Уокешо: Висконсиндеги парад өлүм менен аяктады

Висконсиндеги парадга чыккан адамдарды машина сүзүп, бир нече адам каза тапканын жергиликтүү полиция кабарлады.

Бул тууралуу видео жаздыруулар интернетке тарап, кызыл жолтандабас Уокешо шаарында өткөн рождество парадына чыккандарды жергиликтүү убакыт менен 16:40та сүзүп кеткени тартылып калган.

Коомдук сайтта жарыяланган видео

Сүрөттүн булагы, CITY OF WAUKESHA/FACEBOOK VIA REUTERS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коомдук сайтта жарыяланган видео

Полиция башчысы Дэн Томпсон бул окуяда 20 адам, анын ичинде жаш балдар жабыркады деп билдирди.

Бөөдө кырсыкта курмандыктар бар экени айтылды, бирок алардын жакындары бул тууралуу биле элек экенине байланыштуу аты-жөндөрү такталган жок.

Ангелито Тенорио аттуу жергиликтүү тургун Milwaukee Journal Sentinel гезитине каргашалуу окуя болгондо жаңы эле марш бүткөн маал болгонун айткан.

«Биз жолтандабасты көрдүк…педалын бастырып катуу ылдамдыкта парадды көздөй багыт алды. Анан эле катуу добуш кыйкырыктар, машина сүзүп кеткен кишилердин чаңырыгы чыгып калды», - дейт ал.

Кори Монтихо анын кызы барган бий командасын ошо жолтандабас сүзүп кеткенин айтат.

«Жер-сууда помпон, туфлилер жана суюк шоколад чачылып жатты. Мен кызымды табайын деп бир денеден экинчи денени аттап өтүп жаттым», - деген ал гезитке.

Шеф Томпсон офицерлер автомобилди жана шектүү айдоочуну таап, камакка алганын билдирди. Бирок бул туурасында кошумча маалымат берген жок. Ал иликтөө иштери аябай кейиштүү болгонун билдирди.

Полиция жолтандабасты токтотуу үчүн ок чыгарганы да белгилүү болду. ФБР ишти иликтегенге көмөктөшүүдө.

Өрт өчүрүү кызматынын начальниги Стивен Ховард журналисттерге билдиргендей, инцидиенттен кийин 11 чоң киши жана 12 бала жакынкы жердеги ооруканага жеткирилгенин билдирди. Шаардык полиция Уокешодеги мамлекеттик мектептер дүйшөмбү жабык болорун айтты.

Мэр Шон Рейли шаар үчүн «травма» алгандай оор мезгил болуп жатканын айтты. «Бул маңызсыз акт кимге таасир берсе, менин жүрөгүм ошолорго багышталат»», - деди ал.

Висконсиндин губернатору Тони Эверс Твиттерде ал жана анын жубайы «бүгүн кечинде Уокешо үчүн дуба кылып жатканын» айтты.

Висконсиндеги парад өлүм менен аяктады
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Коомдук сайттарда жүктөлгөн бир видеодо катуу ылдамдыкта келе жаткан автомобиль көчөдөгү тосмолорду сүзгөнүн көрүүгө болот. Экинчи бир видеодо машина музыканттар тобун сүзүп жатканы көрсөтүлөт.

Жергиликтүү ММК окуя болгон маалда полиция көчөдөгү адамдарды жол жээгиндеги дүкөндөргө баш калкалоону сунуштанын жазышты.

Дагы бир күбө айдоочу бийчи чоң апаларды сүзүп, алардын бирөөсү машинанын алдына томолонуп кеткенин жазды.

«Милуокинин бийчи чоң апалары» алардын кээ бир мүчөлөрү жабыркаганын жана алардын чоо-жайы боюнча маалымат күтүп жатышканын айтты.

«Суранабыз, чоң апаларды, дегеле жарадар болгондорду жана бул коркунучтуу окуянын күбөлөрүнө дуба кылып койгула», - делет аталган топтун Facebook баракчасында.

Капоту талкаланган кызыл жолтандабастын подьездин алдында токтоп турган сүрөтү кийин Твиттерде CBS 58 телеканалы жарыялады.

Расмий өкүлдүн билдирүүсүндө Ак үй Уокешодеги окуяга тыкыр көз салып, жергиликтүү бийликке мамлекеттик колдоо көрсөтүп жатат. Бул окуя тууралуу президент Жо Байден маалымдар. (EK)