You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Казакстан: Токаев ишкерлерди эл менен бөлүшүүгө чакырды
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев шейшемби күнү парламенттин төмөнкү палатасында сөз сүйлөп, өлкөнүн мамлекеттик башкаруу системасын жана күч түзүмдөрүнүн ишин сынга алды. Ошондой эле ал Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) аскерлери 13-январдан тарта чыга турганын билдирди. Андан тышкары, ал жаңы премьер-министрди дайындап, биринчи президент Нурсултан Назарбаев өлкөгө алып кирген ири компанияларды “Казакстандын элине бериши керек болгон нерсени кайтарууга” чакырды.
ЖККУнун аскерлери качан чыга баштайт?
Президент Токаев өз сөзүндө өлкөдөгү каршылык акцияларын “профессионалдар даярдаган бийликти басып алуу планы” деп атады. Бирок мамлекеттик төңкөрүш аракети, анын айтымында, ишке ашкан эмес. Азыркы тапта контртеррористтик операциянын курч баскычы өтүп кеткен.
“Биз бир улут катары Алматы менен башка облустук борборлорду коргоп калдык. Алар тез арада калыбына келтирилет. Бардык аймактарда абал туруктуу. Ага байланыштуу ЖККУнун тынчтык орнотчуулуранын негизги миссиясы ийгиликтүү түрдө аягына чыкканын билдирип кетмекчимин. Эки күндөн кийин ЖККУнун бириккен тынчтык орнотуу контингентин чыгаруу баскычы башталат. Контингентти чыгаруу процесси 10 күндөн ашпайт”, — деди Токаев.
Жалпысынан Казакстанга ЖККУнну 2030 тынчтык орнотуучусу жана 250 аскердик техника жиберилген. Тынчтык орнотуучу күчтөрдүн контингенти Нур-Султан, Алматы шаарларында жана Алматы облусунда жайгашкан.
“Элге жардам берүү мезгили”
Токаев Нурсултан Назарбаев өлкөгө алып кирген ири компанияларды “Казакстандын элине бериши керек болгон нерсени кайтарууга” чакырды.
“Биринчи президенттин, елбасынын, аркасы менен өлкөдө пайдалуу компаниялардын тобу жана эл аралык чен-өлчөм менен караганда бай адамдардын катмары пайда болду. Менин оюмча, Казакстандын элине бериш керек болгон нерсени берүүгө жана аларга системалык, үзгүлтүксүз түрдө көмөк көрсөтүүгө мезгил келип жетти”, — деп билдирди Токаев.
Мурдараак өлкөдө “Казакстандын Элине” аттуу коомдук фонд түзүлөрү айтылган эле.
Токаев өкмөткө ушундай компаниялардын жана адамдардын тизмесин түзүүнү, фондго жыл сайын төлөп туруучу взностун суммасын макулдашууну тапшырды. Токаев так сумманы билдирген жок, бирок “бизнес тарабынан фондго маанилүү жана үзгүлтүксүз акча берилип турарын” күтөрүн билдирди.
81 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1989-жылдан 2019-жылга чейин башкарып келген. Башында Коммунисттик партиянын башчысы, кийин президент катары иштеди.
Forbes журналынын версиясы боюнча, Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн бир нече мүчөсү жана мурдагы үзөңгүлөштөрү Казакстандын эң бай адамдарынын тизмесине кирген. Назарбаевдин экинчи кызы Динара Кулибаева жана анын жолдошу Тимур Кулибаев өлкөдөгү эң ири банк “Казакстандын элдик банкынын” мажоритардык акционери болушат. Forbes журналынын берген баасына ылайык, алардын үлүшүнүн базар баасы болжолдуу 2,8 млрд долларды түзөт.
Назарбаевдин чоң кызы Дарига Назарбаеванын кудасы Кайрат Боранбаев Казакстандагы жана Беларустагы McDonald's франшизасына ээлик кылат жана башка бизнестерде үлүштөрү бар.
Назарбаевдин мурдагы жардамчысы Булат Утемуратов банк секторунда, телекоммуникация жана кыймылсыз мүлк тармагында үлүшү бар. Forbes журналынын маалыматы боюнча, ал Glencore дүйнөлүк сырье гигантында да үлүшкө ээлик кылат.
Күч түзүмдөрүнө сын
Казакстандын президенти өздөрү атагандай өлкө аймагындагы “террористтик кол салуу” учурунда улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилери өздөрүн татыксыз алып жүргөнүн айтты.
“Баары эле өз милдетине туруктуулугун көрсөткөн жок. Бир катар шаарларда улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилери, жетиштүү арсеналы бар болуп турса да, кармашка катышпай, кызматтык имараттардан чыгып кетишип, ал жакта курал-жарактар менен сырдуу кагаздарды калтырып коюшту”, — деди Токаев.
Токаевдин билдиришинче, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасы баштан аяк кайрадан түзүлүп, айрыкча өлкөдө Улуттук гвардия менен спецназдын жаңы бөлүктөрү түзүлмөкчү.
Казакстандын президенти бардык күч органдарынын атайын бөлүктөрүндө иштеген кызматкерлердин айлыгын көтөрүүнү талап кылды. Ошондой эле ал ушундай кызматкерлердин санын көбөйтүүгө, аларга бардык керектүү болгон жабдууларды, атайын транспорт менен курал-жарактарды берүүгө буйрук берди.
Аткаминерлердин айлыгын көбөйтүүгө мораторий
Алихан Смаилов Казакстандын жаңы премьер-министри болуп дайындалды. Токаев анын талапкерлигин көрсөтүп, парламенттин төмөнкү палатасындагы 89 депутаттын баары аны бир добуштан колдоп беришти.
49 жаштагы Смаилов Казакстандын өкмөтүндө көптөн бери иштейт. 2018-жылдын сентябрында ал финансы министрлигин башкарып, 2019-жылдын февралында болсо ага кошумча премьердин орун басарлык милдеттери дагы жүктөлгөн. 2020-жылдын май айынан тарта ал премьер-министрдин биринчи орун басары болуп келген.
Жаңы премьерди дайындоо менен бирге Токаев өкмөт өкүлдөрүнүн, аймактагы акимдердин жана депутаттардын айлыгын көтөрүүгө беш жылдык мораторий киргизди.
“Ал категориядагы мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары жетиштүү эле”, — деп түшүндүрдү өз чечимин Токаев.
Мамлекеттик башкаруу системасындагы бюрократия
Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы мамлекеттик башкаруу системасын сынга алып, ал реформага муктаж экенин билдирди.
Токаев коомчулуктa мамлекеттик институттарга болгон ишенимдин аздыгына көңүл бурду. Анын айтымында, мамлекеттик органдардын жетекчилери эл менен сүйлөшө албайт, кээде эл менен сүйлөшүүдөн коркушат. Казак президенти өкмөттүн мүчөлөрүнөн аймактарга барып турууну талап кылып, аймактардын башчыларына ар бир калк отурукташкан жерге барып, үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп турууну айтты.
Ошону менен бирге эле ал мамлекеттик аппараттын курамы былтыркы 15% кыскартуудан кийин оптималдык деңгээлде экенин билдирди. Бирок ар бир эле адам мамлекеттик кызматка бара албайт. Анткени, Токаевдин айтымында, көптөгөн аткаминерлер жаштарга орун бошотуп берүүнүн ордуна “көпкө чейин ордунан козголбой жүрө беришет”.
“Саясий модернизация багытын” улантуу үчүн Токаев 2022-жылдын сентябрында саясий реформалардын жаңы пакетин сунуштай турганын айтты.
“Бул менин принципиалдуу позициям. Мамлекет менен коомдун ортосундагы мамилени жөнгө салуу мезгили бышып жетти. Коомдук келишимдин жаңы форматы керек”, — деп белгиледи Токаев. (EA)