Олимпиада 2022: Кимдер барат, тууну ким көтөрөт, кандай кийинет?
Кабыл Макешов, спортук баяндамачы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандын атынан Бээжин шаарында өтчү кышкы Олимпиада оюндарына катыша турган Максим Гордеев менен машыктыруучусу Игорь Борисовду жана делегация мүчөлөрүн 28-январда мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов кабыл алып, кышкы Олимпиада оюндарына катышуусу менен куттуктап, өлкө жетекчисинин саламын жолдоду.
Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында, мамлекет башчысы жана жалпы Кыргызстан эли олимпиада оюндарынын мелдештеринде өз спортчусун сүрөөнгө алып, Бээжиндеги өтүүчү кышкы оюндарда өзүнүн чеберчилигин көрсөтөт деп ишенет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытовдун жолугушууда айтканына караганда, алар өз кезегинде спортчу эч нерсеге муктаж болбой, бул оюндарга толук даярдык көрүүсү үчүн бардык шарттарды түзүп беришкен.
“Кыргызстан тоолуу өлкө жана бизде кышкы спортту өнүктүрүү үчүн бай потенциал, мүмкүнчүлүктөр бар. Мен жакынкы аралыкта өлкөбүздө Кышкы спорт борборун ачуу мүмкүнчүлүгүн карап, стратегияны иштеп чыгууну жана бул үчүн инвесторлорду издөөнү баштоону, ошондой эле туристтерди тартуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө басым жасоону сунуштайм”, - деди Улуттук олимпиада комитетине декабрда жаңы жетекчи болуп шайланган Садыр Мамытов.
Жолугушуу соңунда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкө намысын коргой турган спортчу Максим Гордеевге Кыргыз Республикасынын туусун тапшырып, дагы бир жолу спортчуга ийгилик жана жаңы жеңиштерди каалады.
Олимпиадага дагы кимдер барат?
Тоо лыжа чебери Максим Гордеевден башка Олимпиадага аттана турган Кыргызстандын спорттук делегациясынын миссиянын башчысы, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева баратат.
Ошондой эле Эл аралык олимпиада комитетинин расмий чакыруусу менен Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов жана башкы катчы Кылычбек Сарбагышев барат.
Эске салсак, кыргыз спортчуcу Максим Гордеевдин XXIV кышкы Олимпиада оюндарына лицензия алганы 2-декабрда маалым болгон.
Президент Садыр Жапаровдун Кытайга иш сапары 3-5-февралга белгиленип жатканын Президенттик аппарат мурда маалымдаган. Мамлекет башчы Олимпиада оюндарынын ачылышынан сырткары Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугат. Дагы бир катар маселелер боюнча сүйлөшүүлөр, жолугушуулар болоору белиленген.
Максим Гордеевдин ийгиликтери
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал 1995-жылы Каракол шаарында туулган. Тоо лыжа спорту менен 2010-жылдан бери машыгып келет. Кыргызстандын чемпиону жана спорт чебери болуп саналат. Ошондой эле дүйнөлүк үч чемпионаттын, Кышкы эки универсиаданын, Эл аралык лыжа федерациясы (FIS) өткөргөн көптөгөн жарыштардын катышуучусу.
Мыкты көрсөткүчтү Эл аралык лыжа федерациясы уюштурган 2018-жылдагы таймашта жаратып, 4-орунду алган. Жеке машыктыруучусу Игорь Борисов.
Максим Гордеев акыркы төрт жылда Иран, Армения, Швеция, Россия, Италия, Швейцария, Австрия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ) уюштурган спорттук мелдештерге катышкан.
Маанилүү учурлардын бири 2021-жылы Бириккен Араб Эмирлигиндеги олимпиадалык оюндарга жолдомо берүүчү квалификациялык турнир болду. Гордеев төрт старттын жыйынтыгы менен Олимпиадада тоо лыжасынын слалом боюнча таймашуу укугун алган.
Кыргызстандык тоо лыжа чебери Максим Гордеев Бээжиндеги олимпиада оюндарында 16-февралда слалом жарышына катышып, өлкө намысын коргойт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргыз спортсмендеринин кийимдери
Улуттук олимпиада комитети Кыргызстандын делегациясы Бээжинде өтчү кышкы Олимпиада оюндарында машыгуу учурунда кие турган кийимдерди тартуулап, бул форма спорт күйөрмандарынын жана адистердин сынына кабылды.
Анда 14 кийимдин түрү болот: Олимпиадага даярдык үчүн машыгууларга кие турган форма, машыгуу үчүн костюм, кыска жана узун куртка, пальто, футболка, кышкы бут кийим, кроссовка, рюкзак, кол кап, баш кийим жана байпак бар.
Белгилей кетсек, форма Улуттук олимпиада комитетинин өнөктөшү – кытайлык “Tectop” компаниясы тарабынан бекер берилген. Улуттук олимпиада комитети жана “Tectop” 2018-жылдан бери кызматташып келет.
2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында жана 2021-жылы Жапония өткөн жайкы олимпиадалык оюндардын катышуучуларын да ушул компания кийиндирген. Ошондой эле Бээжин кышкы Олимпиадасынын комплекти 2021-жылдын жайында буйрутма берилген.
Соцтармактагы ушундай сындан кийин Улуттук олимпиада комитети кышкы Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын командасынын расмий формасын да көрсөттү.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын 17-январында УОК лыжачы Максим Гордеевге лыжа сатып берген. Параддык форманын 12 бөлүгү 2021-жылдын 30-декабрында сатып алынганы айтылды.
Мындан тышкары, олимпиадалык эн белгилер менен аземделип жасалган калпакка, улуттук жана олимпиадалык символикалар түшүрүлгөн желектерге, значокторго буюртма берилгенин Улуттук олимпиада комитети маалымдады.
Кыргызстандын Лыжа спорту федерациясынын президенти жана машыктыруучусу Игорь Борисов менен жыл жаңырарда жолугушуу өтүп, италиялык “Vist” компаниясы өндүргөн лыжа шаймандарын, экипировканы каржылоо өтүнүчү келтирилген. Федерация тиешелүү экипировканын дизайнын иштеп чыккан.
Кыргызстандын туусун Максим Гордеев көтөрүп чыгат
Бээжинде 2008-жылы жайкы олимпиадалык оюндар өткөн. Ошондо салынган спорт имараттары, курулуштар пайдаланылат дешүүдө. Мисалы “Куш уясы” деп дүйнө жүзүнө таанылган стадиондо олимпиаданын ачылыш жана жабылыш салтанаты болот деген маалымат бар. Ачылыш жана жабылыш салтанатында Кыргызстандын туусун Максим Гордеев көтөрүп чыгат.
Бээжинде өзүндө кар аз болуп жатканына байланыштуу тоо лыжа жарыштары, биатлон, фристайл, бобслей, трамплин, сноуборд жана башка мелдештери Янцинь менен Чжанцзякоу шаарларында өткөрүлмөкчү.
Олимпиадалык айыл кээ бир спорттук объектилерден 200 км алыс болгондуктан аларга ыкчам жеткенге жогорку ылдамдыктагы темир жол курулуп бүткөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коронавирустан сактануу чаралары
Кышкы олимпиадалык оюндарды өткөрүүгө чоң даярдык болгондуктан ден соолукту дыкаат текшерип, катуу көзөмөл болоору эскертилди.
Бээжинге келген бардык адамдар 72 саат ичинде ковидке текшерүүдөн өтүшү керек. Ошондой эле баардык делегация мүчөлөрүнөн коронавирустан таза экенин көрсөткөн ПЦР тестти жана атайын кодду көрсөтүү талап кылынат.
Бээжин олимпиадасынын саясый өңүтү
АКШ, Австралия баштаган бир катар өлкөлөр Бээжиндеги кышкы олимпиадалык оюндарга дипломатиялык бойкот жарыялашты. Бул аталган өлкөлөрдөн расмий адамдар барбайт дегенди билдирет.
Эсиңиздердеби 1980-жылы дагы Москва олимпиадасына айрым өлкөлөр бойкот жарыялап, мыкты спортчулар катышпай калган, кийин дагы 1984-жылкы Лос-Анжелес олимпиадасына дагы бойкот болуп, ошол учурдагы социалисттик өлкөлөрдүн спортчулары катышпай калышкан.
Спортчу үчүн олимпиадалык оюндар эң маанилүү, жеңиштердин туу чокусу. Төрт-беш жыл машыгып, даярдык көрүп, анан саясый көз-караштардын курмандыгы болуп, өздөрү каалаган ийгиликтерге жетпей, олимпиадага катышпай калуу абдан өкүнүчтүү. Ошондуктан спортчулар саясаттын алыс болуусу керек дешет спорт ишмерлери.












