөттү качан, кайда, ким тартып алганы так белгисиз

Сүрөттүн булагы, pikabu

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кезинде бул сүрөт интернетке тарап, кызуу талкуу жүргөн. Коомдук унаа көйгөйү аймактарда да бар. Сүрөттү качан, кайда, ким тартып алганы так белгисиз

Тикеңиз менен тик туруп уктап алсаңыз да болот

Тутканы кармай турган кол эч убарасы жок кетип баратты. Атайлап кулайм десең да кулай албайсың, куламак турсун бурулуш кайда. Колдор ошентип өзүнөн-өзү бошоду. Бирок ал колдор телефон менен алек. Болбосо кулакчындар ысыды го чиркин. Ошондо ошол маршрутканын ичинде дүйнөлүк саясаттан баштап, насыяга, абысындардын акыясына чейин түркүн кептер сүйлөнүп жатты чиркин. Тойго барышканын, абысыны муздак чай куюп берип койгонун бир апа кеп салып баратты.

Дагы бири вотсап группага сүйлөп торпок издеп жүрдү. Бири иштен катуу чарчап чыкканын, кесиптеши керсейгенин айтып кейиди. Кулак уккан кептин бир эле бөлүгү ушулар болду. Оо ошол тушта орун тийип олтуруп калгандардан өткөн бактылуу адам болбосо керек деп ойлодум. Эшиктин түбүндө бетим айнекти жышып кетип баратып, жыла албай катарлаш турган унааны көрдүм. Сыгылып баратканыбызды көрүп, “эх, бактысыздар” деп аяп бараткандай эле сезилди. Болбосо ал учурда бакыттын сөзү так ошол маршруттун “ааламында” айтылып жаткан. Жанымдагы бозой телефондон бир кызга кыялдарын төгүп, төгүп-төгүп бараткан эле...

Индиядагы көрүнүш

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индиядагы көрүнүш

"Мончо" жылый баштады...

Дагы бир аз жылганда баш кийимдер чечилди, көп өтпөй эбин тапканы күрмөсүн чече баштады. Демибиз менен бир маршрутту “кайнаттык”. Кайран гана борбордун коомдук транспорту. Жайында “мончо”, кышында “хамам”. Бир гана кемчилиги самыны менен суусу жогунда болбосо жайы-кышы жылма терге чөмүлүп, бир боргулданып анан жете барасың. Атаганат жылуу суусу гана жетпей турат да. Департаментиби, агенттигиби же башкармалыгыбы ушул жылуу суу маселесин кошо карап койсо эле андан чыга келген кишиге эч ойлонбой “жеңил парыңыз менен” деп айта берсеңиз жарашат.

Аңгыча эле бирөө токтоп коюңузчу, токтоп коюңузчу деп калды. Башталгыч класстын окуучусу окшойт, араң эле суурулуп чыкты. Кабыргалары кабырылып калган жокпу деп ойлодум. Артынан бир далайдан кийин колдон колго өтүп сумкасы келди. Мынча шыкалган жерде чөнтөк ууруну деле күнөөлөп болмок эмес, өз колуңуз, өз эркиңиз менен өз телефонуңузду башка чөнтөккө салып коюшуңуз толук ыктымал. Ал эле эмес, өзүмдүкү деп ойлоп башканын чөнтөгүн оодарып алышыңыз деле анча оор эмес. Шыкалган бойдон бир сааттан өтүп жеттим. Колу-бут бүгүлгөн бойдон келип түштүм. Кудум эле шахматтын атындай болуп калыптырмын.

Суроо артынан суроо…

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эми ичинде жөткүрүк менен чүчкүрүккө көз жумганда деле кимдер менен келдик? Кандай ооруну таратып же жайылтып жатабыз, түркүн вирустун очогу болуп берген жокпу?

Коомдук унаалар качан тазаланып, качан тартипке келет? Арзан жеттик же арзан кызмат көрсөтүп жатат деген менен мунун азабы ашып жаткан жокпузбу? Жөн жерден далай жугуштуу ооруу жайылып жаткан жокпу?

Тутканы кармап, байкабай колун оозуна салып алган бала-бакыра жок деп ким айта алат? Ошончо шыкалып, мээси чыңалып барган жумушчу кантип жадырап жайнап ишине киришсин? Таң атпай ошондой маанай менен башталган күн жакшы кыялдарды бырын-чырынын чыгарып салып жаткан жокпу?

Баарынан баалуу деген убакытыбыз шаардын көчөсүндө калып калган жокпу? Жылбай “курултай” курган унаалар ышка думуккан Бишкекти ого бетер уулап жаткан жокпу? Качан бул маселени комплекстүү карап, качан алга жылабыз?

Качан бадырайта вело жол куруп, далай кишини шайтан арабага мингизебиз? Шарт жогуна карабай велосипед тээп жүргөндөргө алкыштан башка эмне айтабыз?

Картада керек болсо Бишкектин чыгышы менен батышы, түндүгү менен түштүгү веложолдор менен туташып, кыйма-чийме. Бирок бул азырынча кагаз картадагы чийме. Ал сары (даяр веложол), жашыл (долбоорлонуп жатканы), кызыл (ушундай болсо болот деген божомол) түстө
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Картада керек болсо Бишкектин чыгышы менен батышы, түндүгү менен түштүгү веложолдор менен туташып, кыйма-чийме. Бирок бул азырынча кагаз картадагы чийме. Ал сары (даяр веложол), жашыл (долбоорлонуп жатканы), кызыл (ушундай болсо болот деген божомол) түстө

Бир келип кетчи биз жакка...

Мэр мырза, жаңы конуштан бир эле күн мени менен чогуу келип көрбөйсүзбү, ошондо ийне-жибине чейин түшүнүп, мен чечимди таптым, “эврика” деп дароо кыйкырасыз деген сунушту жаадырып жибербей туруңуздар. Баарын билет, буюрса баарын чечет. Кезинде эки ортонун сүзүштүрүп, монорельс курам деген мэр үлгүрбөй гана калды окшойт. Болбосо курмак деп сооронуп туралы.

Бишкек четиндеги таштанды жыл бою түтөгөнү түтөгөн

Сүрөттүн булагы, Vlad Ushakov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкек четиндеги таштанды жыл бою түтөгөнү түтөгөн

Ошентип 15 сомдук “мончого” эптеп илээшип алып, анын айнек терезесинен каккан мыктай былк этпеген жол тыгынды, 365 күн бою уусу менен буусун бүрккөн тоодой таштанды полигонун, келе жатып эле көздөн кайым болуп кеткен жолдорду, бир жагын жаңы төшөп жатса бир жагы тешилген жолдорду, аңырайып ачык калган кудуктарды, ышка толгон Бишкекти, өтө сейрек кездешкен сейил бактарды (аянты да аз, саны да аз), баткагы тизеге жеткен жолдорду көрсөңүз болот.

Лондондогу вело тоткотуучу жай. Зыянсыз транспорт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондондогу вело тоткотуучу жай. Зыянсыз транспорт

Жеткен пессимист турбайбы дебеңиз, жакшысын да көрүп, төбө көккө жетип жатат. Мисалы кагазда бар, иште жок, башкысы планда турат деген вело жол чиймелери, алты унааны катары менен айдасаң былк этпеген Жайыл баатыр көчөсүнүн жаңы салынган тилкеси, дизайны жаркыраган саналуу болсо дагы жаны мектептер, аздан болсо дагы тартылып жаткан борбордук канализациялар жана башка. Аларды эми бүлдүрбөй, таза кармамак ар бирибизден, замандаш. Жол тыгын керек болсо Москвада бар, анын жанында Бишкектики кеп эмес дебей мыкты шаарлардын мыкты жагын туурайлы, өнүгөлү.