Омикрон Кыргызстанда катталды. Анын симптомдору кандай?
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Кыргызстандын Чүй облусунда коронавирустун омикрон штаммы катталды.
Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
«Улуттук физиатрия борборунда коронавирустун штаммын аныктоо боюнча секвенирлөө жүргүзүштү. Үлгүлөр январь айынын башында Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаткандар арасында алынган жана эки бейтаптан омикрон-штаммы аныкталды», - деп билдиришти ведомстводон.
Бүгүн бир сутка ичинде COVID-19дун жаңы 465 учуру аныкталган. Өлкөдө акыркы беш айдан бери мындай көрсөткүч катталган эмес.
Өткөн аптада омикрон Казакстанда жана дем алыш күнү Өзбекстанда катталган.
Төртүнчү толкун башталдыбы?
Саламаттыкты сактоо министрлиги ковиддин жаңы учурдарынын көбөйүшүн жаңы жылдык майрамдарга жана эс алуу күндөрүнө байланыштырып жатат.
Бирок бүгүн министр Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну башталды деп билдирди.
Ал эми Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө департаментинин врач-эпидемиологу Султан Суранбаев коронавирус менен ооругандардын көбөйүшүн ырастап, бирок бул азырынча төртүнчү толкун деп айтууга эрте деп эсептейт.
"Биз азыр көрсөткүчтөрдүн өйдө-ылдый болуп жатканын гана байкап жатабыз. Ал эми толкун деп качан айтабыз? Качан гана сандар аябагандай көп болуп, 2020-жылдагыдай бир суткада 1950 учурга чейин катталганда болот. Азыр анчалык учурлардын массалык түрдө көбөйдү деп айта албайбыз",-деди Султан Суранбаев.
Симптомдору кандай?
Врач-эпидемиолог ошондой эле омикрон штаммынын өзгөчөлүктөрүн айтып берди. Анын айтымында бул түр дельта штаммынан 7 эсе бат таралат.
"Симптоматикасы боюнча дельта штаммына караганда жеңил өтөт. Көбүнчө сасык-тумоо же курч респираторлук оорулардын белгилериндей симптомдорго ээ",-деди Суранбаев.
Суранбаевдин айтымында, омикрондун негизги симптомдору:
- баштын катуу оорушу
- алсыроо, шалдыроо
- денедеги булчуңдардын, айрыкча бел булчуңдарынын оорушу
Ошондой эле түнкүсүн тердөө, чүчкүрүү, ашыкча чарчап-чаалыгуу дагы байкалат.
Омикрон жөнүндө эмне белгилүү?

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эки ай мурда коронавирустун аябай мутация болгон варианты аныкталган. Аны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) “тынчсызданткан вариант” деп белгилеп, ага тез эле “Омикрон” деген аталыш ыйгарган.
Коронавирустун омикрон варианты алгач Түштүк Африка Республикасында катталган. Ошол эле учурда бул вариант дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүнөн дагы чыккан. Алар Африка континентинен келген жүргүнчүлөр менен байланыштырылып жатат.
ДСУнун айтымында, башка варианттарга караганда омикрондун жугуштуулугу жогору.
ДСУ коронавирустун мурдагы варианттарын грек тамгалары менен “альфа”, “бета” деп атаган сыяктуу эле мунусун да “омикрон” деп атады.Азырынча так тыянак чыгарууга эрте, бирок адамдардын тынчын алган белгилер эбак эле пайда боло баштаган.
Көптөгөн маалымат боштугуна карабастан бул вариант чоң тынчсыздануу жаратып жатат. Ага жакындан көз салып турууга керек болууда. Пандемиядан алган бир сабагыбыз бар: бардык суроолорго жооп алыш үчүн аягына чейин күтүп тура албайбыз.
Омикрон менен башка варианттардын эмне айырмасы бар?
Омикрон дүйнөнү чочутуп жаткан себеби бул вирус Кытайдын Ухан жергесинен чыккандан бери болуп көрбөгөндөй өзгөрүүгө дуушар болгону. Демек, түпкү вариантын колдонуу менен жасалган вакцина анчалык деле таасирдүү болбой калышы ыктымал.
Коронавирустун башка варианттарынын мутацияларынан мурда байкагандарыбыз омикрондун ролу жөнүндө аз да болсо маалымат берет.
Омикрон вариантында мурда байкалган жана байкалбаган ар түрдүү мутацияларды камтыйт.
Эң эле орчундуусу вирустагы учтуу протеиндерде. Коомчулуктун көңүлүн бурган да, көптөгөн вакциналардын көздөгөнү дагы ошол.
Омикрондо “учтуу ген ылгоо” катары белгилүү болгон бөлүгү кадимки тесттерде оңой эле вирустун бар же жок экенин аныктоого жардам берет.
Бирок “учтуу ген ылгоолордун” баары эле омикрон дегенди билдирбейт. Аны так экенин билүү үчүн геномдордун иретин дагы толугу менен карап чыгуу керектелет.
Мурда коронавирус варианттарынын документтерде коркунучтуу көрүнгөн көптөгөн мисалдар болгон. Айталы, “бета” варианты жылдын башында адамдардын тынчын алган маселеге айланган эле. Анткени ал иммундук системаны айланып өтө алганын көрсөткөн. Бирок кийин дүйнөнүн үшүн алган жана тез тараган вариант “дельта” болуп калды.

Ковид вакциналары Омикрондон коргошу керек дейт ДССУ

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) расмий өкүлү билдиргендей, учурдагы вакциналар Омикрон вариантын жуктуруп алган адамдарды дагы коронавирустун оор учурларынан коргошу керек.
ДССУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Доктор Райан Франс Пресс агенттигине: "Ооруунун оор өтүшү жана ооруканага жаткыруу жагынан алып караганда, бизде ушул убакка чейин бардык варианттарга каршы натыйжалуулугун далилдеген вакциналар бар. Омикрон менен башкача болот дегенге эч кандай негиз жок" – деди.Анын айтымында, алгачкы маалыматтар боюнча, Омикрон адамдарды коронавирустун Дельта же башка түрлөрүнө караганда катуу ооруткан жок. "Өзгөрүүлөр болсо дагы, оору жеңил жагына тартып калды", - дейт ал.












