Армян-азербайжан чек арасына ЖККУ миссиясы барат

Сүрөттүн булагы, ARIS MESSINIS/AFP VIA GETTY IMAGES
ЖККУ лидерлери шейшембидеги кезексиз жыйында армян-азербайжан чек арасындагы курчуган кырдаалды карап чыгуу үчүн уюмдун баш катчысы башында турган миссияны жиберүүнү чечти.
Миссиянын даярдаган маалыматы ЖККУнун Ереванда өтө турган кезектеги жыйынында каралмакчы.
«Андан сырткары, шейшембидеги жыйында катчылыктын кызматкерлери менен бириккен штабдын аскер кызматчыларынан жумушчу топ түзүп, ЖККУнун жоопкерчилигинин зонасындагы кырдаалга мониторинг жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынды»,-деп айтылат ЖККУнун катчылыгы тараткан расмий маалыматта.
Россиянын президенти Владимир Путин Армения менен Азербайжандын чек арасындагы курчуган кырдаалды деэскалация кылуу боюнча орус тарап көрүп жаткан кошумча практикалык чаралар жөнүндө маалымат берди.
Жыйындын бардык катышуучулары конфликтти эл аралык укуктар менен келишимдердин негизинде саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырышты.

Сүрөттүн булагы, KAREN MINASYAN/AFP VIA GETTY IMAGES
"Эң олуттуу эскалация"
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун кезексиз жыйынында Азербайжан менен Арменияны күчкө салууну токтотуп, сүйлөшүүлөрдү баштоого үндөп чыкты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы тараптарды конфликтти саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.
ЖККУну кезексиз жыйыны Армениянын сунушу боюнча видеоконференция форматында өттү. Жыйынга Россиянын президенти Владимир Путин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Беларустун коопсуздук кеңешинин мамкатчысы Александр Вольфович, ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков катышты.
13-сентябрда армян-азербайжан чек арасында кырдаал курчуп кеткени кабарланды.
Армения өзүнүн аймагына Азербайжандын күчтөрү тереңдеп кирүүгө аракет көрүп жатканын жарыя кылды.
ЖККУ жыйынында Никол Пашинян соңку кармашта армяндардын 49 аскери курман болгонун билдирди.
Баку өз кезегинде Армениянын куралдуу күчтөрү тараптан азербайжан-армян чек арасында абдан чоң чагымчылык болуп жатканын, кеминде 50 азербайжан аскери курман болуп, сегиз чек арачы жарадар экенин айтууда.
Азыркы конфликтти экинчи Карабак согушунан кийинки эң олуттуу эскалация деп атаса болот.
Эксперт Тигран Григорян мурдагы согушта азербайжан тарап армян шаарларын артиллерия менен аткылаган эмес эле дейт.
"Эскалация фактысынын өзүн мен орус-украин согушунун айынан бул конфликтин зонасында жана биздин региондо күчтүн вакууму болуп жатканы менен түшүндүрөм",-дейт эксперт.

Сүрөттүн булагы, KAREN MINASYAN/AFP VIA GETTY IMAGES
Россиянын арачылык аракети майнапсыз болууда
Россия Армения менен Азербайжандын ортосундагы негизги арачы болуп саналат. 2020-жылдагы согуштан мурда да, кийин да Москва бул региондогу коопсуздуктун башкы гаранты болуп келатат - Россиянын тынчтык күчтөрү Тоолуу-Карабакта кырдаалды карап турат.
Армения ошондуктан Россияга, ЖККУга мүчө өлкөлөргө аскердик жардам сурап кайрылууда.
“Бирок Россия Украинадан колу бошобой жатат. Анын үстүнө дагы бир конфликттин же алар айткандай "экинчи фронттун" Россияга кереги жок. Натыйжада биз Россиянын эч аракет кылбай жатканын көрүп жатабыз. Эгер мурда ага эки жолу телефон чалып коюу жетиштүү болсо, азыр Россия конфликт болуп жаткан зонадагы согуштук аракеттерди бир топ айдан бери токтото албай жатат",-дейт Түштүк Кавказ боюнча Эл аралык кризис тобунун изилдөөчүсү Олеся Вартанян. (КС)








