"Акчага жазылган дипломдук иш": академиялык формалдуулук жана билимге болгон ишеним

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Диплом

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Соңку жылдары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында академиялык формалдуулук калыптанып, студенттер арасында жөн гана диплом алуу негизги максатка айланып калганы айтылып келет. Ошол эле курстук жана дипломдук иштерди даярдап берүү кызматтары дагы кеңири жайылганы маалым. Мындай кадам жогорку билимдин наркын төмөндөтүп, адистик деңгээли жетишсиз кадрлардын көбөйүшүнө алып келип жатканын айткандар жок эмес. Бул көрүнүш үчүн ким жооптуу деген суроо жаралат. Билим берүү системасыбы? Жогорку окуу жайларыбы же коом өзүбү?

"Презентациядан бери даярдап беребиз"

Окуу жылы аяктап калгандыктан, учурда жогорку окуу жайларынын студенттери курстук жана дипломдук иштерди жазуу менен алек.

Мындан улам социалдык тармактарда мындай кызматтарды сунуштаган жарнамалардын саны кескин көбөйгөнү байкалат. Ар кандай аккаунттар өз кызматтарын ачык жарыялап, тез жана сапаттуу иш аткарууга кепилдик беришүүдө.

Кызмат сунуштаган компаниялардын бирине байланышка чыккан учурда, алардын өкүлү бардыгын айтып берди.

Маалыматка караганда ар бир дипломдук иштин баасы татаалдыгына жана кардардын койгон талаптарына жараша 25 миң сомдон жогору бааланат экен. Мындан тышкары, алар илимий диссертацияларды дагы жазып бере турганын айтты.

Кызыгы, студенттер февралдан тарта эле дипломдук иштерге буйрутма бере башташкандыктан, адистер жетишпей жатканын кошумчалады.

"Мындан улам курстук иштерди азырынча албай жатабыз. Мамлекеттик тилде жазган адистерибиз дагы бош эмес. Ар бир ишти кылдат карап, жактоо мөөнөтүнө чейин даярдап беребиз. Көпчүлүк маалыматты интернеттен алабыз. Ар бир бөлүмдү жазып бүткөндөн кийин буйрутма берген кишиге көрсөтөбүз. Ал куратору менен кеңешип, жарайт дегенде гана кийинки бөлүмгө өтөбүз. Презентациясын, ал жерде сүйлөй турган сөзүнө чейин даярдап беребиз. Жактап чыкканга чейин алардын жанында болобуз. Качып кетүү деген жок. Канча жылдан бери иштеп келе жатабыз баары ыраазы. 4-5 деген бааларды алып чыгып жатышат. Социалдык тармактардан окусаңар, биз тууралуу абдан жакшы пикирлер жазылган",- деди маалымат берген адис.

Гүлзат (аты өзгөрдү) Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде 3-курстун студенти. Ал бир жылдан ашык убакыттан бери башка студенттердин курстук иштерин жазып берип, кошумча киреше табат.

Айтымында, теманын татаалдыгына жараша ар бир курстук иш 1000 сомдон 1500 сомго чейин бааланат.

"Мага кайрылгандар абдан көп. Азыр студенттердин көбү окууга келбейт, иштеп кеткен. Мисалы, биздин группада 25 студент болсо, анын болгону 6-7си гана келет. Калгандары курстук иштерин буйрутма берип жаздырат. Калган сабактарды кантип бүтүрөрү айтпасак деле белгилүү да",- деп жылмайды ал.

"Коом өзгөрдү, темалар дагы өзгөрүшү керек"

Мырза Каримов

Сүрөттүн булагы, University of Central Asia

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Билим берүү тармагы боюнча адис Мырза Каримов учурда жогорку окуу жайлардын көбүндө окутуучулар билим берүүгө кайдыгер мамиле кылып калганын айтып, бул абал академиялык деңгээлге түздөн-түз терс таасирин тийгизип жатканын баса белгиледи.

Айтымында, курстук жана дипломдук иштерди даярдоодо жогорку окуу жайлар дале эски, формалдуу системадан арыла элек.

"Бизде дипломдук же курстук иш жазууда темалар жыл сайын кайталана берет. Бирок мындай болбошу керек. Башка мамлекеттерде студент менен окутуучу чогуу отуруп, талкуулашат. Теманы тандоодо экөөнүн кызыкчылыгы төп келгенде гана дипломдук иш жазууга өтөт. Бизде жетекчи символикалык түрдө гана дайындалат. Кандидаттык же доктордук диссертациялар дагы ушундай эле ыкма менен жазылган учурлар көп. Студент болсо жер төлөгө кирип, бирөөгө акча төлөп жаздырып келет. Мугалим студент менен иштешкиси дагы, өзүнүн комфорт зонасынан чыккысы дагы келбейт",- дейт ал.

Каримовдун айтымында, дипломдук иш жөн гана формалдуулук эмес, илимий изилдөө жүргүзүүнү үйрөткөн маанилүү тажрыйба болушу керек. Бирок азыркы система муну камсыздай албай жатат дейт ал:

"Бул илимий иш. Аны жазуу үчүн эки тарап тең толук катышышы керек. Кайсы булактар колдонулду? Аларды кантип анализдөө керек? Окутуучу студентке так түшүндүрүүсү маанилүү. Дипломдук иштин негизги максаты студентке изилдөө жүргүзүүнү, илимий логика менен ой жүгүртүүнү үйрөтүү. Бирок азыркы шартта ЖОЖдор дале калыптанып калган эски система менен иштеп жатат. Коом өзгөрдү, демек темалар да өзгөрүшү керек".

Эксперт дипломдук иш же курстук иш жазууда анын темасын эле эмес, жазуу форматын дагы жаңылоо учур талабы экенин айтат.

"АКШ сыяктуу өлкөлөрдө академиялык иштерди жазуу боюнча сабак мектептен баштап окутулат. Бизде андай эмес. Академиялык иштерди жазуу боюнча атайын курстар дагы жок. Илимге инновациялык мамиле жасалышы керек. Кээде мугалим өзү эле "акча берсең, даяр дипломдук иш берем" деп сунуштайт",- деди ал.

Мырза Каримов бул көйгөйлөрдүн тамыры тереңде экенин белгилеп, жогорку окуу жайларда реформа болбой жатканын кошумчалады.

"Жогорку окуу жайлары билим берүүнү эмес, финансылык булакты гана карап калышты. Студент контракт төлөсө эле болду. Ал окуйбу, окубайбы эч ким университеттен чыгара албайт,- деди адис.

Каримов көйгөйдү чечүүнүн негизги кадамдарынын бири катары жогорку окуу жайларды каржылоо маселесин көтөрдү.

"Улуттук" деген макам алган окуу жайлар бар. Бирок макамы болгону менен башка университеттерге салыштырмалуу ал жакта окутуучулардын айлыгы абдан аз. Макам менен кошо кошумча колдоо каралган эмес. Эгер мамлекеттин каржылык мүмкүнчүлүгү жетишпесе, анда эл аралык донорлорду тартуу керек. ЖОЖдорду көңүл сыртында калтыруу туура эмес,"- деди ал.

Ошондой эле окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу иштерин күчөтүп, чет өлкөдө тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн жолго коюу керек деген пикирин билдирди.

Андан тышкары билим берүү системасындагы башкаруу ыкмалары совет доорунан калган эски тартипте иштеп жатканын айтып, заманбап жана натыйжалуу башкаруу моделдерин киргизүү зарылдыгына токтолду.

"Жаңы деңгээлге чыгып жатат"

Билим берүү министрлиги

Сүрөттүн булагы, Official

Билим берүү министрлигинин өкүлү Айнура Исираилованын айтымында, Кыргызстандын жогорку окуу жайлары акырындык менен жаңы деңгээлге чыгып жатат.

"Айрым окуу жайлар Азия чөлкөмүндөгү QS рейтингине кире баштады. Бүгүнкү күндө 11 жогорку окуу жай өзгөчө макам алып, финансылык автономияга ээ болду. Бул аларга билим берүү стандарттарын өз алдынча иштеп чыгып, ошол негизде окутуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мындан тышкары, алар башка мамлекеттердин университеттери менен келишим түзүп, академиялык мобилдүүлүктү камсыздай алышат. Студенттерди чет өлкөгө жиберүү укугуна дагы ээ",- деди ал.

Айтымында, окуу жайлар билим берүүдө жаңы ыкмаларды киргизүүгө аракет кылууда. Экзамен алууда мамлекеттик комиссия мурункудай билет аркылуу гана эмес далилдик базалардын негизинде студенттин жөндөмүнө, көндүмүнө карап баалоонун жаңы формаларын колдонууда.

Ошондой эле ал билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында атайын иш-чаралардын планы бекитилгенин кошумчалады.

"Коррупция менен системалуу түрдө күрөш жүрүп жатат. Мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн быйыл ар бир жогорку окуу жайда Face ID системасын милдеттүү түрдө киргизип жатабыз. Бул система аркылуу студенттин окууга катышканын же катышпаганын так көрүүгө болот. Мындан тышкары, мамлекеттик экзамендер же дипломдук иштерди жактоо учурунда аудиторияларга видео көзөмөл орнотуу талаптары дагы коюлду. Эми бардык процесс ачык-айкын жүргүзүлөт",- деди Исираилова.

Адис жогорку окуу жайларда дипломдук же курстук иштерди сатып алуу фактылары азырынча каттала электигин белгилеп, технология өнүккөн доордо студенттер мындай жолго барууга кызыкдар эместигин айтты.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпы 89 жогорку окуу жайы бар. Анын 33ү мамлекеттик, 56сы жеке менчик, төртөө чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын филиалдары.