"Геосаясий кырдаал өзгөрдү". Орусия украин тилине кантип тыюу салып жатат?

Мектеп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Наталья Патрикеева
    • Role, Би-Би-Синин Украин кызматы

Орусиянын Билим берүү министрлиги Украинанын оккупацияланган аймактарындагы мектептерде украин тилине толугу менен тыюу салууну көздөп жатат. Жаңы окуу жылынан тарта Орусия башталгыч жана орто мектептердин жалпы билим берүү программаларынан украин тилин алып салууну пландоодо. Бул маалымат министрликтин сайтындагы буйруктун долбоорунда камтылган деп жазды орусиялык "Коммерсант" басылмасы.

Документте 2023-2024-окуу жылында украин тили Запорожье жана Херсон облустарынын аймактарында гана "эне тили" катары милдеттүү түрдө окутулуп келгени айтылат. Бул аймактарды Украина жана дүйнөнүн басымдуу бөлүгү азырынча убактылуу оккупацияланган деп эсептейт.

Белгилүү болгондой, 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып эле Запорожье менен Херсондун оккупацияланган аймактарында мектептерде украин тилин үйрөнүү милдеттүү болбой калган. Ата-энелерге балдары орус же украин тилин эне тили катары тандап алуу сунушталган.

Аннексияланган Крымда жана Донецк менен Луганск облустарынын басып алынган аймактарында украин тили буга чейин эле ата-энелердин арызы менен гана окутулуп келген.

Эми бул мүмкүнчүлүк да алынат. Буйруктун долбооруна ылайык, жаңы окуу жылынан тарта убактылуу оккупациядагы аймактардагы балдарга украин тили такыр окутулбайт.

Документте анын себеби "дүйнөдө геосаясий кырдаалдын өзгөрүшү" деп көрсөтүлгөн.

Орусиянын бул буйругу 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта убактылуу оккупацияланган аймактарда күчүнө кириши керек.

Украин билим берүүсүн кантип сүрүп чыгарышты

2023-жылы Украинанын "Детектор медиа" басылмасы Орусиянын мамлекеттик "РИА Новости" агенттигине шилтеме берип, 2023–2024-окуу жылында убактылуу оккупацияланган Запорожье облусунун аймагындагы окуучулардын 46 пайызы украин тилин үйрөнүүнү тандаганын жазган.

Оккупацияланган аймактарда орус окуу программасы боюнча билим берүү 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып эле башталган. Бирок, көптөгөн мектеп окуучулары украин мектептеринде онлайн режиминде окууну улантып, аны ачыкка чыгарбоого аракет кылышкан.

2024-жылы Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму баяндамасында оккупациялык бийлик балдары украин окуу программасы боюнча аралыктан билим алып жаткан ата-энелерди коркутуп-үркүтүүгө чейин барганын айткан.

Оккупацияланган аймактарда орус окуу программасы боюнча билим берүү 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып эле башталган.

Сүрөттүн булагы, BBC/Getty Images/Ангеліна Корба

"Орусиянын бийлиги украин программасы боюнча аралыктан окутууга катышкандарды жазалап келишкен. Ата-энелер балдарын "орус мектептерине" жаздырбаса же украин программасы менен аралыктан окууну уланткан болсо аларды айып пулдар, балдарын тартып алуу жана камакка алуу менен коркутушкан",- деп айтылат баяндамада.

Ольга (аты өзгөртүлдү) Херсон облусунан бир нече апта мурун чыгып кеткен. Ал 2022-жылдан бери дистанттык түрдө окуп келгенин айтат.

"Бизге келип, мени орус мектепке бар дешти. 9-классты аяктаганымды маалымдап, ал жактан окуунун кереги жок экенин айттым",- деди кыз.

Чындыгында ал 11-класска чейин украин мектебинде онлайн окуган. Окуусун аяктагандан кийин оккупацияланган аймактан чыгып, Украина көзөмөлдөгөн аймакка улуттук тест тапшыруу үчүн жол тарткан.

Орусиянын аткылоосунан талкаланган Херсондогу мектептердин бири

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын аткылоосунан талкаланган Херсондогу мектептердин бири

Украин тилинин ордуна...

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошол эле учурда Орусия бийлиги орто мектептерде "агротехнологиялык профилдеги" класстарды түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга аракет кылып жатышат.

"Агротехнологиялык профилди киргизүүдөгү өзгөртүүлөр агротехнологиялык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүү менен шартталган. Анын ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын муктаждыктарын эске алуу менен алардын базасында адистештирилген агрокласстарды түзүү жөнүндө Россия Федерациясынын президентинин 2024-жылдын 18-апрелиндеги № Пр-757 буйругун аткаруу милдети турат",- деп жазылган документте.

Адам укуктарын коргоочу, Стратегиялык изилдөөлөр жана коопсуздук институтунун директору Павел Лисянскийдин айтымында, "ДНР" жана "ЛНР" деп аталган аймактарда украин тилин тыюу 2016-жылдан эле башталган.

"Ошол кездеги "МГБ" (Мамлекеттик коопсуздук министрлиги) балдар украин тилин үйрөнүүдөн баш тартып жатат деген арыздарды жаздыруу үчүн мектептерге жана ата-энелер комитеттерине басым жасашкан. Айрым мектептер каршылык көрсөтүүгө аракет кылышкан. Бирок 2017-жылдан баштап ал аймактардагы билим берүү толугу менен Орусия стандарттарына өткөн. ЕККУнун байкоочуларына болсо, "ата-энелер украин тилинен өздөрү баш тартууда" деп түшүндүрүшкөн", — деди Лисянский.

Орусиянын оккупациясында турган Донецк аймагындагы мектеп окуучулары, 2016-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын оккупациясында турган Донецк аймагындагы мектеп окуучулары, 2016-жыл

Орусия толук масштабдуу кол салууну баштагандан кийин, балдар украин тилин окуй беришет деп жарыяланган.

"Иш жүзүндө украин тилинде окуткан мугалимдер 2022-жылы дароо эле окутууну орус тилинде жүргүзүүгө аргасыз болушкан. Ошентип, ал жакта азыр украин тилин окуткан мугалимдер дээрлик калбай калды", - дейт Лисянский.

Ошол эле учурда, укук коргоочу Павел Лисянскийдин айтымында, россиялыктар украин тилиндеги китептерди жок кылып, мектептерге атайын предметтерди киргизишкен. Ал сабактар "Украина жана украин эли деген түшүнүк түп-тамыры менен жок" деген максатты көздөгөн.

"Алар балдарга бизди нацист, фашист, душман катары сүрөттөгөн идеологияны системалуу түрдө таңуулап жатса, анан кантип украин тилин окутушат?"- деди Лисянский.

Лисянский учурда орусиялыктар украин тилине расмий түрдө, мыйзам аркылуу тыюу салганын кошумчалады. Бирок иш жүзүндө, ал тил ансыз да мектептерде дээрлик окутулбай калган болчу.

Украинанын реакциясы

Украин тилине тыюу салууга биринчилерден болуп Украинанын Тышкы иштер министрлиги реакция жасады.

"Орус бийлигинин Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарындагы мектептерде украин тилин окутууга тыюу салуу чечимин Москванын геноциддик саясатынын кезектеги көрүнүшү катары баалайбыз", - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

ТИМ ошондой эле бул кадамды атайын жүргүзүлгөн орусташтыруу жана ассимиляция саясатынын бир бөлүгү катары сыпаттады. Башкача айтканда, башка элди жана улуттук иденттүүлүктү жок кылууга, маданиятын басмырлоого багытталган саясат экени айтылды.

Украин тилин коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Тарас Кремень бул чечимди "лингвоцид саясатынын дагы бир көрүнүшү" деп атады.

"Лингвоцид (лингвистикалык геноцид) — гуманитардык чөйрөдөгү эң чоң коркунучтардын бири. Ошондуктан мен дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет. Украин тили жана анын Конституцияда көрсөтүлгөн макамы согуш баштаган өлкө менен сүйлөшүүлөрдө соодалашуу же саясий компромисстин объектиси боло албайт",- деди Кремень.

Адам укугун коргоочулардын айтымында, Гаага жана Женева конвенцияларына ылайык, Россия украин тилине тыюу салуу менен эл аралык мыйзамдарды бузуп жатат.