Атамбаевдин жаңы билдирүүсү жана Орунбековдун жообу: социалдык тармактагы саясий кайым айтышуу

Интернетте мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы бийлик өкүлдөрүнүн кайым айтышуусу уланууда. 17-ноябрда Атамбаев "Фейсбукка" дагы бир билдирүү жарыялап, президент Садыр Жапаровдун ишмердигин сынга алды. Ага жооп катары президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков комментарий калтырып, мурдагы президенттин айыптоолорун негизсиз деп атады.

Атамбаев өз кайрылуусунда Садыр Жапаровдун беш жылдык башкаруусунда элге берген баштапкы убадасын аткарбаганын белгилеген. Ал өлкөдө экономикалык абалдын, энергетика тармагынын жана демократиялык институттардын жакшырбаганын айтты.

"Сөз эркиндигин убада кылдың. Эми соцтармакка жазган бир пост үчүн камалып жатышат. Накта демократия курам дедиң – көз карандысыз партиялардын баары дээрлик жок кылынды, саясатчылардын көбү камалып чыкты же дагы эле темир тордун артында отурат. Бир ооз каршы сөз айткан жөнөкөй адамдарды да кенебей каматып жатасың. Дагы кайсы убадаң бар эле? Калыс шайлоо дедиң - шайлоого сага каршы сүйлөгөндөр катышпай калды. Мамлекеттик карызды толук жойобуз дедиң - тескерисинче, карыз бир нече эсеге өсүп кетти. Балдарың, жакын туугандарың банктарды ачып, элдин көз алдында заматта байып жатышат. Майнинг-фермалар сен жана жакындарың үчүн биткоин казып жатат. Тууган-туушканың, эң жакын "досторуң" байып, элде азык-түлүккө да акча жетпей калды",- деп жазды ал.

Атамбаев өлкөдөгү айрым майнинг-фермаларды Максим Бакиев жана Алексей Ширшов менен байланыштырып, алардын иши энергетикалык кризисти ого бетер тереңдетип жатканын кошумчалады.

Бирок Атамбаев майнинг-фермаларга байланыштуу бул сөздөрүн бышыктаган далилдерди келтирген жок.

Президент Садыр Жапаров азырынча мурдагы президенттин бул дооматтарына жооп бере элек.

Атамбаев ошондой эле беш жыл ичинде мамлекеттик карыз көбөйгөнүн айткан.

Ал бажысыз жана көзөмөлсүз иммиграциянын күчөшүн, мүлк жана жердин мыйзамсыз алынуусун, чакан жана орто бизнеске басым жасалып жатканын "ката жана коррупцияга малынган саясаттын кесепети" деп сыпаттады.

"Эгер 2017-жылы биз басма сөз эркиндигинин индекси боюнча (RSF) Европа өлкөсү Грециянын деңгээлинде болуп, Болгария менен Македониядан алдыда турсак (89-орун), азыр Кыргызстан Африканын Уганда, Ангола, Конго сыяктуу өлкөлөрүнүн артында, 144-орунга түшүп кетти",- деди ал сөз эркиндигинин абалы тууралуу айтып жатып.

Атамбаевдин "Фейсбуктагы" билдирүүсүнө президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жооп жазып, мурдагы президенттин айыптоолорун четке какты.

"Сөз эркиндиги боюнча мактанбай эле коюңуз, сиздин убакта муунтуу чегинен ашкан. Анын бир мисалы мен. Мага карата 2 миллион сом доо, башкаларга алды 10 миллион сом доого жыгуулар болгон. Саясий куугунтук тууралуу сөз кылбай эле коелу, эң көп саясатчылар, оппозиция өкүлдөрү камалган. Азыр сиздин уулдарыңыз саясатка эркин аралашып, командаңыз каалаганын сүйлөп жүрөт",- деп жазды Орунбеков.

Ал Атамбаевди "бозгундагы бекерчи" деп атап, анын азыркы айыптоолорун "фантазия жана негизсиз доомат" деп сындады.

Кайым айтышуу эмнеден башталды?

Мурдагы президент менен азыркы бийликтин кер-мур айтышы 9-ноябрда Садыр Жапаровдун "Фейсбуктагы" билдирүүсүнөн кийин башталды.

Анда Жапаров энергетика тармагындагы кырдаал боюнча пикирин билдирип, элди электр кубатын үнөмдүү пайдаланууга чакырып, мурдагы бийликтин катасын түздөө убакытты талап кыларын жазган.

Президент 2020-жылга чейин бул тармактын карызы 137 миллиард сомду түзгөнүн, Кыргызстандын энергетика системасы "катастрофалык" абалга кептелгенин белгилеген:

"Көз карандысыздык алганыбыздан бери эле кыштын күнү электр энергиясы тартыш болуп келген. Албетте, аны жабыш үчүн импорт алып келип турганбыз. Алганда да бир кВт саатын 5 сомдон алган күндөр болуптур. Мен муну бийлик башына келип, бул тармакта ар түркүн реформаларды жасоо жана бул системада коррупция менен уурулукту жок кылуу маалында билдим. Беш сомдун канчасы чөнтөккө кеткенин бир кудай өзү билет. Муну эми ошол мезгилдеги бизге энергия саткан өлкөлөр деле айтпайт. Ошондуктан азыр чындыкка жетип, териштириш кыйын. Беш сомдон алынып келинген энергияны 0,77 тыйындан элге сатып турушкан. Ортодогу 4 сом 23 тыйын айырмасы энергетика системасына жүк болуп, тагыраагы мойнуна илинген карыз болуп чогула берген".

Президент азыр 27 миллиард сом карыз калганын белгилеп, эки жарым жылда андан толук кутуларына, ГЭСтер жапырт курулуп, кышкы тартыштык жоюларын кошумчалаган.

Андан көп өтпөй Атамбаев билдирүү таратып, ал бийликте турганда Кыргызстан энергетика тармагында маанилүү бурулуш жасаганын айтып чыккан.

2017 - 2018-жылдары өлкө тыштан электр энергиясын сатып алууну толугу менен токтотконун белгилеп, бул мезгилди Кыргызстан өзүнүн энергетикалык көз карандысыздыгын алган учур деп атап келгенин билдирген.

Мурдагы президент "Датка–Кемин" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясы жана "Датка" көмөк чордону курулуп, ишке берилгенин, бул энергетикалык көз карандысыздыктын өзөгү болгонун жазган.

Ушундан кийин президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик маалымат агенттигине маек куруп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин энергетика боюнча айткандарына жооп берген. Агенттик ал маекти "Президент Садыр Жапаров Атамбаевдин дооматтарына жооп берди" деген тема менен жарыялаган.

"Мен анын кайрылуусун окуган жокмун. Андай "былжырбай" кайрылууларды окуганга убактым деле жок. Басма сөз катчым оозеки айтып бергенинен уктум", - деген Жапаров.

Ал Атамбаевдин тушунда энергетика тармагы "сазга батканын", бул тармакта 2020-жылга чейин коррупция, уурулук схемалары болгонун, анын баары жоюлганын айтып, 2027-жылдан тарта кирише түшө баштай турганын дагы бир жолу кайталады.

"Жалпысынан 2020-жылдын октябрь окуясына чейин министрликтин карызы 137 миллард сом же 1,5 миллиард долларга жеткен. Бул деген сөз сазга тизесине эмес, кекиртегине да эмес, чекесине чейин батырган деген сөз. Энергосистемабыз банкрот болуп калган. Энергокомпаниянын кызматкерлерине банктан үстөгү менен кредит алып, эмгек акы берип калат деген эмне деген маңкуртчулук. Мындай жорукту дүйнөдө эң артта калган мамлекеттер деле кылбаса керек", - деген президент.

Садыр Жапаров майнинг темасына да токтолуп, өлкөдө эки эле майинг ферма иштей турганын, экөө тең өз көзөмөлүндө экенин белгилеген:

"Бирөө Кеминде, экинчиси Камбар-Ата-2де. Кеминдеги "Соларкоин" майнинг фермасы 30 МВт менен 2023-жылдан бери иштеп келе жатат. 100 пайыз Орусиядан Казакстандын КЕГОК компаниясы аркылуу импорт транзит кылып келип иштетет. Баары ачык көрүнүп турат", - деп белгилеген Жапаров.

Алмазбек Атамбаевге Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев да атайын жооп берген. Ибраев жергиликтүү басылмаларга маек куруп, Атамбаевдин тушунда деле өлкө коңшулардан электр кубатын сатып алып турганын билдирген.

Министр энергетикалык объектилер сапатсыз жана кымбат баада ремонттолгонун, эки жыл импортсуз жашоого мурдагы бийлик эмес, ал кездеги табият себеп болгонун айткан.

"2017-2018-жылдары кар жана жаан көп жаагандыктан, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 19,6 куб метрге чейин көбөйгөн. Бул запас кийинки жылга чейин жетип, ошол мезгилде өлкө чындап эле эки жыл импортсуз жашаган. Болгон ийгилиги ошол. Бирок бул да жаратылыш шартынын убактылуу натыйжасы болгон", – деген Таалайбек Ибраев.

Ал Атамбаевдин учурунда бир дагы ГЭС курулбаганын кошумчалаган.

Быйыл 1-ноябрдан бери өлкө боюнча электр кубатына чектөө киргизилген. Эртең мененки жана кечки убактарда калкка берилген 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн. Бийлик калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып жатат.

Алмазбек Атамбаев 2023-жылдан бери Испанияда жашап келет. Ал 2011-2017-жылдары Кыргызстандын президенти болуп турган. 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылдын 14-февралында абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери Кыргызстанга келе элек. Атамбаев быйыл июнь айында "Кой-Таш иши" боюнча сыртынан 11,5 жылга соттолгон. Мындан тышкары, ал кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотуу боюнча "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылган. Бирок жазадан иштин мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн бошотулган.

Атамбаев сот чечимдерин сынга алган. Ал эми бийлик соттордун ишине кийлигишпегенин билдирген.