БУУ доклады: Ачкачылыктын азабын жегендер дүйнөдө 735 миллион

Йеменде жети жылдык согуштун айынан ачкачылык көп балдарды кыйноого салды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Йеменде сегиз жылдык согуштун айынан тамак-аш кризиси курчуп, ачкачылык көп балдарды кыйноого салды

БУУнун отчетуна ылайык, 2019-жылдан бери дүйнөдө кризис күчөгөн сайын ачка отургандар 122 миллионго көбөйдү. Соңку изилдөөлөр боюнча азыркы убакта ачкалыктын азабын тарткандар 735 миллион адам. 2019-жылы бул көрсөткүч 613 миллион болчу.

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду, ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы уюмдары эгер тенденция өзгөрбөсө, ачарчылык көйгөйүн чечүү максаты 2030-жылга орундалбайт деп билдирүүдө.

Отчетко караганда, 2022-жылы ачарчылык азабы 691 миллиондон 783 миллионго чейинки адамдын башына түшкөн. Бул пандемия башталганга чейинки 2019-жылга караганда 122 миллионго көп.

2022-жылы ачкачылык менен күрөштө жылыш Азияда, Латын Америкасында болду, бирок Батыш Азияда, Кариб бассейнинде жана Африканын бардык субрегиондорунда ачарчылыктын масштабы күчөдү. Эң жабыркаган регион болуп Африка эсептелет: континентте ар бир бешинчи адам ачкачылыктан кыйналууда, бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе жогору.

Дүйнөлүк азык-түлүк програмасынын аткаруучу директору Синди Маккейн: «Ачарчылыктан масштабы өсүүдө, ал эми аялуу катмардагы калкты коргоп калуу үчүн ыкчам керек болгон ресурстар кооптуу темп менен кыскарууда. Бүгүн биз эң ири гуманитардык кризисти баштан өткөрүудөбүз»,-деди.

Болжоолор боюнча 2030-жылы жетиштүү тамак ичпегендер дээрлик 600 млн адам болот. Ачкачылыктын масштабынын күчөшү Африкада күтүлөт.

«Үмүттүн учкундары бар: бир катар региондор тамак-аш тармагындагы максаттарга 2030-жылга чейин жетүү жолунда баратат. Бирок жалпысынан бизге глобалдык масштабда активдүү чараларды көрүшүбүз керек»,-деди БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Нью-Йоркто БУУнун борбордук мекемелерине докладдын бет ачаары болгон учурдагы видео кайрылуусунда.

Ачкачылыктын азабы

Ачкалыктан эң жабыркаган регион болуп Африка эсептелет: континентте ар бир бешинчи адам ачкачылыктан кыйналууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ачкалыктан эң жабыркаган регион болуп Африка эсептелет: континентте ар бир бешинчи адам ачкачылыктан кыйналууда

Тамак-аш коопсуздугу жаатындагы абал 2022-жылы көңүл чөгөрткөн мүнөздө болду. Докладдагы маалыматка караганда, дүйнөнүн калкынын 29,6% же 2,4 миллиард адам тамак-ашка туруктуу түрдө жеткен эмес. Ал эми 900 миллион адам тамак-аш коопсуздугунун курч формасына туш болгон.

Ал эми сапаттуу тамактанууга жетүү бүт дүйнөдө татаал болууда: 2021-жылы 3,1 миллиард адамдын мындай мүмкүнчүлүгү болгон эмес же бул планетанын калкынын 42%. 2019-жылга караганда алардын саны 134 миллионго көбөйдү.

Беш жашка чейинки миллиондогон балдар талаптагыдай тамак ичпегендиктин азабын тартууда: 2022-жылы 149 миллион бала (22,3%) боюнун өсүшү жагынан нормадан артта калган, 45 миллион (6,8%) арыктап-азып, 37 миллиону (5,6) ашыкча салмактан жабыркаган.

«Балдардын арыктап жүдөшүнүн масштабы жогорку деңгээлде калып жатат, ал эми балдардын ашыкча салмагы менен күрөшүүдө эч кандай жылыш жок. Мамлекеттик саясаттын, инвестициянын жана аракеттин даректүү чаралары керек»,-деди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун директору Тедрос Адханом Гебрейесус.

Урбанизациянын таасири

шаар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Урбанизациянын өсүшү докладда адамдардын тамактануусу кандай болуп жатканына таасир эткен глобалдык тенденция болуп каралган. Болжол менен 2050- жылга элдин 70% шаарларда жашайт, ошондуктан өкмөт жана башка уюмдар урбанизациянын тенденцияларын эске албаса болбойт.

Жаңы изилдөөлөргө караганда, кээ бир өлкөлөрдө кайра иштетилген азыктарды керектөө шаарга жакын райондордо жана айылдарда өсүүдө.

Тилекке каршы, айыл менен шаар ортосунда теңсиздик дагы эле бар. Тамак-аш коопсуздугундагы көйгөйлөр айыл жериндегилерге көбүрөөк мүнөздүү. Ошол себептүү бою жагынан нормадан артта калган балдардын көрсөткүчү айыл жеринде жогору.

ФАОнун башкы директору Цюй Дунъюй: «Глобалдык пандемиядан кийин калыбына келүү бардык жерде тегиз болгон жок. Ал эми Украинадагы согуш тамак-аштын көлөмүнө жана сапаттуу тамактанууга таасир берди. Климаттык өзгөрүунүн, конфликттердин жана экономикалык олку-солкулуктун айынан тамак-аш коопсуздугун сактоо барган сайын оор болуп баратат».

айыл жериндеги

Сүрөттүн булагы, Official