Көлгө биз да, ит да киринди. Килем, талпак дагы эмне?

Руфат Эргешов Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Көлгө итин кошо киринтип, шампунданып түшкөндөр талкууда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көлгө итин кошо киринтип, шампунданып түшкөндөр талкууда

Бир жолу чет өлкөлүк аябай таң калганы эсимде. Ал кадимки унааларды эле иче турган сууга жууйт экен деп жакасын кармаган эле. Жанында коштоп жүргөн киши суу кенен деп аябай мактанды. Бирок кеп суунун кенендигинде эмес, аны туура пайдаланууда, маданиятта экенин капарына алган жок окшойт. Себеби таза суу менен машина жууйбуз деп мактанып жатканда канча айыл таза суусу жок олтурат. Ал тургай ордолуу Ош эмдигиче эптей албай, бакыйган борбор Бишкектин жака бели деле быйыл кур бака болуп кала жаздады көрүнөт. Эми суубуз кенен деп мактана берип көлдү мончо кылып жиберген жокпузбу деген суроого келели.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанга төрт миллиондон ашык турист келди, бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Анын көбү Ысык-Көлгө баргандар. Туризм кирешенин булагы деген менен көлгө түшүүдө эң жөнөкөй эрежелерди сактабагандар бар. Килем-паласынан бери жууп, итине чейин киринтип, көлгө самынданып түшкөндөрдүн видео, сүрөттөрү улам жарыяланып жатат. Алардын айрымдарына айып пул да салынды.

Ысык-Көл Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдөгү эң тунук көлдөрдүн бири. Алтымыштан ашуун суу куйганы менен көлдөн бир да суу агып чыкпайт. Ушунун өзү эле көлдүн табигый тазалануусуна өтө кылдат мамиле керектигин түшүндүрөт дешет адистер. Бирок баары эле аяр мамиле кылбайт.

Дагы бир чоң көйгөй көл кылаасындагы Каракол, Чолпон-Ата баш болгон шаарларда, санаторий, пансионаттарда дагы саркынды сууну тазалоочу жай толук кандуу иштебейт. Ал аз келгенсип көлдүн үстүнө мончо куруп алгандар да бар. Анын бирин коомчулуктун сынынан улам жаңы эле түртүп, алып салышты.

Ысык эмес, жылымык мончо...

Балбак Түлөбаев талку жараткан эс алуусу

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Балбак Түлөбаев талку жараткан эс алуусу

Дагы бир мончодон Ысык-Көлдүн мурдагы башчысы, азыркы парламент депутаты Балбак Түлөбаев көлгө секирем деп катуу сынга калды.

“Мончодон түшүп жатасың, кириңди эзип жатасың дешти. Билбей туруп ар кандай нерсени айтып жатышат. Ал иштебеген мончо экен, бирок жылытып коюптур. Ал жерге сүлгүнү, кийим-кечени коюу үчүн гана кирдик. Көлгө түшүүнүн адеби бар, биз көлдүктөр аны билебиз, көлдү булгабайбыз”,- деген видеосун Балбак Түлөбаев коомдук сайттарга жайгаштырды.

Депутат мончо жылымык эле экен, иштебей туруптур деп жатат. Бирок активисттер маселе мончонун көл үстүнө курулганын өзү мыйзамдуубу, бир учурда дал ушул областты жетектеген адамдын ушундай жообу туурабы деп сындап жатышат.

2016-жылы кыргыз өкмөтү көл жээктеги мончо-сауналардын курулушуна тыюу салган документти кабыл алган. Курулуштар жээктен 500 метр алыска салынсын деген эреже болгон менен аны сактагандар аз. Азыр деле көл үстүндөгү иштеп жаткан мончо-сауналар бар. 

Айланы алты кетирген туалет...

Бишкектин борборундагы ооруканалардын биринин короосундагы туалет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектин борборундагы ооруканалардын биринин короосундагы туалет

Көлдө туалеттин жоктугу кейиткен көрүнүш. Төлөгөн акыга сөзсүз кошула турган туалет далай жерде кайра өзүнчө акча топтой турган "түбү жок чөнтөккө" айланып калган. Анысы да тыңгылыктуу иштебейт. кааласа ачып коёт, кааласа кулпулап салат. Туалет издеген киши жарым саат туалетке барганга моюну жар бербей сууну булгап жатат деп канча айткан менен дале жыйынтык жок. Туризм департаменти сезон башталаарда укмуштай пландарын шардана кылат. Анан сезон бою салып жатабыз деп анысын сезон аяктаганда да бүтпөй эле келе жатат. Болбосо алардын убадасы ишке ашканда Бишкек-Каракол жолунун боюнча канча туалет эбак курулуп бүтмөк? Туризм кирешенин булагы деп баарыбыз айтабыз. Туалеттин тыңдап койбогон жерге кайсы киши кайрылып келет?

Көл көзүнөн учкан бабалар...

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Ысык-Көлдү ыйык көл деп атап алып, бирок өтө уялтаарлык иш кылып жатабыз. Азыр келгени деле, жашаганы деле көлдү сыйлабай калды. Көлгө болгон элдин кумары, кусалыгы жөнүндө билип жүрөбүз. Кытайга качкан кыргыздар Ысык-Көлгө келип, жүз чайкап өлсөк арманым жок деген. Эгер ошол аталарыбыз биздин азыркы жасагандарыбызды көрсө, наалат айтмак, тескери батасын бермек. Азыр көл берген ырыскы менен жашап жатып, аны аябай кордодук, мыйзамсыз курулуштар көбөйүп кетти. Ушинтип отурсак, Ысык-Көл Арал деңизинин кейпин кийип калбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мен мистикага ишенбейм, бирок сел каптап, мөңгүсү көчүп, жолу селден кайра-кайра бөгөлүп, мөндур күбүп жатканы сыяктуу көрүнүштөр табияттын жообу эмеспи? Же мунун баары эле табигый кубулуш дейлиби?”,- дейт искусство таануучу Бакытбек Болгомбаев.

Арал демекчи, өзбекстандык белгилүү актриса жакында эле Ысык-Көлгө келип, Арал деңизи соолуп калбаганда биз да ушундай ырахат алат элек деп арман кылып жазды.

Бакытбек Болгомбаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бакытбек Болгомбаев

Айып пулдун канчасы өнүп, канчасы калды?

Ысык-Көл облусунун экологиялык көзөмөл башкармалыгы жыл башынан бери мыйзам бузган курулуш ээлерине, таштанды төккөн эс алуучу жайларга, мыйзамсыз аңчылыкка байланыштуу жалпысынан төрт миллион сомдун тегерегинде доо койгон.

“Жыл башынан бери облус боюнча 63 мыйзам бузуу фактыларын аныктадык. Жалпысынан 4 178 560 сом доо коюлган, андан тышкары жүз миң сом айып пул салынды”,- деди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Руслан Термеев.

Жаңы технология...

Борбордук канализация иштебейт, эски. Аны жаңылоо убадасы ишке аша элек. Мындай жагдайда айрым бир ишкерлер саркынды сууну жеринде тазалап, зыянсыздандыра турган жаңы технологияны колдонуп жатат. Аларга салыктан жеңилдик берип, башкаларга өрнөк кылуу керектигин да демилгелеп жүргөндөр бар. Жергиликтүү активисттер көлгө түшүүдө этият жана таза мамиле кылууга чакырууда. Башын самындап алып жуунган кыз айып пул эле төлөбөй, катуу сынга кабылган соң көлгө самынсыз келе турган болду деген шакаба дагы тарады.