Сексуалдык зордукчу эмнеге дале чиркөөдө иштейт?

Марк Лоуэн, BBC News, Рим

Католик чиркөөсү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си Италияда поптор тарабынан жасалган сексуалдык зомбулуктун чыныгын масштабын жаап-жашыруу маданияты басып турарын ачып чыкты. Биз тереңдеп кирген жана үрөй учурган бир окуя Чиркөөдөгү зордукчулар кантип жоопкерчиликтен качып кеткенин көрсөтөт. Макалада окурмандар жагымсыз деп эсептеген сүрөттөөлөр камтылган.

Биз аны “Марио” деп атап коёлу. Кол алышып учурашып жатканыбызда ал бир аз кетенчиктеп калды. Физикалык байланыштан улам ыңгайсыз болду окшойт. “Кандайсың?” деп алгачкы суроомду узаттым. Аны кепке тартууга кылган аракетиме ал дароо жооп берди.

“Бул интервью мени ошонун баарына кайтарып барууда”, — деп кекечтенди ал ыйга аралаш жакшы сүйлөй албай.

Марио бала кезде поптун кол астында өткөргөн күндөрүн “сексуалдык кулчулук” деп атайт. Ал окуясын буга чейин эч бир журналистке айтып берген эмес.

Материалда Марионун үрөй учурган көрсөтмөсү, зордукчу менен бетме-бет келгени жана поптун бүгүнкү күнгө чейин кызмат кылуусуна ким жол бергени жөнүндө баяндалат.

Анын окуясы Италиядагы чиркөө кызматкерлери сексуалдык зомбулукка аралашканы боюнча сансыз окуялардын бири. Италия мындай балекетке эч качан тиешелүү түрдө каршылык көрсөткөн эмес. Италия поптордун саны боюнча дүйнөдө алдыда. Арткы короосунда Католик чиркөөсү турат. Сексуалдык зомбулук маселеси боюнча расмий статистикалык маалыматтарды топтобойт жана коомдук иликтөө да жүргүзүлгөн эмес.

Ватикандын көлөкөсүндө Италиянын күнөөлөрү жаап-жашырылып турат.

* * *

“Албетте, ал анын, менин жана Исанын ортосундагы сыр экенин айткан”, — деп эскерет Марио.

Марионун айтымында, ошол сыр ал сегиз жашында Жанни Бекиарис ата тарабынан көрсөтүлүп, 16 жылга созулган зомбулук болгон.

Иш боюнча Марионун адвокатынын колундагы маалыматтар аябай графикалык сүрөттөөлөрдү камтыйт. Анда 1996-жылдагы алгачкы зордуктоо “атайылап” жасалганы баяндалат. Бекиарис мейманканада ал экөө үчүн бир кишилик керебет менен бир бөлмө алган. Андан соң, документтерде жазылгандай, Марио “оорудан азап чегип, канап… үн чыгарбай ыйлап калган”.

Кийинчерээк Бекиарис Марионун ата-энесине мейманкана жайгашкан жердин жана зордуктоо болгону айтылган жайдын сүрөтү тартылган плакатты “белекке” берген. Плакаттын артына ал ошол күндүн убакты-саатын белгилеп, “Тоонун суугунда биз өткөргөн эки күндүн элесине” деп жазып койгон.

Жанни Бекиарис кызмат өтөп жатат

Сүрөттүн булагы, FACEBOOK

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жанни Бекиарис кызмат өтөп жатат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Иштин документтеринде Бекиарис Мариону эч кимге айтпа деп коркутканы жазылат. “Болуп өткөн окуя дагы… жаш баланын күнөөсү” деген сөзү келтирилет.

“Мен чоңоюп калганда ал ата-энеме келип, анын үйүнө барып жатсам болуп-болбосун сураган”, — деп эскерди Марио. “Ата-энем көнбөй койсо экен деп тиленсем да алар макул болушкан”.

Боло турган кырсыктан кабары жок ата-энеси маанилүү инсан алардын уулун баалап жатат деген баёо сезимдер менен сыймыктанышчу. Травма Мариону баңгизатка түртүп, психологиялык жактан жабыркаткан жана бир нече жолу өз өмүрүн кыюуга чейин жеткирген.

“Ал менин жароокер жан дүйнөмдү бузду”, — дейт Марио. “Менин түштөрүм Калашников мылтыктары жана кол гранаталары жөнүндө”.

Ошентип терапевтке бара баштагандан кийин Марио адилеттик издейин деп жолго чыккан. Анын биринчи эле кадамы Бекиаристин башчысы, епископ Амброжио Спреафикого кайрылуу болгон. Епископ Спреафико Католик чиркөөсүндөгү канондук мыйзамдарга ылайык соттук териштирүү баштаткан.

Аталган соттук териштирүүнүн натыйжасында Бекиариске “каршы тагылган айыптар боюнча күнөөлүү” деген өкүм чыккан. Катаал мамиленин айрым жагдайларын Бекиарис даттанган болсо да ал “кылмыш кылганын мойнуна алган”. Ал тургай Бекиарис Мариого 112 миң евро төлөп берген.

Бирок комиссия Марио өтүнгөндөй попту кызматтан четтетүүнүн ордуна ага өмүр бою “жашы жете электер менен өз ишин аткарууга” тыюу салган.

Көңүлү калган Марио менен адвокаты Италиянын полициясына кылмыш арызы менен кайрылган.

Бирок Италиянын олдоксон укуктук системасына ылайык, иштин мөөнөтү эскирип кеткендиктен Бекиаристи жоопко тартууга болбой калган. Бул окуя Италияда сексуалдык зомбулукка кабылгандардын иши боюнча юридикалык тоскоолдуктардын жаракаларын көрсөтүп турат.

Италияда иштин мөөнөтү эскирип кетүүсү азыр кайра каралууда. Ал кылмыш жөнүндө маалымдалган убактан тарта эмес, кылмыш жасалган убактан тартып эсептелет. Бирок анын ретроспективдүү күчү болбойт.

Карла Корсетти, Марионун адвокаты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Карла Корсетти, Марионун адвокаты

Марионун адвокаты Карла Корсетти мөөнөттүн эскириши сансыз сексуалдык зомбулук учурларына тоскоолдук жаратып жатканын айтты. Анткени андай күндөрдү баштан өткөргөндөргө кылмышты аңдап түшүнгөнгө чейин көп жылдар керектелиши мүмкүн. Бирок ал кошумчалагандай, маселе тереңде жатат. Ошол кездеги диктатор Бенито Муссолини кол койгон Италиянын конституциясы менен 1929-жылдагы Латеран пактында Ватиканга юридикалык автономия берилген. Бул чиркөө кызматкерлерине Ватикандын мыйзамдарына таянып чечим чыгарууга өбөлгө түзөт. Ошентип алар иш жүзүндө Италиянын укуктук системасына баш ийбейт.

Поп Францисктин тушунда Ватикан андай кылмыштар менен күрөшүү аракеттерин бара-бара күчөтүп, мисалы, “поп сыры” аттуу унчукпоо кодексин колдонууга тыюу салган. Жакында эле Италия епископторунун конференциясы биринчи жолу катаал мамиледен жабыр тарткандар үчүн тилек билдирүү боюнча улуттук күндү негиздеди.

Бирок сынчылардын оюнча, андай кадамдар эң жакшы дегенде кечиккен, жаман дегенде оңтойсуз аракет.

2019-жылы Бириккен Улуттар Уюму чиркөө кызматкерлеринин сексуалдык зомбулук маселеси боюнча Италияны көз карандысыз жана бейтарап иликтөө жүргүзүүгө чакырган.

Католик чиркөөсү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Өзү да зордук көргөн Франческо Занарди Италиянын түндүгүндөгү чакан батиринде “Зордукталгандардын тармагы” аттуу бирикмени жетектейт.

“Качан биз колдоо жана юридикалык жардам издей баштаганыбызда, биз кыштан урулган дубалга барып такалдык”, — дейт ал.

Ал конфиденциалдык маалыматтар менен массалык маалымат каражаттарындагы кабарларды чогултуп, өлкөдөгү диний кызматкерлердин картасын түзгөн. Ага катаал мамиле кылууга шектелген, же катаал мамиле кылды деп иликтенген же камалган диний кызматкерлер кирген. Ал жабыр тарткандар менен иштөөгө даяр болгон юристтердин тобун да түзгөн.

Занарди соңку 15 жылда Италияда 163 диний кызматчы камалганын санап чыккан, бирок бул өтө азайтылган сан деп эсептейт.

Бул жерде маселенин кандайдыр бир деңгээлде маданий өзгөчөлүгү да бар. Батыш Европадагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу Италия айрым социалдык маселелерде консервативдүү келет. 80% ашуун калк католик деп эсептелген өлкөдө көптөгөн италиялыктар үчүн чиркөөнүн аброю көбүнесе өтө жогору.

Чиркөө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ошондой эле Марио сыяктуу көптөгөн сексуалдык зордук көргөндөргө татыктуу кам көрүшпөйт.

Мариону зордуктаган Жанни Бекиарис азыркы күнгө чейин ошол эле епархияда кызмат өтөп келатат жана дале Амброжио Спреафиконун жетекчилиги астында.

Биз бир нече апта бою Бекиариске интернетте байкоо жүргүздүк. Ал ар кайсы шаарлардагы ар түрдүү чиркөөлөрдө кызмат өтөгөнүн аныктадык. Ал зордук көрсөткөн епархияда бүгүнкү күнгө чейин мүчө болуп турат. Жаш балдар менен бирге кызмат өтөп жатканы тартылган сүрөттөрдү да таап чыктык.

Акыры Римге жакын бир жерде аны таап жакын бардык. Ага соттук документтерди жана анын жаш балдар менен бирге кызмат кылып жатканы тартылган сүрөттөрдү көрсөттүм.

“Мен бул жерде иштейм”, — деп жооп берди ал жашаган имаратты көрсөтүп. “Ал жакта жаш балдар жок”.

Анан мен жаш балдар менен чиркөөдө түшкөн сүрөттөрүн көрсөттүм.

“Алар адамдар, жаш балдар эмес”, — деп көшөрдү ал.

Ал ичкериге кирүүгө ашыкты.

“Сиз педофилсизби?” — деп сурадым.

“Сиз ошентип айтып жатасыз”, — деп жооп берди ал.

“Жок, сизден жабыр тарткандар ошентип айтып жатышат”, — дедим ал эшигин жабаардан мурун “Жакшы барыңыз” деп айтканда.

Католик чиркөөсү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бирок ошентсе да биз Бекиаристин үстүндө турган епископ Амброжио Спреафикодон эмне үчүн диний кызматчыны жумуштан албаганын сураганыбызда, Марионун көрсөтмөлөрүнө карабастан, ал эч кандай натуура иш болбогонун айтты.

Епископ Спреафиконун айтымында, чечимди Ишеним доктринасынын жамааты чыгарган. Аталган жамаат канон мыйзамдарынын жетекчилиги менен ушундай маселелерди карап, жөнгө салган Ватикандын күчтүү бөлүмү.

“Мен процедураны сактадым. Алар ушундай чечим чыгарууну эп көрдү. Менин колумда эмес эле”, — дейт ал.

Бирок иштин деталдарын билип туруп, Марио сизге ишенип кайрылган соң жана канондук мыйзам боюнча Бекиарис күнөөлүү деп табылып жатса да, “эмне үчүн Ватиканга башкача чечим чыгаруу боюнча кеңеш берген жоксуз?” деп сурадым.

“Күнөө ар кандай факттарга негизделиши мүмкүн”, — деп жооп берди ал. “Алар ар кандай масштабда, ар кайсы убакта жана ар башка чындыкта болуп калышы ыктымал”.

Качан ага Бекиаристин чиркөөдө жаш балдар менен жүргөн сүрөтүн көрсөткөнүмдө, ал башында Ватикан менен тактаганын айтып, анча-мынча кызмат өтөө чыгарылган өкүмгө каршы эмес экенин билдирген.

“Мен [Ишеним доктринасынын] жамааттан ошондой тыюу да камтылганбы-жокпу сурайм. Бирок анын өзү жарлыкта көрсөтүлгөн эмес”, — деди ал.

“Ал мыйзамга каршы болбогон кезде деле анын диний кызматкер болуп иштөөсү өзөктө адеп-ахлакка каршы келбейби?” деп сурадым.

“Сиздин байкооңузду эске алам, караштыралы, сиз кабатыр болбоңуз”, — дейт ал.

Ишеним доктринасынын жамаатына кайрылып, өзүбүз эле карап чыктык.

Алардын айтымында, Жанни Бекиариске жашы жете электер менен бирге кызмат өтөөгө өмүр бою салынган тыюу “күнөөсүн жеңилдетүү жана жуу” үчүн киргизилген. Ал “жаш балдарды жалгыз калтырбоо шарты” менен жашы жете электердин катышуусунда кызмат өтөөгө уруксат берет.

Юридикалык майда-бараттар, процедуралык тешиктер жана соттук чечимдердин жекече талкууланышы Жанни Бекиариске Кудайдын сөзүн андан ары үгүттөөгө жол берген; Мариону сот адилеттигинен ажыраткан. Бир күнү ал уулу менен өзүнүн чиркөөсүнө барып, аны зордуктоого бир нече жолу айыпталган кишинин кызмат өтөп жатканына күбө болушу толук мүмкүн.

Катаал мамиле менен күрөшө албаган Италиянын жөндөмсүздүгүнүн; балалыгы жана ишеними аёосуз түрдө тартылып алынган адамдардын алдындагы жоопкерчиликти Италиянын сезбегенинин кесепети ушундай.

“Анын кесепети бүлүндүрөт”, — дейт Марио. Анын жан дүйнөсү жабыркаганы көрүнүп турат. “Бүтүндөй Чиркөөдөн, Рим Папасынан тарта эң төмөнкү диний кызматкерге чейин, баарынан жийиркенем. Өлгүдөй тажадым”. (EA)

Жулиан Милерининин кошумча репортажы

Макала айрым кыскартуулар менен которулду. Толугу менен бул жерден окуңуз