"Автобустар талкаланып калмай болду". Сегиз айда 231 автобус кырсыктады

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташыган 1124 автобус бар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташыган 1124 автобус бар

Бишкектин коомдук транспортуна нааразы болгондордун саны аз эмес. Мурдагы тыгылган, түтөгөн, кир маршруткаларга караганда аябай жакшы болуп калды деген менен узаган жайда эле автобустардын кондиционери жок деп нааразычылык чыкты. Алар автобусту мончого салыштырып, байма-бай шакабаларды да жарыялап келишкен эле.

Эми күн алыс эле автобус бак сүздү, автобус кагышты, автобус киши сүздү деген сыяктуу кабарлар чыгып, автобустун айдоочулары кимдер, алар кантип тандалат деген суроого жооп издегендер көп.

Алар автобустун рулуна олтургандар адыраңдата айдап, маршруткадай эле ойкутуп-кайкытып жатышат дешет. Статистиканы карай келгенде чындап эле ойлоно турган маселе экен. Айрымдары автобустун айдоочусунун айынан төшөккө жатып калды дешти.

Сегиз айда 231 жол кырсыгы катталды

Мэриянын маалыматына караганда, соңку сегиз ай аралыгында автобустардын катышуусунда 231 жол кырсыгы катталды. Алардын ичинен 109 кырсыкка дал ошол автобус айдоочулары күнөөлүү болсо, 122 кырсыкка экинчи тарап жоопту болуп чыккан.

“Эгер экинчи тарап күнөөлүү деп табылса, болгон чыгымды алар төлөп берет. Автобустун айдоочусу күнөөлү болуп калган учурда ал каражатты өз чөнтөгүнөн чыгарат. Эгер чыгымдын суммасы өтө эле чоң болсо биз тараптан айдоочуга жардам берилет. Дегеним унааны калыбына келтирүүгө кеткен каражатты биздин мекеме төлөп берет. Бирок айдоочунун маянасынан ай сайын 10 пайыздан 30 пайызга чейин каражат кармалат”,- деди Бишкек мэриясынын транспорт ишканасынын башкы инженери Артур Өмүрзаков.

Өмүрзаков шаар тургундарынын коюп жаткан дооматтары жүйөлүү экенин айтат. Бирок айрым учурда жүргүнчүлөр тараптан дагы бир топ катачылык кетип калат дейт:

“Жүргүнчүлөрдөн келип түшкөн даттануулар, ар бир жол кырсыгы каттоого алынат. Ал техникалык кеңеште каралып, ошого жараша айдоочулар айыпка жыгылат. Айрымдар убактылуу каттамдан четтетилсе, айрымдарга сый акы берилбейт. Өтө эле одоно эреже бузган учурда кайра экзамен тапшырып, айдоочулук укугунан ажыратканга чейин барат”.

Ошондой эле ал автобус айдап жүргөндөр мурдагы кичи автобустун айдоочулары деген пикирди четке какты. Айтымында айдоочулар атайын конкурс менен тандалып алынып, бир ай сыноодон өткөндөн кийин гана ишке алынат.

“Айдоочунун айынан апам төшөктө жатат”

Кырсыкка кабылган автобус

Сүрөттүн булагы, Жабырланган тарап

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Дал ушундай жол кырсыгынын кесепетинен Айназиктин апасы учурда төшөктө жатат. Ал апрель айында ооруканага бара жатып кырсыктап, омурткасын сындырып алган.

Кырсык Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде, аялдамага жакын жерден болгон. Автобустун айдоочусу ага катарлаш келе жаткан жеңил унааны байкабай, сүзүп ала жаздаган.

“Аялдамага жеткени калганда апам ордунан туруп түшкөнгө даярдана баштаган. Апам коомдук транспорттон дайыма кармагычты кармап, телефонго алагды болбойт. Ошого карабай автобустун айдоочусу тормозду катуу тепкенде жүргүнчүлөр кулап, апамды басып калышкан. Айдоочу жол кире алып жатып, күзгүнү карабай калган. Эмне үчүн ал унааны башкарып бара жатып мындай нерсеге алагды болот? Аялдамага токтоп, толук жол кире акысын чогултуп алган соң анан унааны айдаш керек да. Эмне үчүн автобустарда кондуктор жок?”,- деди нааразы болгон Айназик.

Кырсыктын кесепетинен аялдын омурткасы сынып кеткен. Доктурлар эки жылга чейин күч келтирбей өзүн жакшылап караш керек дептир.

“Ошонун айынан апам эки жылга чейин эми иштей албайт, төшөктө жатат. Мен студентмин. Жагыз агамдын тапканы баарыбызга жетпейт да. Учурда апамды караганга эч ким жок, киши жалдайлы десек акчасы дагы кымбат экен. Жеңил унаанын айдоочусу колунан келген жардамын берди. Ал эми автобустун айдоочусу 2-3 жолу ооруканага келип коюп, тосмо арыз жазып бергиле деп талап кыла баштады. Операцияга эле миң доллардан ашык каражат кетти. Андан тышкары дары-дармекке деле бир топ акча кетип жатат. Автобустун айдоочусу эбак телефонун алмаштырып салыптыр”,- деп кейиди Айназик.

Жүргүнчүлөр эмне дейт?

Алина Исакова, Бишкек шаарынын тургуну:

“Мен ооруканада иштейм. Күнүгө жумушка автобус менен келем. Жол чырактардан же аялдамалардан токтоткондо алдыга жүткүнүп барып кайра келесиң. Бала-бакырасы менен түшкөндөр, кары-картаңдар жыгылып кетип жаткан учурлар дагы бар. Анысы аз келгенсип шаар бийлиги троллейбустарды каттамдан алып салды. Бул эл үчүн кыйынчылык жаратып жатат. Тыгылып келгенибиз аз келгенсип, аялдамада автобусту көпкө күтүп турабыз. Иштен кечигип, сөгүш алган учурлар болуп жатат. Мэрия маселени жөнгө салып берсе жакшы болмок”.

Нурсултан

Нурсултан, Бишкек шаарынын тургуну:

“Чындыгында айдоочулардын көбү орой. Азыр көпчүлүк электрондук капчык аркылуу төлөп калбадыбы. Акчаны бергиче тим эле сүйлөнүп жиберишет. Кээде ооз жакка туруп калган жүргүнчүлөрдү кагып-силккен учурлары көп болот. Бир аз маданияттуу болушса жакшы болмок”.

Рахим, Бишкек шаарынын тургуну
Кумарбек Шейшеналиев, Бишкек шаарынын тургуну

Кумарбек Шейшеналиев, Бишкек шаарынын тургуну:

“Мен автобус айдоочуларына эч кандай нааразылыгым жок. Өз ишин кылып жатат. Аларга дагы атайын график коюлган. Болжогон убакытта бир жерден экинчи жерге жетип калышы керек. Кыбырап жүрө берген дагы болбойт да. Айрым жүргүнчүлөр өздөрү дагы обужоктоно берет эмеспи”.

Максат Ажиев, Бишкек шаарынын тургуну:

“Айдоочулардын элге болгон мамилеси өтө начар. Тим эле бекер ташып жаткандай мамиле кылышат. Автобус айдагандардын көбү мурдагы маршрутканын айдоочулары. Ошол кичи автобустарды кандай айдашса ошондой эле адыраңдатып айдап жүрүшөт. Айдоочуларга план коюп коюптур, ошону толтуруу үчүн эрежени эстеп дагы коюшпайт. Бири-биринен жол талашып айдашат. Мамлекеттин мүлкүн аямак беле”.

Назгүл, Бишкек шаарынын тургуну

Назгүл, Бишкек шаарынын тургуну:

“Азыркы автобус айдоочуларынын баары, мурун кичи автобус айдагандар. Алар маршруткага көнүп калып, автобусту дагы ошондой айдап жатышат. Маселен, маршруттар кичине болгондуктан кайрылыштардан катуу ылдамдыкта келип бурулуп кетишчү. Азыр автобустарды дагы ошондой айдашат. Ошонун кесепетинен жапжаңы транспорттор менен кырсыктап калып жатат. Кээде коркуп кетесиң. Айрым учурда жолдон дагы чыгып кетишет. Бирок ошончо автобуска жаңы айдоочу алган дагы кыйын. Андан көрө азыркы айдоочуларды окутуп, жолугушууларды өткөрүп, маданиятын жогорулатканга аракет кылуу керек”.

Айдоочулардын айласын алты кетирген тыгын

Бир топ жылдардан бир эле монорельс системасын ишкер киргизүү керек деп сунуш берип келе жаткандар дагы бар.

Шаар көчөлөрүндөгү мындай көйгөйдүн бирден-бир себеби унаалардын көптүгү, жол тыгыны экени талашсыз.

Маселени чечүү максатында шаар бийлиги муниципалдык кызматкерлерди коомдук транспортто жүрүүгө көндүрүп, атүгүл унаа номерлерине карап каттамга чыгаруу сыяктуу сунуштарды айтып келди.

Бир топ жылдардан бир эле монорельс системасын ишкер киргизүү керек деп сунуш берип келе жаткандар дагы бар.

Бишкек мэриясы соңку айлардагы жол тыгындын күч алышып, борбордогу негизги көчөлөрдө жүрүп жаткан ремонт иштери менен байланыштырды.

Транспорт инфротүзүмүн өнүктүрүү департаментинин маалыматына караганда, учурда алты негизги көчөдө оңдоп-түзө иштери жүрүп жатат. Алар Чүй, Жибек Жолу проспектилери, Байтик баатыр, Ахунбаев, Горький, Юнусалиев көчөлөрү.

“Оңдолуп жаткан көчөлөрдө транспорт жолдун бир тарабы аркылуу жүрүп жатат. Ушул көчөлөрдүн айрым тилкелеринде жолдор кеңейтилди. Айрым жерлерде жол чырактар алынып, жөө адамдар үчүн өтмөктөр курулуп жатат. Маселен, Чүй, Жибек Жолу проспектилеринде, Ош базарында. Андан тышкары жол кыймылын башкаруучу автоматташтырылган системаны киргиздик. Атайын комплекс жол чырактарынын тушуна орнотулуп, тыгындарды компьютерден байкап, алдын алууга жардам берет”,- деди департамент директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Мирлан Алыраев.

2023-жылы калаа бийлиги Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнө коомдук транспорт үчүн атайын тилке чийген эле. Бирок кийин ал чийиндер жок болуп кеткен. Көрсө мэрия андай тилкелерден баш тартуу чечимин кабыл алыптыр.

“Мындай тилкелердин туурасы 3,5-4 метрди түзөт. Ал жолдон салмагы 18 тонна болгон коомдук транспорттор жүрөт. Ушундай салмактагы транспорттор бир эле из менен жүрө бергенде асфальт чөгүп кетүү коркунучу бар. Ошол себептүү убактылуу бул системаны токтотуп жатабыз. Бирок такыр эле токтоп калга жок. Комплекстүү өзүнчө долбоор даярдалып жатат”,- деди ал.

Алыраев учурда Жаш Гвардия бульвары менен Толстой көчөсүнүн жана 7-апрель менен Горький көчөсүнүн кесилишине 2X2 деңгээлдеги транспорт түйүнүн куруу пландалып жатканын кошумчалады. Тагыраагы бул кесилиштерге эки кабат жол курулат экен.

Бишкекте 1 124 автобус бар. Алардын ичинен күнүнө 1050 автобус каттамга чыгат. Велосипед тебүүгө атайын жол болгондо шаардын тыгыны кыйла азайып, табиятка да, саламаттыкка да жакшы болот эле деген сунуштар азырынча унутта калып келе жатат.