Батыш медиасы Украина F-16 учактарын алганын жазды: фронтто абал өзгөрөбү?

F-16 кыргын салуучу учагы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, F-16 кыргын салуучу учагы

Украинанын куралдуу күчтөрү Батыш союздаштарынан F-16 кыргын салуучу учактарынын биринчи чакан партиясын алды.

Учактар жеткирилгени тууралуу адегенде Bloomberg булактарына таянуу менен жазды, андан кийин бул маалымат башка бир нече батыш жана украин басылмаларына жарыяланды.

Өз булактарына шилтеме жасаган Британиянын Times басылмасы Украинага алты даана F-16 учагы берилгенин, алар Нидерланддан жеткирилгенин кабарлады.

Британиялык Daily Telegraph гезити F-16 истребителдери абадан коргонуу жаатында биринчи согуштук тапшырмаларды аткарганын маалымдады.

Украинанын аскер аба күчтөрүнүн өкүлдөрү муну тастыктап же четке да каккан эмес.

Украинанын расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасаган AP агенттигинин маалыматына караганда, орус аба күчтөрүнө каршы туруу үчүн Украинага кеминде 130 кыргын салуучу учак керек. Анткен менен Батыш союздаштары Украинага 60ка жакын F-16 учагын жөнөтүүнү убада кылышкан.

Бул учактарды кабыл алуу процесси дээрлик бир жарым жылга созулду. Айрым эксперттер согушта "бул олуттуу өзгөрүү" бериши мүмкүн деп болжоп жатат.

Расмий Киев бул маалымат боюнча комментарий берген жок, бирок украиналык маалымат каражаттарында, тагыраак айтканда Одессадагы "Думская" басылмасында F-16 учагынын асмандагы сүрөтү жарыяланды.

Одессанын асманында тартылган F-16 учагы

Сүрөттүн булагы, dumskaya.net

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Одессанын асманында тартылган F-16 учагы

Былтыркы чечим быйыл ишке ашууда

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Украина орус баскынчылыгынын алгачкы күндөрүнөн тарта чет элдик өнөктөштөрүнөн согуштук учактарды сурап келет.

АКШда жасалган F-16 учактарын Украинага жиберүү узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган чечим болду окшойт.

Анткени Орусия менен түздөн-түз тирешүүгө алып келиши мүмкүн деген чочулоодон улам Батыш державалары, өзгөчө Америка бул учактарды Киевге берүүдөн карманып келишкен.

Былтыр Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко Батыш өлкөлөрү Украинага учактарды жеткирсе, "чоң коркунучтарга" туш болорун эскерткен.

"Дания Украинага F-16 учагын берүү тууралуу чечим кабыл алганы конфликттин курчушуна алып келет" деп Орусиянын Даниядагы элчиси Владимир Барбин да маалымат агенттигине айткан эле.

Бир жыл мурун Украинанын президенти Володимир Зеленский Европанын эки өлкөсүнө жасаган сапарынын жыйынтыгында Украина Нидерланддан 42, Даниядан 19 учак, жалпысынан 61 учак алуу боюнча макулдашууга жетишкенин кубануу менен кабарлаган.

Ошол эле маалда 300гө жакын учагы бар Орусияга каршы туруу үчүн куралдуу күчтөргө кеминде 128 батыш учактары керектигин айткан.

Володимир Зеленский Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен менен бирге F-16 учактарын карап чыгууда. 2023-жыл, август

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Володимир Зеленский Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен менен бирге F-16 учактарын карап чыгууда. 2023-жыл, август

АКШнын Дания менен Нидерланддарга F-16 учактарын Украинага тапшырууга уруксат берүүсү согуштун жүрүшүндө чечүүчү өзгөрүүлөрдү алып келиши мүмкүн.

Украин аскердик аба күчтөрүнүн басма сөз катчысы Юрий Ихнат былтыр май айында "Бизге F-16 келсе, согуштан жеңип чыгабыз" деп айткан. Муну Батыштагы көптөгөн расмийлер ырастап, аба күчтөрүнөн олуттуу колдоо болсо, жеке курамдагы чоң жоготуулардын алдын алууга мүмкүн болмок деп белгилешти.

F-16 эмне болгон учак?

F-16

Сүрөттүн булагы, Getty Images

F-16 дүйнөдөгү эң ишенимдүү согуштук учактардын бири катары саналат.

АКШнын аскердик аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, ал көп функцияны аткарат, так башкарылуучу ракеталар жана бомбалар менен куралдана алат. Саатына 2,400 километр ылдамдыкта уча алат.

F-16 учагынын бутага алуу жөндөмү Украин аба ырайынын бардык шартында жана түнкүсүн дагы орус күчтөрүнө чоң тактык менен чабуул коюуга мүмкүндүк берет.

Украинанын ондогон согуштук учагы бар экени белгилүү, алар негизинен совет доорунан калган МиГдер.

Ал эми Орусия болсо кыйла бийиктикте учуп, башка учактарды алыстан байкай алган заманбап жабдыктарды колдонот.

Учак жасаган америкалык аскерий өндүрүүчү Локхид Мартиндин айтымында, учурда 25 өлкөдө үч миң F-16 учагы колдонулууда. (SA)