Миграция саясаты: жаңы багыттар жана мүмкүнчүлүктөр үчүн эмне керек?

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Мигрант

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Орусияда миграция мыйзамдарынын катаалдашуусу кыргызстандык мигранттарга да түздөн-түз таасир этти. Жакында эле Москвадагы мончолордун биринде кыргыз жарандарын полиция кызматкерлери ур-токмокко алганы тууралуу маалымат коомдо резонанс жаратып, бийликтин дарегине карата сындар айтылды.

Мындан улам мигранттардын коопсуздугу, укугу жана эркиндиги деген маселе талкууга жем таштады. Айрымдары жүз миңдеген кыргызстандыкты Орусияга жибербей, башка өлкөлөр менен миграция алакасын жакшырууга үндөп жатышат.

Орусияда жылдап иштеп келгендердин бир тобу Украинадагы согуш башталгандан тарта мигранттарга мамиле кескин өзгөргөнүн жашырышпайт. Айрым талдоочулар жүз миңдеген мигрант бир мамлекетте иштеп жаткан шартта тобокелчиликтер пайда болот дешет. Маселен, массалык түрдө депортация, кескин чектөөлөр боло турган болсо ал кирешеге эле эмес, коомдук маанайга дагы түздөн-түз таасир бере турганын айтышууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Кыргызстандын 600 миңден ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрөт. Бирок бул каттоодон өткөндөрдүн гана көрсөткүчү. Иш жүзүндө чет жерде жүргөн кыргызстандыктардын саны мындан алда канча көп экени айтылып келет.

Мигранттардын басымдуу бөлүгү Орусия, Казакстан жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдө. Андан тышкары АКШ, Түштүк Корея жана Европанын ар кыл мамлекеттеринде дагы кыргызстандыктардын саны барган сайын өсүүдө.

"Учурда Орусияда 380 миңдей жараныбыз иштеп жүрөт. Былтыр алардын саны 415 миң болчу. Казакстанда 70 миң, Түркияда 32 миң, АКШда 40 миңдей, Корея менен Европа өлкөлөрүндө 10–15 миңдей мекендешибиз бар. Азыр диверсификация жүрүп жатат. Германия, Польша, Словакия, Чехия, Британия сыяктуу мамлекеттерге кетип жаткандар көбөйүүдө",- деди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграция саясаты боюнча бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов.

Айтымында, тышкы мигранттарды жумуш менен камсыз кылуу максатында бир катар мамлекеттер менен кызматташуу жүрүп жатат. Бейшенов бул багыттагы ийгиликтүү мисал катары Түштүк Корея жана Британия менен түзүлгөн программаларды атады.

"Бул өлкөлөр менен мамлекеттик деңгээлде меморандумга кол коюлган. Маселен, Корея мамлекетине кетип жаткандар бул жактан даярдыктан өтүп, тил үйрөнүп, алардын мыйзамдары менен таанышып, атайын борбордон тесттен өтүп, анан ишке кабыл алынат. Британияга дагы сезондук айыл чарба жумуштарына ушундай эле келишимдин негизинде кетип жатышат",- деди ал.

Министрликтин өкүлү учурда Германия жана Жапония мамлекеттери менен жарандарды ишке орноштуруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип жатканын кошумчалады.

"Кыргызстанда атайын Жапон борборун ачуу жагы каралып жатат",- деди ал.

Кыргыз бийлигинин жогорудагы мамлекеттер менен түзгөн келишиминен тышкары, чет өлкөгө жумушка орноштурууда жеке агенттиктер дагы иш алып барат. Учурда Кыргызстанда расмий түрдө лицензия алып, иш жүргүзүп жаткан 197 ишке орноштуруучу жеке агенттик бар.

Алар жыйырма тогуз өлкө менен кызматташып, жарандарды жумушка тартуу багытында ортомчулук кылышат.

Жеке эмгек агенттиктерине мүмкүнчүлүк берүү

Миграция

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жеке эмгек агенттиктери биримдигинин директору Нурдин Шейшенов миграция тармагын диверсификациялоодо мамлекет менен ишке орноштуруучу жеке мекемелердин ортосундагы кызматташтык өзгөчө мааниге ээ дейт.

Айтымында учурда Кыргызстанда Эмгек боюнча эл аралык уюмдун 181-конвенциясын ратификациялоо маселеси парламенттик деңгээлде талкууланып жатат. Бирок бул документ кабыл алына турган болсо, ал жеке агенттиктердин ишмердүүлүгүнө бир катар тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн.

"Азыркы учурда виза ачып берем, чет өлкөгө жумушка орнотобуз деген шылуундар көбөйүп кетти. Бийлик дал ушул 181-конвенцияны кабыл алуу менен алдамчылыкка бөгөт коёбуз деп жатат. Бирок бул иш жүзүндө миграцияны диверсификациялоо аракеттерине тоскоол болуп, кайра эле Кыргызстандын Орусияга болгон көз карандылыгын күчөтүү коркунучун жаратат",- деди ал.

Биримдиктин маалыматына ылайык, конвенциянын 7-пунктунда ишке орноштуруучу жеке агенттиктер жарандардан кызмат акы ала албайт деп так көрсөтүлгөн. Бул нормага ылайык, агенттик көрсөткөн кызматтын акысы иш берүүчү тараптан төлөнүшү керек болот.

"Коммерциялык агенттиктердин табияты киреше табуу. Биз социалдык долбоор эмеспиз. Мамлекеттен каржыланбайбыз, донорлор менен иштешпейбиз. Биз кызмат көрсөтүп, мамлекет бекитип берген тариф боюнча иштеп келебиз. Бирок чет мамлекеттеги иш берүүчүлөр бизге акы төлөп берүүгө кызыкдар эмес. Алар кыргызстандык жумушчулар келсе жакшы болмок деп күтүп отурбайт. Алар эл аралык эмгек рыногунда өзүнө ыңгайлуураак, атаандаштыкка жөндөмдүү өлкөлөр менен иштешет. Ошондуктан аларга башка мамлекеттер, биздин коңшулар менен иштешүү ыңгайлуу болот",- деди Шейшенов.

Чет өлкөлүк иш берүүчүлөр агенттиктерге кызмат акы төлөгөн учурлар бар экенин айтат. Бирок алар көбүнчө абдан оор, ден-соолукка зыян келтирүүчү жумуштарга же жогорку квалификация талап кылынган кесиптерге байланыштуу. Мисалы, Германияда дарыгерлер же медайымдар сыяктуу адистерге суроо-талап жогору болгондуктан, ал жакта иш берүүчүлөр төлөп берүүгө макул болушат.

"Кыргызстан көпчүлүгү квалификациясы төмөн же такыр квалификациясы жок жарандарды гана жумушка жөнөтүп жүрөт. Ошондуктан иш берүүчүлөр мындай жумушчулар үчүн агенттикке акы төлөп берүүгө кызыкдар эмес",- деди ал.

Эмгек боюнча эл аралык уюмдун 181-конвенциясын дүйнө жүзү боюнча 38 гана мамлекет ратификациялаган. Мурдагы КМШ мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн ичинен бул документти Грузия менен Молдова гана кабыл алган.

Нурдин Шейшеновдун айтымында, учурда ишке орноштуруу боюнча мамлекет саналуу гана өлкөлөр менен расмий келишимдерге кол койгон. Калган мамлекеттерге жарандарды жумушка жөнөтүү ишин негизинен жеке агенттиктер жүргүзүп келет.

"Министрлер кабинети бекиткен тартипке ылайык, жеке агенттик көрсөткөн бардык кызматы үчүн бир жолку гана акы алат. Маселен, эгер жарандын айлык маянасы 1000 долларды түзсө, анын 50 пайызга чейинкисин гана берет. 181-конвенция кабыл алынса, жеке агенттиктер акы ала албай калышат. Бул шартта көпчүлүк агенттиктер ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болот",- деди ал.

Анын пикиринде, мамлекет жеке агенттиктерди чектегендин ордуна, аларды колдоп, жаңы багыттарды ачып берүүгө жардам бериши керек.

"Биз жылына орточо эсеп менен 30 миңге жакын адамды жумушка орноштурабыз. Ар бир 100 мигрантка бирден куратор дайындайбыз. Алар чет өлкөгө барганда, ал жактагы процедуралардан өтүүгө, документтерди топтоого көмөктөшөт. Ар бир агенттик жыл сайын 2 миллион сомдон кем эмес каражатты иш сапарларга, сүйлөшүүлөргө жана даярдык иштерине жумшайт. Бизди чет өлкөлөр "келгиле, дароо эле ишке орношкула" деп күтүп турган жок. Жумуш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көптөгөн процедуралардан өтөбүз. Эгер бул агенттиктер жабылып калса, мамлекет ушул сыяктуу бардык чыгымдарды мойнуна алып, жарандарды ошол эле деңгээлде иш менен камсыздай алабы?- деди Шейшенов.

Жеке эмгек агенттиктеринин ассоциациясынын директору миграция тармагы боюнча мыйзамдарды жакшыртуу зарыл экенин белгилейт. Кыргызстан жарандарынын коопсуз жана өнүккөн өлкөлөрдө иштөөсүн камсыздоо үчүн заманбап, натыйжалуу мыйзамдар керек.

"Жыл сайын миграция багыты өзгөрүп турат. Ошого жараша мыйзамдар дагы жаңыланып турушу абзел. 1997-жылы кабыл алынган Эмгек боюнча эл аралык уюмдун 181-конвенциясы азыркы шартка канчалык туура келет бул чоң суроо. Кыргызстанда жеке агенттиктердин ишин жөнгө салган 49-жобо бар. Биз ушул жобого ылайык иштеп келебиз. Анда жеке агенттик кандай тартипте иштеши керектиги, кандай шарт түзүп, канча кызмат акы алууга укуктуу экени так жазылган. Бирок биз муну менен чектелбестен, кеңири масштабдагы, толук кандуу мыйзам кабыл алынышын суранып келе жатабыз",- деди ал.

Шейшенов кошумчалагандай, дал ушул жобого ылайык, тиешелүү министрлик лицензиясы бар гана агенттиктерди көзөмөлдөй алат. Мыйзамсыз иш алып барган шылуундар менен күрөшүү маселеси камтылган эмес.

"Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин да мындай учурларга таасир этүүгө укуктук мүмкүнчүлүгү жок. Болгону мониторинг жүргүзүп, документтерди ИИМге өткөрүп берет. Биз былтыр лицензиясыз иштеп жаткан 49га жакын компания тууралуу арыз жазып өткөрүп бердик. Бирок тилекке каршы, эч кандай жыйынтык болгон жок. Ошол эле кампаниялар бүгүн да ишин улантып жатат. Интернет шылуундары дагы көбөйүп кетти. Мамлекет бул багытта күчтүү мыйзамдык база түзүп, лицензиясы жок иштеген шылуундарды ооздуктап берсе жаңы багыттарды өзүбүз өнүктүрүп кетмекпиз",- деди Шейшенов.

Виза борборлору жана элчиликтер

Министрлер кабинети

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Соода-өнөр жай палатасына караштуу Ишке орноштуруу комитетинин төрагасы Шерболот Аскербек уулу мигранттарды диверсификациялоо багытындагы негизги тоскоолдуктардын бири катары көптөгөн өлкөлөрдүн Кыргызстанда элчиликтеринин жана виза борборлорунун жоктугун белгиледи.

"Көпчүлүк чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Алматыда, Астанада же Ташкентте жайгашкан. Кыргызстандыктар коңшу мамлекеттерге барып визага документ тапшырууга аргасыз болуп жатышат. Бул кошумча чыгым жаратат. Андан тышкары, ошол эле өлкөлөрдүн жарандары дагы визага кезекке туруп жаткандыктан, квота маселеси биздин жарандар үчүн чектелип калууда. Биздин Тышкы иштер министрлик Кыргызстанда виза борборлорун же консулдуктарды ачуу демилгесин колго алышы керек. Мындан сырткары Министрлер кабинети жеке агенттиктер менен чогуу чет мамлекеттерге барып, бизнес-форумдарды уюштуруп, ошол жакта түз сүйлөшүүлөр аркылуу жаңы багыттарды ачуу мүмкүнчүлүгүн караштырышы керек. Мисалы, Италия сыяктуу өлкөлөр менен жеңилдиктерди сүйлөшүп беришсе, ошол багытта жарандарды жумушка орноштурууга шарт түзүлмөк",- деди ал.

Шерболот Аскербек уулу 2020-жылы Кыргызстанда ачылган Венгрия элчилигин мисал келтирди.

"Соңку үч жылда Венгрияга кыргызстандыктар жеңилдетилген тартипте виза ала баштады. Бирок учурда виза берүү токтоп калды. Анын негизги себеби биздин жарандар Венгрияга барып, ал жактан башка мамлекеттерге чыгып кетип жатышканында болуп жатат. Демек, дипломатиялык байланыштарды дагы күчөтүү зарыл. Өкмөт башка мамлекеттер менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Венгрия сыяктуу жөнөкөйлөштүрүлгөн система киргизип, жарандар үчүн конкреттүү шарттарды түзүп бериши керек",- деп кошумчалады Шейшенов.

Ошондой эле ал туристтик виза менен чет өлкөгө чыгып, кайтып келбей койгон жарандардын аракеттери мамлекеттин аброюна шек келтирип жатканын айтты. Мындай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн бийлик алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.