Шинжаң (Синьцзян) тарыхы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайда Олимпиада 2022 оюндары башталганы турат. Шинжаң - бул олимпиаданы жарнамалоодо кышкы спорттун негизги түйүндөрүнүн бири катары көрсөтүлүүдө. Батыш өлкөлөрү Кытайдагы бул аймакта жашаган мусулман азчылыктарына геноцид кылууда деп айыптап келет. Кытай тилинде "жаңы чек", жаңы жер" дегенди түшүндүргөн Шинжаң Уйгур автоном району кандайча пайда болгону тууралуу тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегиндин блогун сунуштайбыз.
Эскертүү: Автордун жазуу стили өзгөртүүсүз берилди.

Сүрөттүн булагы, ky.wikipedia.org
Байыркыдан тарта
Оболу дароо эле тактай кетсек: чыгыш түрк калктарынын жалпы тарыхында азыркы Шинжаң Уйгур автоном районунун аймагы – эң чыгыштагы чөлкөм болуп саналбайт. Ал – орто аралыктагы эле аймак. Андан да чыгышыраак аймактарда түрк калктарынын өкүлдөрү эзелтеден байырлап келишкен.
Б.з.ч. I миң жылдыкта эң чыгышта байырлаган бир катар түрк этностору азыркы КЭРдин Ички Монголия автоном районун (анын ичинде Ордосту), Ганьсу, Цинхай жана Шэнси аймактарын, Монголияны, Энесайды, Чоң Алтайды, Чыгыш Теңир-Тоону жердешкен.
Демек, ошол байыркы убакта эле азыркы Шинжаң аймагы чыгыш түрктөрдүн журттарынан батышыраакта жайгашкан чөлкөм болгон.
Улуу Кытай дубалы – сепилдер чынжыры катары дал ошол чыгыш түрктөрдүн бири – Ордостогу хундарга каршы курула баштаган эмеспи.
Улуу жибек жолу аркылуу чыгыш түрктөр көөнө Кытайдагы сулалелер (династиялар) менен тынч соода алакаларын да жүргүзүп, Батыш менен Чыгыштын соода жолунун бир катар тарамдарынын коопсуздугун камсыздап, Кытай менен сулалелер аралык нике аркылуу дипломатиялык байланыштарын чыңдап турган учурлар да тарыхта арбын катталган.
Ички Кытайдагы сарай төңкөрүштөрүнө катышып, чакан падышалыктарда убактылуу бийлеп калган чыгыш түрктөрүнүн өкүмдарлары да болгон.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Энесай Кыргыз каганаты VII–IX кылымдарда Тан сулалеси менен элчилик алакалар түзүп турганда, бул каганат менен Тан мамлекетинин ортосунда ар дайым буфердик чыгыш түрк аймактары жана өлкөлөрү, шато түрктөрү сыяктуу этностор болгон.
751-жылы Талас өрөөнүндөгү Атлах шаарынын жанында келгин араптар менен келгин кытайлардын аскерлери өз ара таймашканда, жергиликтүү түрк калктары эки тарапта тең согушкан. Карлуктар араптарды убактылуу колдой калып, Арап халифатынын аскерлери жеңишке жеткен менен, бир аз убакыттан кийин эле эгемен карлуктар кайра Тан сулалеси менен ымаласын жакшыртып, араптарды Таластан батышка – Маверанннахрга сүрүп салышкан.
Ал эми Тан сулалесинин Чыгыш Теңир-Тоого шаасы жетпей калгандыгынын себеби – Чан’ан шаарындагы ички күрөш болгон. Теги түрк жана согду болгон колбашчы Ан Лушан (703–757) Кытайда 755-ж. баштаган ири козголоң да Тан сулалесин убактылуу алсыраткан.
Кийинчерээк, салыштырмалуу Чыгыш Түркстан деп адабиятта аталып калган чөлкөмдө кытай эмес этностордун бийликтери 1758-жылга чейин Кытайдан өз алдынча үстөмдүк кылып келген маалда да бул аймактагы айрым шаарларда кытай (ханзу) соодагерлеринин өкүлдөрү байырлай беришкен.
960-жылы ислам динин өз мамлекеттик дини катары жарыялаган теңир-тоолук Карахандар каганатынын түндүк борбору – Баласагын, түштүк борбору – Кашкар шаары болгондугун, ал эми Карахандардан чыгышта – Турпан өрөөнүндө жана ага чектеш аймактарда манихей, бутпарас (буддизм) динин туткан Уйгур ызыккут (ыдыккут, б.. “ыйык кут”) өлкөсү XIV кылымга чейин жайгашканын эскере кетелик. Бул аймактар кийин исламдашкан жана түрктөшкөн Хайду мамлекетине, Моголстанга каратылды.
XVII кылымда жергиликтүү мусулмандар “ак тоолук”, “кара тоолук” сопулук топторго жиктелип, өз ара күрөшүп жатып, бул аймак бутрапас динин туткан ойрот элинин Жунгар хандыгынын ээлигинде калды. Анда да ичкерки Кытайдын эч кандай саясий бийлиги жок болду.
Негизи, тарыхты жалаң согуштар жана саясий окуялар менен байланыштырып үйрөнгөн учурларда, этностук-маданий тарыхтын өңүттөрү эстен чыгат да калат.
Чын-чынында, Түндүк Кытайдын ичкерисине сүңгүгөн мусулман топтордун арасында арап, ирандык эле эмес, мусулман түрктөр да бар болчу. Алардын урпактары ислам динине өткөн ханзулар менен жуурулушуп, тарыхта “дунган” (“хүйзу”) эли пайда болду. (Чыгыш түрктөр да дунган элинин этностук калыптанышына катышкандыгын бээжиндик профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа, бишкектик этнограф Али Жөн баса белгилешет).

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шинжаң - "жаңы жердин" пайда болушу
1758-жылдан тартып Чыгыш Теңир-Тоо, Чыгыш Памир, Жунгария, Кытай Алтайы менен Тарим, Турпан ойдуңдары цин-манчжур аскерлери тарабынан каратылып, ойроттор тукум курут кыргынга учурап, ал эми ойротторго каршы күрөшкөн айрым чыгыш түрктөр цин-манчурлардын Цин сулалеси тарабына өтүшкөн.
Ошентип, кийин “Шинжаң” (“Жаңы чек”) аталып калган ири аймак кайрадан жалпы Кытайга каратылган.
Ошондо да бул аймактын мамлекеттик өз алдынчалыгы үчүн күрөш улам дүрт алып жанып турган. Коңшу теңир-тоолук кыргыздар да алардын эгемендик күрөшүн колдогон. Жааңгирдин Кашкардагы 1820-жж. көтөрүлүшүн, маселен, Тайлак Баатыр колдогондугу маалым.
Кокондогу башкы колбашчы, кыргыз Алымкул аталык 1865-жылы Кашкарга атайын аскер жиберип, мындагы сопу Бузурук кожо жетектеген эгемендик күрөшүн колдоого алган, ал эми бул аскер тобунун башчысы Жакыпбек (Йакуб Бек; 1820–1877) кожодон бийликти тартып алып, 1870-ж. өзүнө “Аталык Газы Бадөөлөт” титулун ыйгарган. Ал 1872-жылы Жети-Шаар эгемен мамлекетин жарыялаган жана бир катар жылдар Кытайдан эгемен болгон көп этностуу мусулмандык мамлекетти жетектеген.
Түндүк Кыргызстанга басып кирген падышалык Орусияга каршы 1860-жылдары куралдуу көтөрүлүш уюштурган кыргыз бийлери Үмөтаалы Ормон уулу жана Осмон датка Тайлак уулу да Жакыпбекти өз үзөңгүлөшү катары санашкан. Акын Арстанбек Буйлаш уулу да кыргыз менен казакты Жакыпбектин мамлекетин колдоого чакырган.
Бул чакан мамлекет кандуу жазаланган. Орто жолдо, 1871–1881-жж., Кулжа (Иле дарыясынын башаты) убактылуу түрдө падышалык Орусияга карап калган кезең да болгон. Ошол кезде Ысык-Көлдөн Текеске качкан эгеменчи кыргыздарга да оор заман болгон.
Цин Кытайы 1877–1880-жылдары кайрадан Шинжаң аймагында өз бийлигин бекемдеген.
Ал эми 1911-жылы бул сулале ойрон болгон соң, Шинжаң аймагын сөз жүзүндө ичкерки Кытайдын атынан бийлеген ханзу колбашчыларынын арааны ачылган.
1930-жылдары Шинжаң чөлкөмүндө ар кыл этностун өкүлдөрү жашаган. Алардын 60 пайыздайын — уйгурлар түзсө, ханзулар (кытайлар) 12 пайызын, монголдор (анын ичинде ойроттордун калдыгы) 8,7 пайызын, казактар 7,7 пайызын түзгөн. Эзелтеден Чыгыш Теңир-Тоо, Ак-Тоо, Хотан, Каракорум жана Тарбагатайды жердеген кыргыздардын саны 60 миңден ашуун болгон. Андан тышкары 30 миңдей орус, 20 миңдей тажик, 15 миңдей өзбек, 2 миңдей татар жашаган.
Демек, Шинжаңдагы калктын басымдуу көпчүлүгүн түрк тилдүү мусулман калктар түзгөн (мусулман эмес түрк тилдүү топ – бул Тарбагатайдагы бутпарас дининдеги калмак кыргыздардын тобу).

Сүрөттүн булагы, Getty Images
СССРдин кийлигишүүсү
Көп этностуу Кытайдагы, анын ичинде Шинжаңдагы окуяларды баяндоодо Советтер Биримдигинин (СССРдин) ошол кездеги диктатор лидери – Иосиф Сталиндин Евразиядагы чакан этностордун улуттук өз алдынчалык үчүн күрөштөрүнө карата улам кубулуп өзгөрүп турган саясий турумдарын да эске алуу абзел.
Шинжаң аймагына 1917-жылдын соңунан тартып эле Кеңеш өкмөтүнө каршы чыккан далай топтордун өкүлдөрү качып, ал жерде баш паана таап келишкен. Алардын арасында ак сөөктөр, байлар, ак гвардиячылар, мурдагы басмачылар, жөн гана айдыңдар, карапайым кишилер да болгон. Алардын айрымдары гоминдандык буржуазиялык Кытайдын Үрүмчүдөгү төбөлүнө каршы көтөрүлүштөргө колдоо көрсөтүшкөн. Бирок, албетте, бардыгы эмес...
1933-жылкы апрелдеги кутумдан кийин Үрүмчүдөгү гоминдандык бийлик Шэн Шицай (Sheng Shicai; 1895—1970) деген кыйды кишиге өттү. 1944-жылга чейин Шинжаңдагы аким болгон бул ханзу тегиндеги төбөл шаарды коргоодо мурдагы орус ак гвардиячыларына жана сталиндик СССРге өзгөчө таянды.
Шинжаңжагы улуттук боштондук кыймылды муунтуу үчүн ал Советтер Биримдигине кайрылып, сталиндик режимден аймакка Кызыл армиянын бөлүктөрүн киргизүүнү өтүнгөн.
Шэн Шицайдын өтүнүчүнө ылайык СССРден “Алтай ыктыярдуу армиясы” деп аталган аскер бөлүгү Кытайдын батышына аттандырылган. Анын негизги курамы СССР Эл комиссарлар кеңешине караштуу Бирдиктүү мамлекеттик саясий башкармалыктын (орусча шарттуу кыскартылган аталышы — ОГПУ; 1923—1934) Алматыдагы жана Ташкендеги полкторунун жоокерлеринен жана командирлеринен турган. Алар эч качан өздөрүн советтик жоокер катары көрсөтпөйбүз деген тилкат беришкен. Аларга ак гвардиячылардын аскер кийимдери берилген.
Шэн Шицайдын карамагында 46 миңдей жоокери бар күчтүү армия куралганын ТАСС кабар агенттиги “Правда” гезитинин 1933-жылдын 23-декабрындагы санында маалымдаган.
Ошентип, 1933-жылы “кызылдар” менен “актар” баррикаданын бир эле жагында ийиндешип, орток душманга каршы – Шинжаңдагы улуттук боштондук кыймылынын очокторуна каршы салгылашкан өзгөчө кырдаал жаралган.
Бул очоктордун бири – 1933-жылы 16-мартта түзүлгөн көз каранды эмес Хотан Ислам эмирдиги болчу. Анда Мухаммед Нийас-А’лам президент жарыяланган. Сабит Дамулла Абдулбакы өкмөт башчы болуп калган. Мухаммад Эмин Бугра “амир-и ислам” даражасындагы башкы колбашчы болуп калган.
Хотандагы бул убактылуу өкмөт ашынган исламчы болуп, мусулман эместерди катаал жазалаган. 1933-жылы март менен апрел айларынын аралыгында Хотандагы бул бийликке СССРден качып келген басмачылардын корбашысы Жаныбек казы Сагынбай уулу (1869—1933) кошулганын Эндрю Форбс өз китебинде жазат.
Бирок Жаныбек казы Хотанда узак убакыт бою кала бербестен, андан ары британдыктардын отор жайы болгон Түндүк Индияга журт которгон жана азыркы Пакистанга караштуу Гилгит өрөөнүндө 1933-жылдын соңунда көз жумган. Анын тобуна кирген кыргыз колбашчылардын айрым урпактары азыркы тапта Пакистандагы ушул аймакта жана Түркияда байырлашат.
Мусулман көтөрүлүшчүлөрдүн бир даары 1933-жылы 12-ноябрда Кашкарда көз каранды эмес Чыгыш Түркстан Ислам Жумуриятын (ЧТИЖ) негиздеген. Анын борбору – Кашкар шаары болгон. Уйгур жолбашчыларынын бири Кожо Нияз бул жумурияттын президенти болуп шайланган.
Сталиндик режим дал ушул жумурияттан өзгөчө чочулаган. Анын таасири ансыз да колхоздоштуруу жана ачарчылык маалында режимге каршы нааразылык күчөгөн советтик Түркстанга тийиши ажеп эмес эле.
Чыгыш Түркстан Ислам Жумуриятынын премьер-министри болуп Сабит Дамулла Абдулбакы (1883—1934), ал эми коргоо министри болуп Махмут Мухити (аны кытайча Mahmud Shi-chang - Махмут Ши-чаң же Сижан деп да аташчу; 1887—1945) шайланган.
ЧТИЖнын мамлекеттик желеги көгүлтүр түстө болуп, анын бетинде жылдыздуу айчыктын ак түстүү сүрөтү түшүрүлгөн. Кыргыздар менен уйгурлар бул жумуриятты колдоп салгылашкан. Бирок мурдагы дунган көтөрүлүшүнүн бвшчыларынын бири, генерал Ма Чжунъин кайрадан Гоминдан тарапка өтүп, ЧТИЖ алсыраган.
Кырчылдашкан салгылашуулардан соң Чыгыш Түркстан Ислам Жумурияты 1934-жылы июнда жоюлган. Анын жок кылынышына СССРдеги сталиндик бийликтин зор салымы болгон.
Айрым калемгерлер Иосиф Сталиндин Шэн Шицайды колдогонун кытайлык чыныгы марксисттерди колдогондук катары жаңылыш эсептеп жүрүшөт. Чынында Кытай Компартиясынын нагыз күчтөрү өлкөнүн Шинжаңдан алда канча алыстагы бурчунда — ичкерки Кытайда жайгашкан болчу.
1931-жылы Мао Цзэдн баштаган кытайлык коммунисттер Цзянси вилайетинин бир бөлүгүндө “Кытай Кеңеш Жумуриятын” негиздешкен. Анын борбору — Жуйцзин шаары болгон. (Аны "Кызыл борбор” деп атап калышкан).
1935-жылы коммунисттер гоминдандык аскерлердин чабуулуна туруштук бере албай, уюшкан түрдө Яньан аймагына чегинген. Демек, алардын Шинжаңга көңүл бурууга чамасы да жеткен эмес.
Бирок Шэн Шицай өзү Маскөөнүн аскердик жана чарбалык көмөгүн чукул арада алуу үчүн сталиндик социализмди жактаарын улам кайталап айта баштаган. Шэн Шицай 1938-жылы Маскөөгө кезектеги иш сапары менен келип, Бүткүл союздук (большевиктик) Компартияга — ВКП (б)га — мүчөлүккө кабыл алынып, ага 1859118 номурлуу белет да тапшырылган. Анын бул амалы өзүнүн Үрүмчүдөгү режимин сактоого советтик аскерлерди, тыңчыларды, аскер техникасын байма-бай колдонуу үчүн “алтын ачкыч” болуп калды.
1937-жылы июлда Шинжаңдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн оту алоолонгон очокторго СССРдин Ички иштер эл комиссариатынын (СССР ИИЭК) жана Кызыл армиянын бир нече полку, кубаттуу артиллерия, чопкуттуу унаалар жөнөтүлдү. Аларды 25тей аскер учагы абадан колдоого алды.
Кыргызстандын өзүндө эле Ош менен Нарында атайын аскер топтору түзүлгөн. Алардын “Ош” жана “Нарын” тобу деп шарттуу аталышы – бул аскер топторунун биротоло куралган жайларынын наамына байланыштуу. Иш жүзүндө алар СССРдин ар башка аймактарынан жиберилген. Арасыда советтик кыргыздар да болгон.
“Ош” тобуна 42-тоолук атчандар полку, батарея, 19-тоолук атчандар дивизиясынын атайын бөлүктөрү, СССР ИИЭКнын 19-атчандар полку кирип, бул топту комбриг Иван Васильевич Селиванов (1886—1942) жетектеген. (Ал 1940-жылы генерал-лейтенант аскер наамына ээ болгон; Улуу Ата мекендик согуш маалында 1942-жылы 23-февралда жалган жалаа менен атууга кеткен жана 1954-жылы кайра акталган).
“Нарын” тобуна 48-тоолук атчандар полку, батарея, 21-тоолук атчандар дивизиясынын атайын бөлүктөрү, СССР ИИЭКнын 13-мотордук унаалуу полку кирип, бул топту полковник Ибрагим Бекжанов жетектеген.
Ибрагим Паскаевич Бекжановдун (Бикжанов; 1895—1988) теги рязандык татар болгон. Падышалык аскерде кызмат өтөгөн чагында ал унтер-офицер даражасына жеткен. 1918-жылы ноябрда Кызыл Армияга ыктыяры менен кирген. 1937-жылы июнь-сентябрь айларында атайын тапшырма менен Шинжаңда болгон. (Ал 1988-жылы 17-декабрда Алматы шаарында каза болгон).
Үрүмчүдө отурган кытай акими Шэн Шицай советтик кеңешчилерди жакшылап угуп, өз бийлиги үчүн тийешелүү сунуштарды кабыл алган. Мунун натыйжасында ал 1934-жылы жергиликтүү калкка кеңири эркиндиктерди тартуулаган Декларацияны жарыялап, казактар менен уйгурлардын айрым аймактарына автономия берүүгө убада кылган.
Бул ишке ашырылбаган курулай “тил эмизүүлөрдөн” улам алтайлык казактар жана айрым уйгур лидерлери “марксист” Шэн Шицайды колдоп да чыгышкан. Ушулардын бардыгынын артында сталиндик кеңешчилер тургандыгы түшүнүктүү.
Арийне, СССРге таянуу саясаты айлакер Шэн Шицай үчүн утурумдук гана тактика болгон.
1941-жылы январь айында Шэн Шицай Шинжаңды СССРдин курамына он жетинчи союздук республика катары кабыл алуу өтүнүчү менен Советтер Биримдигинин жетекчилигине кайрылган. Ошол жылы февралда Кремлден бул сунуштан баш тарткан жооп алынган. Ал кезде Маскөөнүн көөнү Чыгыш Европада болчу.
1941-жылы 22-июнда нацисттик Германиянын СССРге капысынан кол салышы жана жыл соңунда нацисттердин Маскөөнүн алдына чейин кыйла илгерилеп жиреп келиши 1933-жылдан тартып марксизмди мактаган Шэн Шицайдын “ойт берип”, кайрадан антисоветтик жана антикоммунисттик саясатты тута башташына түрткү болду.
Ал 1942-жылы 17-сентябрда Мао Цзэдундун бир тууган иниси Мао Цземинди (1896—1943) камакка алып, кийинки жылы 27-сентябрда өлүм жазасына тарттырган. (Мао Цземин “марксизмди кадырлап калган” Шинжаңга 1938-жылы Кытай Компартиясынын жетекчилигинин тапшырмасы менен келген болчу).
1942-жылы 5-октябрда Шэн Шицай Маскөөдөн Шинжаңдагы бардык советтик кеңешчилерди жана адистерди кайра чакыртып алгыла жана 3 айдын ичинде советтик аскерлердин калган бөлүгүн чыгарып кеткиле деп талап кылды. Шэн Шицай Кытайга басып кирген жапон милитаристтери менен да мышык-чычкан оюнун ойногусу келген, деген жоромолдор да айтылып келет.
Кандай болсо да, дал ошол 1942-жылдан тартып Иосиф Сталин Чыгыш Түркстандагы улуттук боштондук кыймылдарына карата өз тактикасын өзгөрттү. Ал мындагы мурдагы басмачыларды куугунтуктоону токтотту, кайрадан аларды жергиликтүү уйгур, казак, кыргыздардын жана аларды колдогон дунгандардын Шэн Шицайдын өкүмзор саясатына каршы көтөрүлүш аракеттерин колдоп чыкты.
Шинжаңда жүргөн советтик тыңчы, колбашчы, кыргыз генерал Ысакбек Монуй уулу (Монуев; 1902—1949) 1944-жылы Чыгыш Түркстан демократиялык жумурияты түзүлгөндө, анын коргоо министри болуп калгандыгы да советтик сталиндик бийликтин Шинжаңдагы улуттук боштондук кыймылдын бул жаңы толкунун кубаттап чыгышынын бир мисалы болгон.
Чыгыш Түркстан демократиялык жумуриятынын аймагында деле 1944—1946-жж. СССР ИИЭКнын жана советтик чек арачылардын күжүрмөн аскер топтору ар кыл иш-аракеттерди жүргүзгөнү маалым.
Коммунисттик Кытайдын саясаты
Экинчи дүйнөлүк согушта жапон баскынчылары биротоло жеңилип, Чыгыш Кытай толук бошотулду. Ага советтик армиянын да чоң салымы болду.
1945-жылдын күзүнөн тартып Чан Кайши Чыгыш Түркстандын калкына автономиялык макам берүү убадаларын айта баштады, ал түгүл 1946-жылы Гоминдандын өкүлдөрү менен Шинжаңдагы боштондук кыймылынын өкүлдөрүнүн коалициялык өкмөтү да түзүлдү.
Мао Цзэдун 1949-жылы жай-күз мезгилинде Чыгыш Түркстандагы улуттук боштондук кыймылды жалпы Кытайдагы ыңкылаптын ажырагыс бөлүгү катары жарыялады. Шинжаңдагы лидерлер да Гоминдандан кол үзүп, автономия убада кылган коммунисттерди колдоп чыгышты. Коммунисттерди колдобогондор чет өлкөлөргө бозгунга кетүүгө мажбур болушту.
1949-жылы 1-октябрда коммунисттер Бээжинде Кытай Эл Республикасы түзүлгөнүн жарыялашты.
Дүйнөлүк коммунизмди курууну эңсеген Иосиф Сталиндин бийлиги үчүн коммунисттик КЭРдин бийлигине либерал-демократиялык баалуулуктарды туу туткан Чыгыш Түркстан демократиялык жумуриятын садага чабуу геосаясаттагы төп кадам болуп саналды. Кремль дагы бул жумурияттын КЭРдин курамына өтүүсүн ылайык көргөн.
(Чыгыш Түркстан демократиялык жумуриятынын коалициялык өкмөтүнүн бир катар лидерлери 1949-жылы 24-августта коммунисттик Бээжин менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн учакта баратканда, учак кыйроого дуушар болгон; бул учак сталиндик режим тарабынан жардырылган деген биротоло тактала элек маалымат да бар).
Ал эми Мао Цзэдун КЭРди түптөгөн маалда советтик тажрыйбаны кылдат пайдаланууга умтулган. Алардын бири – чакан этносторго чектелген автономия берүү ыкмасы болгон.
Дал ошондуктан КЭРде бир катар улуттук автономиялар негизделген. Алар – түштүк-чыгыш монголдор байырлаган Ички Монголия автоном району, чжуан, мяо, яо элдери байырлаган Гуанси-Чжуан автоном району, дунгандар да байырлаган Нинся-Хүй автоном району, 1965-жылы негизделген жана тибеттиктер байырлаган Тибет автоном району жана 1955-жылы негизделген жана уйгур, казак, кыргыз, монгол, дунган, сибо ((шибээ, б.а. манчжурлардын бир этносу), тажик, өзбек, лоптуктар жана ханзулар байырлаган Шинжаң-Уйгур автоном району (ШУАР).
Кытай адабиятындагы терминдерди орус тилине которгондо айрым айырмалар да байкалат.
Маселен, ШУАРдын аймагында 1954-жылы 14-июлда Кызылсуу Кыргыз автоном облусу негизделген (ал ШУАРдан да эрте негизделген). Анын аталышындагы “облус” сөзүн азыркы тапта орусча “округ” (“аймак”) деп которо башташты. Кытайлык кыргыздардын эне тилинде ал “облус” бойдон расмий кала берүүдө.
Кызылсуу Кыргыз автоном облусунун борбор шаары – Артыш шаары (ал Кашкар шаарынан түндүгүрөөктө жайгашкан).
ШУАРда монголдордун (алардын арасында – мурдагы ойроттордун калган-каткандарынын) Боро-Талаа Монгол автоном аймагы, Баян-Гол Монгол автоном аймагы, казактардын Иле-Казак автоном аймагы, дунгандардын Чаңчы Хүй автоном аймагы (орусча “Чанцзи-Хуэйский автономный округ) да негизделген.
Кызылсуу Кыргыз автоном облусунун чегинен сырткары да ШУАРдагы бир нече оодандарда (Текес, Хотан, ж.б. жерлерде) кыргыздардын башка да улуттук автономиялык айылдары негизделген.
Ал эми алыскы тарыхый Манчжурияда (Кытайдын түндүгүндөгү Хэйлуңжан вилайетинин Фу-Йү үйөзүндө) мусулман эмес кыргыздардын – Энесайдан Жунгарияга ойроттор тарабынан күчтөп көчүрүлүп, андан соң Түндүк Кытайга манчжурлар тарабынан күчтөп көчүрүлгөн фу-йү кыргыздарынын айылдары бар. Алар да салыштырма маданий автономиялык укуктарды колдонуп келишет.
Андан тышкары Кытайдын Гансу жана Цинхай аймактарында сары-уйгур, салар сыяктуу түрк тилдүү этностордун өкүлдөрү байырлашат.
1954-жылы Ганьсу вилаетинде Сунан-Йугур автоном аймагы негизделген. Мында башка элдер менен кошо сары-уйгурлар байырлашат.
1953-жылы Цинхай вилайетинде Сүнхуа-Салар автоном району негизделип, 1955-жылы ал кайра Сүнхуа-Салар автоном үйөзү болуп аталып, макамы кичирейтилген.
КЭРдеги бул автономиялык түзүлүштөр чакан этностордун кылымдар карыткан маданий мурастарын сакташына, асыресе өз эне тилин сактап калышына опол тоодой салым кошуп жаткандыгын да баса белгилеп айтуу абзел.
Бул автономиялардагы жетекчилер жана калктар бирдиктүү Кытайдын бөлүнбөстүгү жөнүндөгү расмий жобону колдоого тийиш жана ар кандай жикчилдикке каршы туруулары талап кылынат.
Ал эми жикчилдик көз караштары барлар КЭРде “террорчулар” катары жектелип келишет.
Жыйынтыктап айтканда, Кытайдын Шинжаң Уйгур автоном районундагы этностук, этностук-маданий жана башка жүрүмдөрдү таразалоо үчүн жалпы эле Чыгыш, Ички, Борбордук Азия калктарынын тарыхын бири-бирине салыштырып үйрөнүү абзел.
Ал эми бул көп этностуу өлкөдөгү автономия үчүн кыймылдын тарыхы Евразиядагы башка боштондук кыймылдарынын (анын ичинде падышалык Орусиядагы, Убактылуу өкмөт маалындагы жана СССРдеги жүрүмдөрдүн) тарыхый баскычтары жана аларды Орусия менен Кытайдагы коммунисттердин өз таламына ылайык колдонушунун тарыхы менен тыгыз байланыштуу.
Тынчтыкбек Чоротегин, тарыхчы, этнолог.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.







