Судан: Премьер-министр Абдалла Хамдук каршылык акциялардан кийин кызматтан кетти

Судандын премьер-министри Абдалла Хамдук борбор шаар Хартумда кезектеги массалык нааразылык акцияларынан кийин кызматын тапшырды.

Миңдеген адамдар Хамдуктун жакында эле түзгөн келишимине каршы чыгышты. Ал бийликти армия менен бөлүшүүгө макул болгон. 2021-жылдын октябрында аскерлер төңкөрүш уюштурган эле.

“Элге бийлик” деп ураан чакырган митингчилер толугу менен жарандык бийлик орнотууга чакырып жатышат. Бирок аскердик күчтөр зордук-зомбулук менен күч колдонуп, натыйжада эки киши каза болгон.

Хамдуктун кызматтан чегиниши армияга өкмөттү толугу менен башкарууга шарт түзөт.

Бул Судандын демократиялык башкарууну жөнгө салуу үчүн жасаган алсыз аракетине урулган кезектеги сокку болуп калды. 2019-жылы элдик көтөрүлүштүн натыйжасында өлкөнү узак убакыттан бери башкарып келаткан авторитардык президент Омар ал-Башир бийликтен кулаган болчу.

Өзүнүн телеканал аркылуу кайрылуусунда Хамдук өлкөнүн “жашап кетүүсүнө коркунуч туудурган кооптуу бурулуштун алдында турганын” айтты.

Анын айтымында, өлкөнү “коркунучту көздөй сыйгаланып” бараткан жеринен токтотуп калуу үчүн колунан келгенин жасаган. Бирок “мунасага жетүүгө жасалган бардык аракеттерге карабастан… ал ишке ашкан эмес”.

Армия өткөн жылдын 25-октябрында төңкөрүш уюштуруп, премьер-министр Хамдукту үй камагына алгандан кийин жарандык жана аскердик лидерлер бийликти бөлүшүү боюнча оор макулдашууга жетишкен болчу.

Хамдук менен ноябрда жетишкен макулдашууга ылайык, премьер-министр кайра кызматка келип, шайлоо өткөнгө чейин технократтардын кабинетин жетектеп турушу керек болгон. Бирок жаңы жарандык өкмөт канчалык бийликке ээ болору белгисиз бойдон. Акцияга чыккандар аскердик күчтөргө ишенбей турганын айтышкан. 

Миңдеген адамдар жекшемби күнү борбор Хартумдун жана Омдурман шаарынын көчөлөрүнө чыгышып, армияны саясатка кийлигишпөөгө чакырышты.

Социалдык медиада активисттер 2022-жыл “каршылык көрсөтүү уланган жыл” болорун айтып жатышат.

Төңкөрүш болгондон бери 50дөн ашуун киши каза болгон. Демократияны колдогон Судан борбордук дарыгерлер комитетинин маалыматы боюнча, жекшемби күнү бери эле дегенде экөө мүрт кеткен.

Төңкөрүштүн лидери генерал Абдел Фаттах ал-Бурхан октябрь айындагы төңкөрүштү коргоп, аскердик күчтөр жарандык согуштун алдын алып калганын айткан. Анын айтымында, Судан жарандык башкарууга өтүүнү көздөөдө жана шайлоо 2023-жылдын июлуна пландалууда.

Эммануэл Игунзанын анализи, BBC News

1-январль Судандын Эгемендик күнү. Бирок азыр өлкөдө майрамдоого себеп аз.

Премьер-министр Абдалла Хамдуктун кызматтан чегиниши аскердик лидерлерге катуу сокку болду. Армия Хамдук менен түзүлгөн келишим каршылык акцияларын басаңдатып, алардын бийликте калышына шарт түзөт деп ойлоп жатышкан.

Көрүнүп тургандай, мындай божомолдор ката болуп чыкты. Бирок бул армия азыр бийликке бекем турганын билдирет.

Азыркы саясий кризис Суданды бийликтен кулатылган мурдагы лидер Омар ал-Баширдин тушундагыдай авторитардык башкарууга кайтып барбайбы деген кооптонууну жаратууда.

Дагы бир тобокелдик Судан “каракчы” өлкөгө айланып калабы деген маселенин айланасында болууда. АКШ сыяктуу мамлекеттер Суданда жарандык башкарууга кайтууга жолтоо болгондорду жазалай турганын айта башташты.

Өлкөдөгү экономикалык кырдаалды эске алганда, мындай чечимдин кесепети судандыктардын жашоосуна ого бетер оор болушу мүмкүн. (EA)