You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Викрам Рузахунов: Мен ошол кырдаалдын курмандыгы болуп калдым
Мээрим Догдурбекова & Элмурат Аширалиев, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчылары
Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов Кыргызстанга келди. Алгач ал “Ак Жол” өткөрмө бекетинен консулдуктун унаасы менен Кыргызстандын аймагына өткөрүлгөн. Андан соң Рузахунов Бишкектеги өчпөс оттун жанында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ал баштан өткөргөн окуясын төмөнкүчө баяндап берди.
Досум чакырып, мен 2-январда Алматыга бардым. Биз аймактарга товар жеткирүү боюнча иш башташыбыз керек болчу. 4-январда митингдер башталды. Аны ижарага алган батирден көрүп турдум. Досум мага үйдөн чыкпай, батирде отуруумду айтты.
Алгач 3 күн, 4, 5, 6-январь күндөрү, үйдөн чыкпай отурдум. Бирок абал курчуй баштады: интернет өчүрүлдү, дүкөндөр иштебей калды. Ошондуктан мен үйгө кетүүнү чечтим.
Ошентип 7-январда мен Сайрандан такси кармап, Алматыдан Бишкекти көздөй жөнөдүм. Самсы айылындагы аскердик постто мени аскерлер кармап, алдын ала камоо жайына киргизишти.
Камак жайында сылык мамиле жасашты. Тамаш-аш, ысык чай беришти. Жагдай жайгарылганга чейин ал жерде төрт күн болдум.
Азыр Кыргызстандын бийлигинин аракети менен мени мекениме алып келишти. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ушунча жылдан бери мен чындыгында Кыргызстандын эли үчүн баалуу экенимди сезген эмесмин. Азыр кандай сезимде экенимди толугу менен жеткире албайм.
Бардык бийлик өкүлдөрүнө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргызстандын Казакстандагы Башкы консулдугуна, УКМК, Казакстандагы ИИМдин өкүлчүлүгүнө мага кам көрүп, чоң иш жасаганы үчүн чоң рахмат айтам.
Азыр өчпөс оттун жанында, Жеңиш аянтында турам, бул Кыргызстан жана Казакстан элдеринин ортосундагы достуктун символу болуп калсын.
Азыр Казакстанда оор күндөр өтүп жатат. Ар бир адам ошол күнгө туш болуп калышы мүмкүн. Мен болгону ошол кырдаалдын курмандыгы болуп калдым. Керек эмес убакта, керек эмес жерде болуп калдым дегендей. Ушул өчпөс от түбөлүк достуктун, түбөлүк өнүгүүнүн символу болуп кала берсин.
Видеодогу көрсөтмөсү
Камерада чогуу жаткандардан угуп калдым. “Сага акча сунушташкан, анан сен Алматыга митинг үчүн келдиң…” дегендей кылып билдирүү жасасаң, сени дароо эле Бишкекке жөнөтөт имиш деп калышты. Бул бир жол болчу. Бирок мен андай кылган эмес болсом да, өзүм ошол сөздү айтайын деп чечтим.
Бул үйгө эртерээк кетүүнүн оңой жолдорунун бири деп уктум эле. Ошондуктан аны колдонуп көрөйүн деп чечтим.
Видеодо айткандарым калп.
[Бети-башымдын көгала болгону] 7-январда Алматыдан Бишкекке кайтып келатканда мени чек ара кызматы күч колдонуу менен кармоо учурунда болду.
Биздин камерада дагы төрт кыргызстандык бар болчу. Бирок айрым маалыматтар боюнча, алардын күнөөсү жок, аларды эртең коё беришет экен.
Бардыгын кармап жатышты. Алардын арасында тажикстандыктар, өзбекстандыктар, керек болсо казакстандыктар өздөрү да бар.
Постто аскерлер менен көп деле сүйлөшө албайсың. Аларга эч нерсени деле далилдей албайсың. Ошондуктан алар катуу күч колдонуп, баарын кармап жатышты.
Кандай кагаздарга кол койгон болсом, алардын баарын өз оозум менен да азыр силерге айтып жатам. Эч кандай сыр, коммерциялык сыр деген нерсеге кол койгон жокмун. Мага андай сунушташкан жок.
Чынын айтсам, мен билдирүү жасап жатканда, ал жакта айткан сөздөрүм чындык эмес болсо да, мен андай нерсе кылган эмесмин, бирок ошону айтып жатып, баары жакшылыкка деп ойлодум.
Анткени мени тааныгандардын бардыгы мен эмне менен алектенеримди, ким экенимди билишет, билдирүүм калп экенин да билишет дедим. Анан чынында бул резонанс иштеп кетти дагы, азыркы биз күбө болуп жаткандай чоң, таасирдүү эффект алып келди.
Мен кармалган учурда аларга музыкантмын деп айтып эле жаттым. Бирок алардын жумушу да көп болуп, абал өтө курч эле. Кудай анын бетин ары кылсын, мындайды эч кимге каалабайм. Бирок канча айтканыма карабастан, ишенишкен жок. Себеби маалыматты текшергенге ал убакта интернет да жок болчу.
Чыгармачылык уланат
Үйүмө келгениме абдан кубанып турам. Эркин дем алып калдым. Ал эми сиздер көрүп турган бетимдеги жаракаттардын баары кетет. Башкысы мен аманмын жана жакындарым менин келгенимди билишет.
Азыр эми мага өзүмө келгенге бир аз убакыт керек. Андан соң чыгармачылыгымды улантам. Мен эмне менен алектенеримди баарыңар билесиңер. Биз Джаз фестивалын өткөрүп турабыз, быйыл ал 17-жолу өткөнү турат жана учурда бул багытта даярдыктар активдүү жүрүүдө.
Азыр үйгө барып жөн гана жакындарымдын жанында болом.