You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Күнгө катуу ысысын деп... АКШ менен Мексиканын чек арасындагы Трамптын дубалы кара түскө боёлот
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Си орус Кызматы
АКШ менен Мексиканын чек арасындагы Трамптын бийик дубалы толугу менен кара түскө боёлот. Мындан улам ал көбүрөөк ысып, үстүнөн секирип же ашып өтүүгө аракет кылгандар үчүн дагы да кыйыныраак болот.
Дубалды кара түскө боё пландары жөнүндө журналисттерге ички коопсуздук министри Кристи Ноэм Нью-Мексико штатындагы чек ара пунктарынын биринде билдирди.
"Бул дубалдар бийик, андан ашып өтүү аябай оор, дээрлик мүмкүн эмес. Пайдубалы жерге терең орнотулган, ошондуктан анын астынан туннель казуу дагы кыйын. Биз аны кара түс менен сырдаганы жатабыз", – деди Ноэм.
"Президент муну атайын суранды. Бул аймак катуу ысыйт. Эгер дубалдар кара түскө боёлсо, ал дагы катуу ысыйт. Аларды ашып өтүүгө аракет кылгандарга чоң түйшүк жаралат", – деп түшүндүрдү ал.
Associated Press басылмасынын билдирүүсүнө ылайык, Ноэм журналисттердин алдында сөз сүйлөп жатып, колунда боёк валигин кармап турган.
АКШнын чек ара көзөмөлдөө башчысы Майк Бэнкс кара боёк дубалды дат басуудан да коргой турганын кошумчалады.
Дональд Трамп бул тууралуу ой-пикирлерин президенттиктин биринчи мөөнөтүндө эле айтып келген. Ал кезде буга кеткен чыгым ар бир милясына 1 миллион доллар деп бааланган.
Расмий бийлик дубалды сырдоону анын көрүнүктүү жана кызмат мөөнөтү узагыраак болушу үчүн зарыл деп түшүндүп келген.
"Дубалды кара түскө боёонун максаты жана себептери канчалык өзгөрсө да, өзгөрбөй калган бир эле нерсе бар – бул президенттин бул боюнча каалоосу", – деп айткан ошол учурда CNN телеканалына АКШнын Коопсуздук министрлигинин мурдагы кызматкери.
Ноэмдин айтымында, дубалды куруу ылдамдыгы күнүнө болжол менен жарым миляны (800 метрди) түзөт. АКШ менен Мексиканын чек арасынын узундугу дээрлик 2 миң миляны (3218 чакырым) түзөт.
Быйыл жайында кабыл алынган Трамптын "чоң жана кооз мыйзамында" дубалды куруу үчүн 46 миллион доллар бөлүнгөн.
Нью-Мексикодогу маалымат жыйынында Ноэм чек арага байланыштуу башка демилгелер тууралуу дагы учкай сөз кыла кетти. Алардын арасында, Рио-Гранде дарыясынын боюдагы инфраструктураны кеңейтүү, ошондой эле кыймыл сенсорлору менен жабдылган камераларды орнотуу иш-аракеттери бар.
Дональд Трамп кайрадан президенттик кызматка келгенден бери чек арадагы мигранттарды кармоо кескин азайды. Июнда 6 миң, июлда болсо 4,6 миң адам кармалып, бул көрсөткүч трекорддук деңгээлде төмөн болду.
Бул өткөн жылга салыштырмалуу 92% аз. АКШны Жо Байден башкарып турганда, кармалгандардын саны күнүнө 6 миңге чейин жетчү.
Буга чейин август айында Ноэм Трамптын президенттигинин алгачкы 200 күнүндө өлкөдөн 1,6 миллион документсиз иммигрант чыгып кеткенин айткан. Бирок алардын канчасы өлкөнү өз ыктыяры менен таштап кеткенин, канчасы депортацияланганын тактаган эмес.
Ошол эле маалда Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэройлайн Ливитт январдан бери Америка аймагында 300 миң мыйзамсыз иммигрант кармалганын билдирген.
Криминалдык чөйрөгө аралашкан мигранттар биринчи кезекте депортацияланып жатканын президенттин администрациясы айтып келет.
Бирок иммиграциялык адвокаттардын айтымында, кылмыш чөйрөгө аралашпаган жана майда ээнбаштык кылгандар дагы бул өнөктүккө кабылууда.
АКШ менен Мексиканын чек арасындагы бейбаштыктын кескин азайышына ал жактагы күзөт күчөтүлүп, массалык депортациялоо иш-аракеттери себеби болгонун Ак үй айтып келет. (КВ)