You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Диний фанатизм": Паранжы менен сакалга Борбор Азияда эмнеге каршы болууда?
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Кыргызстанда паранжы кийүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул демилге коомду көптөн бери кабатыр кылган маселеге дал тийгендиктен, абдан курч талкуулар дүрт этти. Сакал менен паранжыны жактаган диний фанаттар менен улуттук каада-салты сактоого чакырган жарандар ар кими өзүнүн чындыгын далилдөө үчүн бардык күчү менен күрөшкө аттанды.
Жогорку Кеңештин депутаты Ш.Мажитова сунуштаган мыйзам долбоордо бетин жаап жүргөндөр менен узун сакал койгондорго акчалай айып салуу же 30-40 саатка коомдук иштерге тартуу каралган.
Долбоор инсандыкты идентификациялоону чектөөчү паранжаны коомдук жайларда кийүүнүн мамлекеттик органдар тарабынан алдын алуу жана тыюу салуу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
"Мыйзам долбоору диний ынанымдарды урматтоо менен коомдук коопсуздукка болгон муктаждыктын ортосундагы тең салмактуулукту түзүүгө багытталган. Ал жарандык эркиндиктин негизги принциптерин жана коомдук коопсуздуктун жана коомдук жайларда инсандыкты идентификациялоо эрежелерин сактап, диний ынанымдарын көрсөтүү укугун эске алуу менен калктын түрдүү топторунун гармониялуу жанаша жашоосуна багытталган", -деп айтылат долбоордун негиздемесинде.
Кыргыздардын салтында кыздар, аялдар эч качан паранжы жамынган эмес. Жаш жигиттери узун сакал койгон эмес. Кийинки убакта көчөдө бетин жаап оронуп-чулганып же узун сакал коюп алган жаштар жергиликтүү элдин көзүнө өөн көрүнүүдө. Депутат Шарапаткан Мажитованын демилгеси ушундай коомдук кабатыр маанайдан келип чыгууда.
"Капкара болуп паранжы жамынгандар өтө көбөйүп баратат. Мен аларды жоолук салынбасын дебейм, салынсын, бирок бетин чүмкөп алуу бул кооптуу, коопсуздукка таасирин берет. Мен мурда да айткан элем дин башкармалыгына. Катуу тапшырма берип, мамлекеттик чара көрбөсө болбой калды",-дейт демилгечи депутат.
Бул маселеде депутат менен коопсуздук органдарынын көз карашы дагы дал келүүдө. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жакында эле сүйлөгөн сөзүндө "уюшкан күчтөрдүн элдик үрп-адатты, каада-салты башка жакка бурууга аракет кылган диний фанатизмине" каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды:
"Жашыруун эмес, азыр ата-бабабыз туткан салттуу ислам динден өзгөчөлөнүп, динибиздин жаңыланган, бурмаланган эреже-талаптарын чыгарышып, ар түрдүү, коомго терс кийим-кечектерди кийишип, диний фанатизмдин салттуу исламга туура келбеген жорук-жосунун жасап жаткандар аз эмес. Шалбыраганды кийип, 20-25тердеги балдарыбыз сакалдарын киндигине чейин түшүрүп алган болгон эмес. Сакал койбо деп эч ким айтпайт, тартиби менен койгула. Жоолукту салынгыла, арам адаттардан арылгыла, жакшынакай жүргүлө, бирок башка элдердин, башка диинй агымдардын үрп-адатын бизге алып келбегиле".
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өз кезегинде бул долбоорго каршы мамилесин билдирди. Анын билдирүүсүндө аялдар шариат боюнча колу-бутун жана бетин ачык алып жүргөнгө уруксат берилери, ал эми калган бөлүгү аурат болуп саналып, хиджап менен жабылышы керектиги айтылат.
"Кээ бир аялдар бетин никаб менен жаап алууда, бул алардын чечими. Бирок никаб (паранжа) милдеттүү эмес, бул мустахаб",-деп айтылат муфтияттын түшүндүрмөсүндө.
Ал эми сакалга келсек, муфтият бул сүннөт, сакал таза кармалып, жарашыктуу болушу керек дейт.
Эл ичинде паранжы менен сакалга каршы маанай менен катар аларды тыйып, айып салуунун кереги жок, 21-кылымда ар ким каалагандай кийиниши керек деген көз караштагылар да бар.
Долбоорду сунуштаган депутаттын жүйөсүндө бул мыйзам долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык же коррупциялык кесепеттерге алып келбейт жана конституциялык ченемдерди жана эл аралык стандарттарды сактоо принциптерин эске алуу менен иштелип чыккан.
Укук боюнча адис Таттыбүбү Эргешбаева бул долбоорго өзүнүн укуктук корутундусун бөлүшүүдө. Анын айтымында, сакалда кеп жок, бирок жүздү көрсөтпөй чүмкөнгөн кийимден адамды тааныш мүмкүн эмес:
"Ар кандай массивдүү сакал жүздү идентификация кылганга тоскоол болбойт. Ошондуктан бул норманын эркектерге тийиштүү бир бөлүгүн алып салса болот. Ал эми паранжыга келсек же никабды алсак, алар чынында эле жүздү идентификация кылганга мүмкүнчүлүк бербеген кийимдер. Ал эми хиджапка жол берсе болот. Мыйзамдын негиздемесинде бул коомдук жайларда жарандын жүзүн идентификация кылганга мүмкүнчүлүк бербеген кийимдерге тийиштүү экени жазылган".
Өзбекстан: сакалчандарга каршы рейддер
ЖК депутаты Шарапаткан Мажитова паранжы менен узун сакалга каршы долбоордун идеясын Өзбекстандан алып жатканын ачык эле айтууда.
Өзбекстанда мыйзам боюнча коомдук жайларда диний уюмда иштегендердин башкаларынын баарына диний кийим менен жүрүүгө тыюу салынган. Ошондой эле кээ бир окуу жайларда окуучуларга жана студенттерге хиджап кийүүгө да уруксат жок.
Ташкентте рейд жүрүп, сакалчан он адам кармалып, 15 суткага камалды деген кабарлар байма-бай чыгып турат.
Ал эми 2019-жылы Фергана областында аким кеңешмеде укук коргоо органдарынан сакалчан адамдарды кармап, сакалын кырып-кыркып салууну ачык эле талап кылган.
Көп чектөөлөр өлкөнү Ислам Каримов башкарып турганда эле киргизилген. 1999-жылы Ташкентте болгон теракт, 2005-жылы Анжияндагы нааразылык окуяларынан кийин диний топторго кысым күчөгөн. Сакал койгондорду көчөдөн кармап кетип камап коюу демейки эле көрүнүш болчу. Азыр бийлик алмашканда бул талап мурдагыдай катаң эмес, бирок дагы деле бар.
"Азыр сакал койгон адамдар беймарал эле жүрөт, аларга тийишпейт. Бирок кээ бир учурда милиция жактан рейд өткөзүп камаган учурлар бар. Өткөн жылы болду, "Малика" деген соода борборунда рейд болуп, сакалчандарды кармап, сакалын алып туруп чыгарышты",-деди Ташкенттеги журналист Төлөнбай.
"Быйыл мыйзамга кошумча киргизишти. Эгер жүзүн тоскон болсо, аны тааныганга мүмкүнчүлүк болбосо, ошондойлорго каршы чара колдонулат. Оронуп жүргөн болсо жүрө берет, эгер тосуп чүмкөнүп алса болбойт".
Тажикстан: сакалчандарга Рахмон биринчи каршы
Тажикстанда дагы мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда хиджап менен жүрүүгө тыюу салынган.
Бийлик мусулман кийимдерин кийип жүрүүгө башынан эле каршы болчу, ал эми 2017-жылы аялдарга хиджаб менен нике кыйуу жайларына кирүүгө таптакыр тыюу салынды.
Узун сакалчан эркектер да көчөдө эркин баса албайт. Сакалчандарга президент Эмомали Рахмон өзү каршы чыгып келатат. Ал сакал мусулманчылыктын белгиси эмес деп белгилеп, жаратканга тышкы атрибуттар менен эмес жүрөктөн таазим кылууга чакырган.
2015-жылы Хатлон областында 13 миң эркектин сакалын кармап туруп күчкө салып кырылып-кыркылганы кабарланган.
Африка, Европа...
Дүйнөнүн кээ бир өлкөлөрүндө террорчулар паранжы кийип алып жүрүшү мүмкүн деген негизде аны коопсуздукка коркунуч катары карайт. Африканын Чад, Габоне жана Конго-Браззавиле, Камерун өлкөлөрүндө паранжыга тыюу салынган.
Чадда 2015-жылы баш калаа Нджаменде паранжы кийген жанкечти жардыруу жасап, 33 адам каза тапкан.
2010-жылы Франция эркектер менен аялдарга коомдук жайларда бетин жаап жүрүүгө тыюу салган Европадагы биринчи өлкө болуп калды.
Францияда беш миллион чамал мусулман жашайт, бул Батыш Европадагы эң ири мусулман диаспорасы. Алардын болжол менен эки миң аял паранжы кийип жүрөт.
Бельгия Франциянын жолуна түшүп, 2012-жылы коомдук жайларда адамды тааныганга тоскоол кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салган.
Ал эми Түркияда аялдар коомдук жайларда хиджаб кийип жүрө алышат, бирок дене менен бетти бүтүндөй жаап чүмкөнүп алуу мыйзамсыз.