Допинг чуусу: Валиева 13-15 жашында уруксат берилген 56 каражатты пайдаланган

Сүрөттүн булагы, Reuters
Допинг пайдаланганы үчүн деп төрт жылга дисквалификация болгон орусиялык муз бийчиси Камила Валиева, 13-15 жаш курагында уруксат берилген 56 каражатты пайдаланганын Спорттук арбитраж соту (САS) билдирди.
Каражаттардын тизмеси САS уюму чыгарган чечимде көрсөтүлүп, сайтында жарыяланды.
2022-жылкы Кышкы Олимпиада оюндары өтүп жаткан маалда Валиевадан текшерүүгө алынган материалдардан тыюу салынган триметазидин заты аныкталган. Бирок дарыгерлери допинг деп эсептелбеген көптөгөн медициналык каражаттарды, азыктарга кошулмаларды жана витмаиндерди дайындашкан.
Изилдөөдө допингдин аныкталып калганы Валиева орусиялык башка муз бийчилер менен тайпалык жарыштарда алтын медалды жеңип алгандан кийин белгилүү болгон.
Спротчуга дарыгер дайындаган каражаттардын арасында аноболитикалык эффект бере турган экдистерон, жүрөккө карата гипкосен жана L-карнитин деген аталыштагы уруксат берилген дары-дармектер болгон. Соңку эки дары Валиевага карата соңку чечимге таасир этти. Сот эксперттердин бул дарылар триметазидин менен кошулганда ушундай натыйжа бермек деген пикирине таянды.
Муз бийчисин коргогондор триметазидин Валиеванын организмине чоң атасы дарысын майдалаган тактанын бетине даярдалган кулпунай дессерти менен кириши мүмкүн деп ишендирүүдө. Валиеванын командасынын пикири боюнча, жүрөгүнө деп дары ичип жүргөн Геннадий Соловьев даярдаган тамакты муз бийчиси Орусиянын Чемпионатына жөнөп жатып ала кеткен.
Бирок CAS бул ынандыруу "эч кандай далил болуп бере албайт" деп эсептейт. Соттун чечиминде көрсөтүлгөндөй "дээрлик мүмкүн эмес", Соловьев узак жыл дары ичип жүргөнүн факты менен бекемдеп бере алган эмес. CAS мындан сырткары тандамал деген спортчу Орусия боюнча сапарга чыгып жатып, үйүндө даярдалган кулпунай дессертин ала кетип, аны мелдеш учурунда жеген дегендин өзү эле "чындыкка коошпой турган" жагдай деп көрсөткөн.
Орусиянын допингге каршы РУСАДА агенттиги, Валиева анын допинг-тести таза чыкпай калганына күнөсү жок деп билдирди. Допингге каршы Бүткүл Дүйнөлүк агенттик (WADA) "балдарга допинг дайындоо - кечирилгис" деп билдирди.

Сүрөттүн булагы, Reuters
WADA агенттигинин жетекчилиги 12-март күнү орусиялык агенттиктин позициясына "Бул иш абдан күмөндүү экени түшүнүктүү" деп комментарий берди. "Биз спортчуну садага чаап, а чындыгында анын допинг колдонуусуна ким жардам бергенин жашыруу чечими болгонун көрүп эле турабыз",- деп кошумчалады.
2023-жылдын январында РУСАДАнын дисциплинардык комитети спортчуну иш жүзүндө актады. Валиеванын ишин териштирүү эки жылга создукту. Уюм Валиева өз күнөсү менен эмес, бирок эрежени бузган деп эсептейт. Натыйжада аны 2022-жылкы Орусиянын 2022-жылдагы чемпиондугунан ажыратып, бирок башка санкцияларды кабыл алышкан эмес.








