Кытайдагы кургакчылык: Шанхайдагы өчкөн жарык, соолуп калган Янцзы жана жасалма жамгыр

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайдын соңку 60 жылдык тарыхындагы эң аптаптуу ысыктын толкуну жана анын кесепетинен Янцзы дарыясы соолуп калды. Бул кытай бийлигин электр энергиясын кайра бөлүштүрүү боюнча катаал чараларды көрүүгө аргасыз кылды. Кээ бир провинцияларда жасалма жамгыр жаашы үчүн булуттар "себилүүдө".
Шанхайдагы атактуу Вайтань (ал “Бунд” деп да таанымал - англисчеден “кырдалма топурак” деп которулат) адатта түнкүсүн жаркырайт, бирок ал алдыңкы эки күнгө өчүрүлөт - шаар бийлиги бул электр энергиясын үнөмдөө үчүн деп түшүндүрдү.
Тарыхый жана футуристтик имараттар аралаша курулганы менен белгилүү болгон бул жээк жолу туристтер арасында популярдуу.
Шанхайдын ландшафттык дизайн жана шаардын сырткы көрүнүшү боюнча административдик бюросу жекшемби күнү жарыялаган билдирүүсүндө “калаанын эң чоң дарыясынын жээгиндеги имараттар 22-23-август күндөрү жарык болбойт” деп айтылат.
"Келтирген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз", - деп кошумчалашкан билдирүүдө.
Заводдор токтоп калды
Шанхайдын Янцзы дельтасында жана Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань аймактарында бир нече апта бою катуу ысыктан кийин кытай бийлиги өткөн жумада быйыл биринчи жолу кургакчылык тууралуу эскертүү жарыялады.
Сычуандын ири өндүрүшчүлөрү электр жарыгы өчүрүлгөнүнөн жапа чеккенин Би-Би-Сиге айтышты.
Дүйнөнүн экинчи чоң экономикасы (АКШдан кийин же АКШ менен ЕБден кийинки үчүнчү) рекорддук ысык толкундун шартында катуу кургакчылыкка туш болууда.
Абанын температурасы 40 градустан ашкан Сычуань провинциясынын бийлик өкүлдөрү аптап жана жаан-чачындын азайышы, ошондой эле кондиционерге болгон суроо-талаптын күчөшү электр энергиясынын тартыштыгына алып келгенин билдирди.
Провинция энергияны үнөмдөө чараларын беш күнгө, 25-августка чейин узартканын маалымат каражаттары кабарлады. Кээ бир өнөр жай ишканаларында электр энергиясын керектөө чектелди.
Германиянын Volkswagen автоконцерни анын Сычуандын борбору Чэнду шаарындагы заводу дагы эле иштебей турганын Би-Би-Сиге билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Volkswagen’дин өкүлү компания жеткирүүлөрдүн “бир аз кечигүүсүн күтүп жатканын”, ал жакында чечилерин билдирди.
“Биз кырдаалга көз салып турабыз жана жеткирүүчүлөрүбүз менен тыгыз байланыштабыз”, - деп кошумчалады ал.
Apple’га тетиктерди жеткирүүчү Foxconn компаниясы да Сычуань провинциясындагы заводун жапты, бирок бул жалпы өндүрүшкө “таасирин тийгизбейт” деп билдирди.
Ал эми жапон автогиганты Toyota өзүнүн электр энергиясын өндүрүү булактарын колдонуу менен Сычуань провинциясында өндүрүштү акырындык менен калыбына келтирип жатканын Би-Би-Сиге ырастады.
Control Risks консультациялык компаниясынын Кытай жана Түндүк Азия боюнча кенже аналитиги Ченю Ву Би-Би-Сиге электр жарыгы кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учурап, бирок бул өндүрүшкө анча таасирин тийгизбей турганын божомолдоду.
"Электр энергиясын үнөмдөө жана анын өндүрүштүн көбөйтүү жакынкы апталарда электр энергиясынын жетишсиздигин жоюуга жардам берет, аптап да акыры бүтөт", - деди ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Соолуган дарыя
Янцзы дарыясынын деңгээли азыр болуп көрбөгөндөй төмөн. Кээ бир аймактарда жаан-чачын жааган, бирок ал норманын жарымынан аз. Чиновниктердин айтымында, азыркы учурда гидроэлектр станциялардагы (ГЭС) суунун деңгээли дээрлик жарымга түшүп кетти.
Янцзы 400 миллиондон ашуун кытайлыкты ичүүчү суу менен камсыз кылган дүйнөдөгү үчүнчү эң ири дарыя. Ал Кытайдын экономикасы үчүн гана эмес, дүйнөлүк жеткирүү чынжыр үчүн маанилүү суу жолу.
Быйыл жайында суунун деңгээли рекорддук деңгээлге төмөндөп, дарыянын айрым бөлүктөрү жана ондогон куймалары соолуп калган. Янцзы дарыясынын негизги нугундагы суунун деңгээли акыркы беш жылдагы орточо көрсөткүчтөн 50% төмөн. Дарыянын орто жана төмөнкү агымындагы кеме жүрө турган жолдору да жабылган.
Кытайдын эбегейсиз гидроэнергетика системасындагы суунун жоготуусу Сычуань провинциясына өзгөчө оор кесепеттерин тийгизди - бул провинция энергиянын 80%дан ашыгын гидроэнергетикадан алат. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, бул жайда электр энергиясына болгон суроо-талап 25% өскөн.
Жекшембиде провинциясынын өкмөтү Сычуандагы абалды “эң жогорку коркунучта” деп атады. Сычуанда эле эмес, коңшу провинцияларда абанын температурасы 40 градустан ашты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Sichuan Daily басылмасынын жазганына караганда, Сычуань провинциясынын мамлекеттик мекемелеринде абанын температурасын 26 градустан түшүрбөө сунушталган. Ошондой эле, кызматкерлерден мүмкүн болушунча лифт эмес, тепкичтер менен чыгууну суранышты.
Миллиондогон тургундар жашаган провинцияда электр энергиясы үзгүлтүккө учурай баштады.
Калкы дээрлик 5,4 миллионду түзгөн Дачжоу шаарында электр энергиясы үч саатка чейин өчүрүлөт, деп маалымдайт жергиликтүү ЖМКлар.
Электр энергиясын провинция тургундардын үйлөрүнө кайра багыттоо боюнча өзгөчө чаралардын алкагында заводдор өндүрүштү кыскартууга же ишин толугу менен токтотууга аргасыз болушту.
Кургакчылыктан кеминде 2,46 миллион киши жана Сычуань, Хэбэй, Хунань, Цзянси, Аньхой жана Чунцинде 2,2 миллион гектар айыл чарба жерлери жабыркады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кургакчылыктан улам 780 миңден ашуун адам өкмөттүн түз колдоосуна муктаж болгон. Атап айтканда, жабыр тарткан аймактарда ичүүчү суу унаалар менен жеткирилүүдө.
Министрлик өткөн жумада июль айында эле аптаптан келген экономикалык зыян 2,73 миллиард юанды (400 миллион долларды) түзүп, 5,5 миллион киши жабыр тартканын билдирген.
Каржы министрлиги кырсыктан жапа чеккендерге 300 миллион юань (44,30 миллион доллар) бөлөрүн билдирди.
Суу ресурстары министрлиги өткөн аптада өлкөнүн эң ири ГЭСи болгон “Үч капчыгай” келерки 10 күндүн ичинде суу таштоонун көлөмүн 500 миллион кубометрге көбөйтө турганын билдирген.
Жасалма жамгыр
Ал арада Кытайдын борбордук жана түштүк-батыш бөлүгүндөгү бийлик өкүлдөрү “жамгыр жаадыра” баштады.
Янцзы дарыясынын айланасындагы провинцияларда булут "себүү" иштери башталды. Шаршемби күнү Кытайдын Хубэй провинциясынын бийлиги булуттарды күмүш йодид октору менен себип, жамгыр жаадыра баштай турганын жарыялады.
Чылымдай болгон күмүш йодид октору муз кристаллдарынын пайда болушун тездетүү үчүн булуттарга атылат. Бул кристаллдар булуттардын нымдуулугун көбөйтүп, анын бөлүнүп чыгышын, башкача айтканда, жамгырдын жаашын шарттайт.

Сүрөттүн булагы, CHINA DAILY VIA REUTERS
Булут себүү практикасы 1940-жылдардан бери колдонулуп келет, ал эми Кытайда дүйнөдөгү эң чоң программа ишке киргизилген. 2008-жылы Пекин Олимпиадасына чейин Кытай бийлиги тескерисинче жамгыр жаабашы үчүн аба ырайын “жөнгө салган”. Ушундай эле ыкмалар кардын жаашы же мөндүрдүн таасирин азайтуу үчүн да колдонулат.
Алдыдагы 10 күн Кытайдын түштүгүндөгү күрүчтү жыйноого иш кайнаган мезгил болоорун айыл чарба министри Тан Жэньцзянь Global Times гезитине билдирди. Анын айтымында, бийлик Кытайдын жылдык түшүмдүн 75% түзгөн "күзгү дан эгиндерин жыйноону камсыз кылуу" үчүн чукул чараларды көрөт.
Булуттарды себүүдөн сырткары айыл чарба өсүмдүктөрүнө сууну кармап туруучу жана анын бууланышын басаңдатуучу атайын кошулмаларды чачуу да пландалууда. (ЕВ)
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:















