Экстремисттик деп табылган "Клооптун" мурдагы эки оператору үч жылдык пробация менен сот залынан бошотулду

25-ноябрда Бишкек шаардык соту экстремисттик деп табылган "Клооп" басылмасынын мурдагы эки оператору Александр Александров жана Жоомарт Дуулатовду 3 жылдык пробация менен сот залынан бошотту.

Аларды 17-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле басылманын эки эсепчиси беш жылга соттолуп, үч жылдык пробация менен бошотулган.

Операторлор менен эсепчилерге Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыкка чакырык жасоо" беренеси боюнча айып коюлган.

Укук коргоочу Рита Карасартова пробация менен бошотулгандар үчүн эрежелер катаалыраак иштерин эскертти.

"Пробация деген деле курч нерсе. Көбүнчөсү боштондукка чыктык деп сүйүнүп алышат. Бирок аларга эреже катуу иштейт. Урушуп жаткандардын арасында болуп калса же башка кичинекей эле мыйзам бузуулардын үстүнөн кармалып калса, бул балдар биринчи кармалышат. Эсепчилер дагы, оператор балдар дагы пробация менен бошотулду деп айтылганы менен, алар күнөөлүү деп табылды да. Бирок эми азыр пробацияга да сүйүнгөн заманда жашап жатпайбызбы..."

27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Temirov live, Kloop.kg жана "Айт Айт десе" медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан. Бул долбоорлорду негиздеген журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылган.

Резонанс жараткан иликтөөлөрү менен таанымал "Клооп Медиа" Кыргызстанда былтыр соттун чечими менен жабылган. Басылманын айрым журналисттери чет жактан иш алып барып, жаңылыктар сайтын жана социалдык тармактардагы баракчаларын жаңыртып турушат.

Буга чейин Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков "Клооптун" кызматкерлерин кызматкерлерин Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров "жалган иликтөөлөрдү даярдоо" үчүн каржылап келген деп билдирген. Болот Темиров мындай айыптоону четке каккан.

Президент Садыр Жапаров "Клооп Медианы" жабуу боюнча Жогорку Соттун чечимин мыйзамдуу деп билдирген. Ал Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин белгилеген.

2024-жылдын январь айында Temirov Live жана "Айт Айт десе" долбоорлорунда иштеген, кызматташкан 11 журналист жана активист кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандыктар" беренеси менен айып тагылган. Кийинчерээк жетөө акталып, эки журналист абакка кесилген, дагы экөө пробациялык көзөмөл менен бошотулган. Сурак берген айрым журналисттер видео аркылуу "Клооп" менен мындан ары кызматташпай турганын айтышкан.