Туристтерди туттуктурган туалет...
Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Президент Садыр Жапаров быйыл туристтердин агымы жылдагыдан көп болорун жазып, жарыялады. Ал конокторго меймандостукту жана маданиятты көрсөтүүнү өтүндү. Туризмди тескеген мекеме, эң зарыл деген шарттардын баары түзүлөрүн, жыл сайын мурунку жылдын кемчиликтерин жоюуга аракет кылаарын убада берип келет. Ошентсе дагы чечилбеген көйгөй көп. Алардын сап башында кадимки туалет.
Маданият, тазалык демекчи, Кыргызстанга келген турситтердин баш оорусуна айланган туалет маселеси быйыл кандай чечилет болду экен?

Сүрөттүн булагы, Screenshot
“Чет өлкөдөн келген конокторду тулатетке киргизе албай аябай уят эле болбодумбу” деген кыргызстандыктар четтен табылат. Туалеттин кирдиги, эскилиги эле эмес, негизги делген чоң жолдордо дагы жокко эсе экени дароо эле байкалат.
Кыргызстанда заңгырата үй салган менен туалетин эптеп коймой толук жоюла элек... Далай өлкөнү кыдырган япон ишкери Кыргызстанда туристтер үчүн эң эле ыңгайсыз жагдайдын бирин атады.

“Эң биринчиси бул туалет көйгөйү. Көп жерди кыдырып көрүп жатабыз. Бул боюнча маалымат дагы чогултуп, алпурушуп жүрөбүз. Бир шаардан экинчи бир шаарга бара жаткан жолдордо дагы туалеттер жок. Бул туристтер үчүн абдан ыңгайсыз. Биз буга көп каражат коротпой туруп кандай кылып жайгарса болот деп чечүү жолдорун ойлонуп, ошонун үстүндө иштей баштадык”,- дейт Чүй облусундагы тарыхый эстеликтерди пайдалануу аркылуу туризмди өнүктүрүү долбоорунун жетекчиси Йодзи Сакакибара.
Адис оюн сылык-сыпаа айтканы менен өтө жийиркеничтүү жагын жымсалдаганын байкоо оор деле эмес. Биз андан Японияда бул маселе кандай чечилгенин сурадык. Йодзи бизди Япониялык ойлоп табуучу менен тааныштырды.

“Японияда жер титирөөлөр арбын болот, калктын саны көп. Андай учурда авариядан суу токтоп калса туалет эң эле негизги маселеге айланат. Суу жок болсо туалеттер иштебей калат эмеспи. Ошондо ойлонуп олтуруп ушул технологияны чыгарганбыз. Мында баштыкка таблеткага окшогон каражаттарды салып туруп эле, аны туалет катары пайдаланасыз. Жыт да, сарыккан заара дагы жок. Бул ыкмабыз буга чейин Фукусимадагы кыйроо сыяктуу чоң окуяларда элдин керегине жарады. Бул таблеткаларга суюктук (заара, саркынды суу) аралашканда бир заматта эле килкилдек массага айланат. Андан көп өтпөй эле кум, топурак болуп калат. Эч кандай жыт жок. Эч ойлонбой жер семирткич катары төгүп саласыз. Түрлөрү көп”,- дейт япониялык ойлоп табуучу Адачи Каничи.
Далай сыноодон өткөн бул технология көп чет өлкөгө, анын ичинде Кыргызстанга биринчи жолу келди.

Сынап көргөндөр 100 киши кирсе дагы туалеттен эч кандай жыт чыккан жок деп таң калууда.
Алар муну туризм үчүн мыкты, таза, зыянсыз чечим деп жатышат. Айтмакчы, ойлоп табуучу ачык эле талааны туалет кыла берүү антисанитария, оорунун очогу болуп калышы мүмкүн деп эскертти. Анын айтымында, азыр туалеттер боюнча медициналык изилдөөлөр жүрүп жатат.
Туалет демекчи, Бишкектеги далай оорукананын ичинде дагы туалет жок.

“Ооруканада туалети таза болбосо, агындысы менен сасып турса ошол жетекчилердин өздөрүнө эскертчүмүн. Эгерде Жапонияда так ушундай жагдайды көрүп калса, жетекчиси алтынчы кабаттан боюн таштап салмак деп айтып берчүмүн. Чынында алар бир жыйынтык чыгармак. Далай ооруунун булагы дал ушул туалет. Тулает саңырсып, сасып турса, кол жууганга жылуу суусу же самыны болбосо ошол жактагы оору козгогучтун баарын илештирип чыкса анан эмне болот? Ошону көбү түшүнбөй "Батыралиев барган жеринде эле туалет текшергенден башканы билбейби" дегендер чыккан. Таза суу, таза туалет, таза кол адамды далай балээден сактайт. Ошону качан түшүнөбүз? Кээ бир ооруканалар туалети жок, кээ бирлери туалети болсо дагы кулпулап салган. Анан жаны кейип кыйналып турган киши туалет издеп жүргөнүн өзүңөр ойлоп көргүлөчү»,- дейт мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев.

Буга чейин активисттер Кыргызстандагы бир топ мектептин туалетин текшерип, карап көрүшкөн. Анда коопсузбу, тазабы, санитардык талаптар сакталганбы деген сыяктуу маселелерге көңүл бурулган. Тилекке каршы көйгөй көп деп билдиршкен эле.
Ошентип туризм багытанда көңүл жылыткан бир топ жылыштар болду деген менен катар эле чечилбеген туалет көйгөйү менен Кыргызстан жаңы туристтик сезонго камынууда. Буга чейин Чүйдөгу айылдардын биринде туалеттин лентасын кести деген талкуу далайга барып анан басылган эле...









