Орусиянын миграциялык мыйзамдары: мигранттардын үнү, көйгөйлөр жана чечимдер

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Мигрант

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жакында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчиси менен миграциялык мыйзамдардын өзгөрүшүнө байланыштуу кыргызстандык мигранттардын маселесин талкуулады. Жолугушууда кыргыз жарандарынын Орусияга кирүү жана чыгуу шарттары, алардын балдары үчүн орус тилинен тест тапшыруу боюнча жаңы талаптарга байланыштуу дипломатиялык ноталар тапшырылды. Орусиянын миграцияга байланыштуу мыйзамдарынын катаалдашы ал жакта иштеп жүргөн кыргызстандыктар үчүн кандай тоскоолдуктарды жаратып жатат? Тиешелүү министрликтер кандай аракет көрүүдө?

"Мал баксак дагы оокат кылабыз"

Гүлшида Турсунбаева Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан. Ал да көпчүлүк кыргызстандыктар сыяктуу жакшы жашоо издеп, мындан 20 жыл мурун Орусияга кеткен.

Учурда Москвада дүкөндө кассир болуп иштеп, үй-бүлөсүн багып келет. Бирок соңку жылдары Орусиянын миграция мыйзамдары улам катаалдашып, бул миңдеген кыргызстандыктар сыяктуу эле анын да жашоосуна олуттуу кыйынчылыктарды алып келгенин айтат.

Гүлшиданын жалгыз уулу Кыргызстанда мектепти аяктаган соң, энесинин жанына барган.

Бирок барганына бир айга жетпей оор берене менен айыпталып, темир тор артына түшүп калган.

Өткөн жылдан тартып Гүлшида уулун бошотуу үчүн барбаган жери, какпаган эшиги калган эмес.

"Орусияда жашоо ар тараптан кыйын болуп калды. Документтерди мыйзамдаштыруу да бир топ татаалдашты. Уулумду атасыз, жалгыз чоңойттум. Ал болгону 19 жашта болчу. Анын күнөөсүз экенин тергөөчүлөр да айтышууда. Бирок бошотууга күчүм жетпей жатат. Элчиликтен да жетиштүү деңгээлде көмөк көрсөтүлбөй жатат", – деп кейиди ал.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Гүлшиданын айтымында, Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын катаалдашуусу көптөгөн кыргызстандыктарды түйшүккө салды.

"Балам камалгандан бери сыртта көп жүрөм, убактылуу кармоочу жайга да улам барып турам. Ошол жакта жүрүп көптөгөн мигранттар менен сүйлөштүм. Баары каттоо системасынын катаалдашканын айтып даттанышат. Батир ээлери каттоого тургузуудан баш тарткан учурлар дагы көп, ар тараптан кыйын болуп жатат",- деди ал.

Гүлшида уулу соттон акталса, ошол эле күнү Орусиядан чыгып кетерин айтат.

"Кыйналып кеттим. Ден-соолугум дагы начарлады. Уулум чыкса айылга барып, мал баксак дагы оокат кылабыз",- деди ал.

2025-жылдын башынан тартып Орусияда миграциялык саясатты катаалдаштырган бир катар мыйзамдар күчүнө кирди.

1-январдан тартып тиешелүү уруксат кагаздары жок чет элдик жарандар Орусия аймагында бир жыл ичинде 90 күндөн ашык мөөнөткө кала албайт.

1-апрелден тартып орус тилин билбеген мигрант балдары мектепке кабыл алынбайт деген мыйзам күчүнө кирет.

Андан тышкары 2024-жылдын 1-декабрынан тартып Орусияга кирүүнү каалаган чет элдик жарандарга биометрикалык маалымат тапшыруу боюнча эксперименттин биринчи этабы иштеп жатат.

Экинчи этабы 30-июнда башталат. Ага ылайык, Орусияга кирерден мурда, жаран 72 сааттан кечиктирилбестен, мамлекеттик кызматтардын мобилдик тиркемеси аркылуу каттоодон өтүп, арыз толтуруп, тиешелүү маалымдамаларды жөнөтүүсү талап кылынат.

5-февралдан тартып Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер атайын реестрге киргизилип, алардын жашоосу бир катар чектөөлөр менен катуу көзөмөлгө алына баштады.

Аталган реестрге кирген чет элдиктер үчүн бир катар чектөөлөр каралган. Алар жашаган жерин өзгөртө албайт, кыймылсыз мүлк же транспорт каражаттарын сатып алуу, сатуу жана башкаруу укугунан ажырайт жана никеге тура албайт. Андан тышкары банк эсебин ачууга жана финансылык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.

Соңку учурларда дал ушул тизмеге кирип калган кыргызстандыктар банк карталары бөгөттөлүп жатканын айтып, маселе Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлгөн эле.

"Мигранттар үчүн абдан оор болуп калды"

Мигранттар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Руслан да ошол реестрге кирип калган кыргызстандык мигранттардын бири. Ал жаңы мыйзамдардын күчүнө кириши чет элдик жарандардын жашоосуна кандай таасир эткенин төмөндөгүдөй сүрөттөйт:

"Башка шаарларда кандай экенин билбейм, бирок Новосибирскте абдан эле оор болуп калды. Канчалаган жарандардын картасы блокко түштү. Консулдук кызматка кайрылсаң арыз жазып таштап кой, жөнөтүп коебуз дейт айтор ушундай. Документ иштеринин татаалдашканынан улам депортация болуп жаткандар да көбөйдү", – дейт ал.

Руслан он жылдан ашык убакыттан бери Орусияда мыйзамдуу иштеп келет. Айтымында, эч качан мыйзам бузган эмес жана бардык документтери талапка ылайык болгон. Бирок белгисиз жагдайдан улам ал атайын реестрге кирип калган.

"Кайсы негиз менен бул тизмеге кирип калганымды түшүнгөн жокмун. Учурда банк карталарым жабык, аларды кайра ача албай жатам. Эки-үч жолу тиешелүү органдарга барып арыз жаздым, бирок азырынча эч кандай жыйынтык жок", – деп кейиди Руслан.

2024-жылдын 30-декабрында Орусиянын президенти Владимир Путин жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, реестрге кирип калган чет элдик жарандар 2025-жылдын 30-апрелине чейин Орусиянын аймагынан чыкпастан, укуктук статусун жөнгө салууга милдеттендирилген.

"Реестрден чыгуу процесси татаал эмес"

ТИМ

Сүрөттүн булагы, Official

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, аталган реестрге кирип калган кыргызстандык жарандардын саны башында 67 миң болсо, февралдын аягына карата 83 миңге жетти.

"Реестрден чыгуу процесси татаал эмес. Эч кандай кыйынчылыгы жок. Анын эки жолу бар. Биринчиден, Кыргызстан жарандары Орусиянын аймактык Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнө кайрылып, күбөлөндүрүлгөн эмгек келишимин же жумуш келишимин тапшыруусу керек. Бирок ага чейин биометрикалык каттоодон, медициналык кароодон өтүп, тиешелүү документтерди иретке келтирүү зарыл. Экинчиси, эгер жаран өз каалоосу менен Орусиянын аймагынан чыгып кетсе, ал автоматтык түрдө реестрден чыгат. Бул тизме бир суткада төрт жолу, башкача айтканда, ар алты саат сайын жаңыланып турат. Мисалы, 15 күндөн кийин реестрдеги Кыргызстан жарандарынын саны 50 миңге түшүүсү же тескерисинче көбөйүүсү ыктымал",- деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин биринчи катчысы Алмазбек Байбосов.

Акыркы жылдары Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жана консулдук кызматтарына мигранттар тарабынан бир топ нааразычылыктар айтылып келет.

Өзгөчө, укуктук көйгөйлөргө кабылган жарандар элчиликтен жана консулдуктардан жетиштүү деңгээлде колдоо таба албай жатканын билдиришет.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Орусияда ар кандай көйгөйлөргө туш болуп жаткандардын көбү мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктар экенин белгилеп, миграциялык мыйзамдарды сактаган жарандардын укуктары бузулган учурлар сейрек экенин кошумчалады.

"Миграция мыйзамдары катаалдашкан сайын кыргызстандык жарандардын тынчсыздануусу күчөп жатат. Өзгөчө, документтери так болбогон мигранттар Орусиянын Ички иштер министрлигине кайрылуудан кооптонушууда. Бул маселени чечүү үчүн биз консулдук кызматтар менен тыгыз иш алып барып, жума сайын онлайн жыйын өткөрүп жатабыз. Ар бир консулдукка конкреттүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле, мекендештерибиз көп жашаган шаарлардагы курулуш аянтчаларына, соода борборлоруна барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдети коюлду. Орусиянын аймагы абдан чоң болгондуктан, бардык региондорду камтуу кыйын. Ошондуктан, түшүндүрүү иштерине диаспора өкүлдөрүн, активисттерди жана волонтёрлорду да тартууга аракет кылып жатабыз. Андан тышкары 24 саат бою ыкчам байланыш номери иштеп жатат. Бул номерге кайрылган жарандардын ар бир маселеси көз жаздымда калбайт. Эгерде кызматкерлерге байланыштуу арыз түшсө чаралар көрүлөт", – деди мекеме өкүлү.

Ал Орусия менен Кыргызстандын жогорку деңгээлдеги алакаларын, ЕАЭБ жана башка интеграциялык уюмдарга мүчөлүгүн эске алуу менен миграцияга байланыштуу жаңы мыйзамдар кыргызстандык жарандар үчүн жеңилдиктерди камтышы керектигин белгиледи.

Бул боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия тарапка бир нече дипломатиялык нота жөнөткөнүн кошумчалады.

"Бир катар жолугушуулар уюштурулду. Биздин тынчсыдануубузду алар дагы түшүнүү менен кабыл алып жатат. Бул жагынан ыраттуу саясий дипломатиялык иш аракеттерди кылып жатабыз",- деди ал.

Беш мамлекетти бириктирген Евразиялык экономикалык биримдикке Кыргызстандын кошулганына быйыл 10 жыл болуп калды.

Уюмдун негизги принциптери катары эркин соода аймагы, эркин акча жүгүртүү жана жумушчу күчтөрдүн эркин жүрүүсү каралган эле.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын соңуна карата Орусияда расмий каттоого турган кыргызстандыктардын саны 379 миң 949 адамды түзгөн. Бирок каттоого алынбаган жарандарды эске алганда, бул көрсөткүч 500 миңге чукулдап барары айтылууда.

Акыркы эки жылда Орусия миграция тармагына байланыштуу 30дан ашуун мыйзам жана укуктук ченемдик актыларды кабыл алды.

Расмий Кремль бул өзгөртүүлөрдү өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого багытталган чаралардын бири катары түшүндүрүп келет.

Миграция министрлиги эмне дейт?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Сүрөттүн булагы, Official

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, былтыр Орусиядагы кыргызстандык мигранттар боюнча эксперттик изилдөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында соңку эки жыл ичинде 128 миң кыргызстандык мекенине кайтып келген.

"Бизде ишке орноштуруу боюнча ар кандай программалар бар. Кайтып келгендерди иш менен камсыздоо, каалагандар үчүн жаңы квалификация бергенге мүмкүнчүлүк каралган. Кыргызстанда ылайыктуу жумуш табылбай калса, чет мамлекеттерге дагы чыгарганга көмөктөшөбүз. Ошол эле Европага, АКШга, Канадага жана башка мамлекеттерге барып иштөө жолдорун караштырып беребиз",- деди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграция саясаты бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов.

Миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылы 11 миң кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алган. Ошол эле учурда 4 370 кишиге ар кандай кылмыш иши козголгон. Административдик жоопкерчиликке тартылган 14 700 адам Орусиянын аймагынан чыгарылган.