You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстан алтын менен камсыздалган 50 миллион даана USDKG санарип валютаны расмий ишке киргизди
20-ноябрда Кыргызстанда АКШ долларына байланган жана алтын менен камсыздалган улуттук стейблкоин USDKG расмий түрдө ишке киргизилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарада "Эмиссияны ишке киргизүү" баскычы басылып, Tron түйүнүндө 50 000 000 даана USDKG токенинин чыгарылышы расмий жарыяланды.
Ага президент Садыр Жапаров, каржы министри Алмаз Бакетаев жана "Виртуалдык Активдердин Эмитенти" мамлекеттик ишканасынын төрагасы Бийболот Мамытов катышты.
Ар бир токен бир АКШ долларына (1 USD) барабар жана физикалык алтын менен камсыздалган.
Президенттин аппаратынын маалыматына караганда, жаңы стейблкоиндин пайда болушу Кыргызстанга дүйнөлүк каржы системасында өз ордун бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле бул кадам Web3 экосистемасын өнүктүрүүгө шарт түзүп, мамлекеттик жана жеке сектор ортосунда блокчейн кызматтары аркылуу иштешүүнү жеңилдетет.
Мындан тышкары, USDKG инвестиция тартууга жана технологиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жол ачып, Кыргызстандын инвестициялык шартын арттырат.
"Реалдуу активдер менен камсыздалган стейблкоинди киргизүү каржылык инновацияларга болгон ишенимди бекемдейт жана экономиканын өсүшүнө жардам берет",- деп айтылат маалыматта.
USDKG токенин чыгарууну толугу менен мамлекетке таандык "Виртуалдык Активдердин Эмитенти" ишканасы жүргүзөт.
Буга чейин аткарылган иштер
Кыргызстанда виртуалдык активдерди жөнгө салууга багытталган мыйзам 2022-жылы кабыл алган.
Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясынын маалыматына караганда, бул документ криптоиндустриянын өнүгүүсүн ыкчам жолго коюп, 2024-жылга чейин либералдуу шарттарды түзгөн.
Өлкө 2025-жылдын 3-майында "Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча" улуттук кеңешти негиздеген.
Кеңештин алгачкы жыйыны 4-майда Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага президент Садыр Жапаров төрагалык кылган.
Кеңештин курамына дүйнөдөгү эң ири Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао жана компаниянын аймактык жетекчиси Кирилл Хомяков кирген.
Быйыл сентябрда Жогорку Кеңеш "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, мамлекеттик крипторезерв түзүүгө жана мамлекет өзүнүн ресурстарын колдонуп майнинг жүргүзүүгө уруксат берген. Мыйзамда токенизация жана стейблкоин механизмдери да камтылган.
Айтылган сындар
Буга чейин Садыр Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев Кыргызстанда жаңы түптөлгөн "Берекет Банк" каржы мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири экени тууралуу маалымат социалдык тармактарда кеңири талкуу жараткан.
Мындан улам президент Садыр Жапаров өзү да комментарий берип, банк Binance компаниясынын жетекчиси Чанпен Чжаонун сунушу менен түзүлгөнүн жана санарип активдерге багытталган жаңы форматтагы банк болоорун түшүндүргөн.
Бийликке сын айткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да бул темага кайрылып, учурдагы президенттин балдары жана жакын туугандары банктарды ачып, элдин көз алдында бат эле байып жатканын айтып сынга алган.
Мындан тышкары криптовалюта тармагында Кыргызстандын аты санкцияларга байланыштуу да аталууда.
Быйыл июнь айында британиялык Financial Times басылмасы Кыргызстандын аймагында түзүлгөн Grinex криптобиржаcы жана рублга байланган A7A5 токени аркылуу 9 миллиард долларга чейинки каражат айланганын жазып, аны санкцияларга кабылган Орусиянын көмүскө төлөмдөрүнө байланыштырган. Басылма өз иликтөөсүндө Кыргызстандагы бул крипто-активдерге Орусияда жашаган, Батыштын санкциясына кабылган молдовалык олигарх Илан Шордун тиешеси бар экенин белгилеген. Август айында Улуу Британия Grinex криптобиржасына жана кыргыз банкына санкция салган.