Назарбаевдин үй-бүлөсү бийликтен четтетилүүдө. Элбасы элге кайрылды

Нурсултан Назарбаев президент болуп турганда жогорку кызматтарды ээлеген анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү жана жакындары кызматтан алынууда. Тизмени ишембиде Димаш Досанов менен Кайрат Шарипбаев ачып, 17-январда Тимур Кулибаев, Самат Абиш улантты.

Бүгүнкүгө чейин Нурсултан Назарбаев коомчулукка көрүнө элек болчу. 18-январда ал видео кайрылуу жасап, Казакстанда экенин билдирди.

“Президент Касым-Жомарт Токаев бийликтин толук ээси. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы. Жакында президент Нур-Отан партиясынын төрагасы болуп шайланат. Ошондуктан элитада эч кандай конфликт жана каршылашуу жок. Мындай ушактар толугу менен негизсиз”, – деди ал.

81 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1989-2019-жылдары алгач Коммунисттик партиянын башчысы, кийин президент катары башкарып турган. Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан кол жуугандан кийин айрым байкоочулар анын таасири азая баштаганын айтып чыгышкан.

Буга чейин Назарбаевдин өкүлдөрү ал өлкөдө экенин айтканы менен, нааразычылыктар башталгандан бери ал бир дагы жолу коомчулукка көрүнө элек болчу.

The Guardian басылмасы өз булактарына таянып, Нурсултан Назарбаев өлкөдө экенин, ал президент Касым-Жоомарт Токаев менен активдерди, кирешелерди жана кен байлыктарды бөлүштүрүү үчүн айыгышкан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазып чыккан.

Назарбаевдин кыздары жана алардын өнөктөрү

Дарига Назарбаева – Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы. 2014-жылдан бери парламенттин депутаты, 2019-жылдан тарта ал казак парламентинин жогорку палатасынын башчысы болуп келген.

2020-жылдын майында президент Токаев анын сенаторлук ыйгарым укуктарын токтоткон. Кийинчерээк Дарига парламенттин төмөнкү палатасынан депутаты болуп шайланган. Жаңырган жылдын 12-январынан бери ал парламент отурумдарына катыша элек. Басма сөз кызматы анын коронавирус болуп ооруп калгандыктан ишке чыкпай жатканын билдирди.

Айрым казак медиаларынын маалыматы боюнча, Дарига 2020-жылдан бери Кайрат Шарипбаев менен бирге жашап келе жатат. Ошол эле жылы Шарипбаев "Казахгаз" улуттук компаниясынын башкармалыгын төрагасы кызматын аркалай баштаган. 15-январда анын кызматтан алынганы ырасмий жарыяланды.

Динара Кулибаева – Назарбаевдин ортончу кызы. Бизнес жана коомдук ишмердик менен алектенет. Анын күйөөсү Тимур Кулибаев Forbes журналынын версиясы боюнча Казакстандын эң таасирдүү бизнесмендердин тизмесин сап башында турат.

Динара жана Тимур Кулибаевдер “Халык банктын” мажоритардык (башкы) акционерлери. Forbes алардын үлүшүнүн базар наркы 2,8 млрд доллар деп эсептейт. 17-январда Кулибаев өз ыктыярдуу ишкерлердин “Атамекен” улуттук палатасынын жетекчилигинен кеткенин палатанын басма сөз кызматы билдирди. Азырынча ал Казакстандын Олимпиада комитетин жетекчилигин сактап калды.

Алия Назарбаева – Нурсултана Назарбаева кичүү кызы – коомдук иштер менен алектенет жана искусство чөйрөсүндө иштейт. Ал 2015-жылы Димаш Досановго күйөөгө чыккан. Досанов нефтегаз компанияларында жетекчилик кызматтарда иштеп келген. 2016-жылдын явнварынан тарта "КазТрансОйл" АКсынын генералдык директорунун биринчи орун басары, кийинчерээк генералдык директору болуп келген. 15-январда кызматтан алынды.

Назарбаевдин туугандары жана жакын кишилери

Самат Абишев – Нурсултан Назарбаевдин аталаш иниси – Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп келген. 17-январда анын кызматтан алынганын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Карим Масимов Назарбаевдин ишенген кишиси деп эсептелет. Экөө көп жыл чогуу иштеген. Назарбаев бийликтен кеткенден кийин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетин жетектеп калган. 6-январда чыккынчылыкка айыпталып, камакка алынган.

Карим Масимовдун бир тууганы Нурлан Масимов азыркы кезге чейин Павлодар облусунун полициясын жетектеп келген. 17-январда ал кызматтан кеткенин билдирген.

Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаеванын кудасы Кайрат Боранбаев Казакстандагы жана Беларустагы McDonald's франшизасынын ээси. Башка бизнестерде дагы үлүшү бар.

Булат Утемуратов – Назарбаевдин мурдагы жардамчысы – кыймылсыз мүлк бизнесинде, банк секторунда жана телекоммуникацияда үлүштөрү бар. Forbes журналынын маалыматы боюнча, Glencore дүйнөлүк гигантында дагы үлүшкө ээ.

Алар азыр кайда?

18-январга чейин Назарбаев жана анын кыздары кайда экендиги тууралуу так маалымат жок болчу. Бүгүн Назарбаев коомчулукка видео кайрылуу чыгарды.

Буга чейин The Guardian басылмасынын булагы: “Казакстанда байланыштары бар”, мурда батыш өлкөлөрүнүн биринин өкмөтүндө иштеген кишинин айтымы боюнча, өлкөдө бийлик үчүн күрөш дале уланууда жана “баары тынч бүтөт деп эч ким кепилдик бере албайт”, - деген пикирин айткан. Басылма Назарбаевдин үй-бүлөсүн бийликтен биротоло кетириш үчүн Токаев репрессиялык чараларга барганын жазат.

Буга чейин гезиттин башка булагы Назарбаев Кытайда экенин айткан. Бирок мындай вариантты Бээжин мурда четке каккан.

The Guardian басылмасынын ишкерлер чөйрөсүндөгү дагы бир булагы, саясый тазалоолор Назарбевдин үй-бүлөсү менен эле чектелет деген үмүттө, элитанын көпчүлүк бөлүгү Токаевдин алдынан өтүүгө жетишкенин билдирет.

“Токаев – акылдуу киши, өлкөнүн имиджи канчалык маанилүү экенин билет. Ал акырын жана этият иш кылат. Ал пулеметтен ок жаадырбайт, снайпердик мылтыктан аткандай таамай терет”, – деп кошумчалаган гезиттин булагы.

Декабрдын аягынан бери Назарбаевдин үй-бүлөсү элге чыга элек эле. Нурсултан Назарбаевдин өкүлдөрү елбасы борбор калаада, Дарига Алматыда экенин айтышкан.

Алия Назарбаева нааразычылыктар учурунда Инстаграмда бир нече пост жарыялаган. Интернет колдонуучулар аккаунттун ээси Бириккен Араб Эмираттарында экенин байкашкан. Инстаграм түзмөктүн ордун автоматтык түрдө аныктайт жана аны “аккаунт тууралуу” бөлүмүндө көрсөтөт. Бир нече убакыттан кийин Алия Назарбаева Facebook жана Instagram акккаунттарын жок кылып койгон.

Дарига жана Алия Назарбаевалар мындан мурда Лондондон үй сатып алышкандары маалым. Даригага жана анын уулу Нуралиге таандык үй 2019-жылы 100 млн долларга бааланган.

Telegraph маалыматы боюнча, Алиянын үйүнүн баасы 10 миллион доллардан ашат. Ошондой эле ал Дубайдан 14 миллионго кыймылсыз мүлк сатып алганы айтылат.

Дагы бир версия боюнча, Динара жана Тимур Кулибаевдер Кыргызстанга учуп чыгышкан болушу мүмкүн. 24.kg Flightradar24 кызматына таянып, 6-январда Назарбаевдердин үй-бүлөсүнө таандык эки менчик учак Бишкекке учуп келгенин жазып чыккан.

Bellingcat иликтөөчүлөр тобу 4-январда Алматыдан Женевага учуп чыккан Bombardier Challenger 604 жеке менчик учагын байкаган.

Өзгөчө кырдаалдын жаралышы

Казакстандагы нааразычылык акциялары алгач январдын башында Мангыстау облусунда суюлтулган газдын баасы кымбатташынан улам башталган. Бир нече күндөн кийин каршылык акциялары полиция менен кагылышууларга айланып кеткен.

Каршылыкка чыккандар экономикалык гана эмес, саясый талаптарды коё башташкан. Каршылык акциялары ылдам тарап, 4-январда Казакстандын бардык ири шаарларына чейин жеткен.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев алгач өлкөнүн айрым аймактарына жана шаарларына, андан соң бүт өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизди. Өлкөдө толугу менен интернет өчүрүлдү.

Президент “нааразычылык пайда кылган кырдаалды жаратканы” үчүн өкмөттү кетирди. Ошондой эле башаламандыктар болуп жаткандыктан Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын өзү аткара турганын жарыя кылды. Ага чейин бул кызматты Нурсултан Назарбаев ээлеп келген.

5-январда Алматы шаарында жана башка аймактарда кагылышуулар башталды. Каршылыкка чыккандар бир катар административдик имараттарды талкалап, өрттөштү; ошол эле учурда айрым топтор дүкөндөрдү талкалап-тоноп, автомашинелерди өрттөп жатышты.

Токаев ЖККУга жардам сурап кайрылды. Натыйжада бул аскерий блоктун мүчөлөрү Казакстанга контингент жөнөтүштү.

7-январда президент Токаев өлкөдө тартип орнотулганын билдирди. Казак бийлиги өлкөдөгү каршылык акцияларын сырткы күчтөр уюштурганын айтып чыкты. Бирок андай күчтөрдүн катышканын тастыктаган далилдерди келтире алган жок.

Мамлекеттик медиалардан көрсөтүлгөн, сырттан атайын акчага жалданып баш аламандыктарга катышканын моюнуна алган киши Кыргызстандын жараны, музыкант Викрам Рузахунов болуп чыкты. Ал кыргыз коомчулугунун колдоосу жана мамлекеттин кийлигишүүсүнүн натыйжасында бошотулуп, Кыргызстанга кайтып келди жана видеого айткандары калп экенин билдирди.

11-январда президент Токаев ЖККУ күчтөрү өз миссиясын аткарганын жана алар Казакстандан чыгарыла баштай турганын жарыялады.

Баш аламандыкта каза болгондордун саны

15-январда Казакстандын бийлиги 2022-жылдын башында башында бүт өлкө боюнча болуп өткөн массалык каршылыктар учурунда жалпысынан 225 киши каза болгонун, алардын он тогузу аскер жана полиция кызматкери экенин билдирди. Бул өкмөттүк имараттарды басып алуу жана өрттөө менен коштолгон окуяларда жабыркагандардын санын тактаган алгачкы ырасмий билдирүү болду.

Ишембидеги прокуратуранын жана саламаттык сактоо министрлигинин биргелешкен брифингинде каршылык учурунда 4578 киши жабыркаганы айтылды. “Башаламандыктар учурунда моргдорго 225 киши түштү”, – деди Башкы прокуратуранын кылмыштарды иликтөө кызматынын башчысы Серик Шалабаев. "Алардын арасында укук коргоо кызматтарынын имараттарына кол салган куралчан бандиттер дагы бар. Жай тургундар дагы бар".

Шалабаев менен Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Асел Артакшинова 225 кишинин 175и бейтапканага түшкөндөн кийин каза болгонун тактап өтүштү. Дагы 265 киши ооруканада, 67 киши реанимацияда жатканы белгиленди.

Казакстандагы каршылыктар басылганда, бийлик алгач 8 миң киши кармалганын айтып чыккан. Бирок ишембидеги брифингде прокуратуранын өкүлү бийлик 672 шектүү кармалганын, алардын ичинен 446 киши камакка алынганын билдирди. Прокуратуранын айтканы боюнча 540 кылмыш иши козголгон, анын ичинде 44 иш терроризмге айыптоолор, 34 иш массалык башаламандык боюнча. (CS)